Ливиядагы күрөш регионалдык согушка себеп болобу?!

264
0

Ливиядагы күрөш регионалдык согушка себеп болобу?!

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы эң кооптуу күрөштөрдүн бири бүгүн Ливияда болуп жатат. Анын эң кооптуулугуна себеп – бул регион стратегиялык мааниге ээ о.э. Мисирге жакын болуп, Түндүк Африкадагы бир нече мамлекеттердин ортосунда жайгашкан. Бул мамлекеттердин бири – Алжир. Ошону менен бирге, Ливия көптөгөн табигый байлыктарга, негизинен, нефтиге бай. Экинчиден, бул региондо, айрыкча, 2011-жылдагы козголоңдон кийин мамлекеттер аралык саясий күрөш жүрүүдө жана бул күрөштө эл аралык жактан бир канча мамлекеттер катышып жатат, негизинен АКШ жана Европа мамлекеттери. Бул күрөштүн кооптуулугун дагы да күчөтүп жаткан нерсе – бир нече мамлекеттер менен бирге Фарс Булуңунун мамлекеттери да аскерий жактан аралашып жатат. Бул күрөш дагы да күчөп, келечекте ушул мамлекеттер ортосунда тутанган регионалдук согушка айланышы мүмкүн.

Бир нече расмийлер Ливияда өз ара чатакташып жаткан топтордун ортосундагы бул күрөш кооптуу регионалдык күрөшкө айланышынан, ал бир нече кошуна мамлекеттерге да тутанып кетишинен эскертти. Мисалы, 2019-жылы 23-декабрда «Вашингтон пост» гезитинде жарыяланган «Россиянын Ливияга аралашуусу регионалдык согушка себеп болот» деген макалада мындай делет: «Орус жалданма аскерлеринин Ливиянын чыгышын көзөмөлдөп жаткан армия командачысы Халифа Хафтарга берип жаткан жардамы бир катар окуяларга себеп болду. Мисалы, орустардын жардамы борбор Триполини ээлөөгө багытталган согушту чыгарып, региондо географиялык жана идеологиялык о.э. нефть жана газ запастарына байланыштуу согушту козгошу мүмкүн». 2020-жылы 4-январда Ливия парламентинин депутаты Саид Имгиб Түркиянын аралашуусунан эскертип мындай деди: «Эми, бул маселе Ливия калкына гана тиешелүү эмес. Анткени, түрк парламенти муну макулдаганда бул маселе бүткүл дүйнөгө байланыштуу нерсеге айланды. Алардын бул иши кошуна мамлекеттердин жана Жер ортолук деңизге чектеш башка мамлекеттердин улуттук коопсуздугуна кооп-коркунуч болуп эсептелет». Араб Мамлекеттери Лигасына келсек, ал да түрк парламентинин токтому артынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Мындай аскерий кескиндик ал жердеги кризисти дагы да күчөтүүдө… бүтүндөй регионго, Жер ортолук деңиздин коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч туудурууда», – деди. Лига «Ливияга коопсуздукту жана туруктуулукту кайтаруунун жалгыз чечими саясий чечим экенин» баса белгиледи.

Ливиядагы күрөштү чечүүнүн маселеси Ливиянын гана маселеси эмес. Максат Ливияга гана өкүмдар болуу да эмес. Бул жерде эл аралык саясатта активдүү ири мамлекеттердин, айрыкча, АКШнын көздөгөн максаттары бар. Ал бүткүл Түндүк Африкага өкүмдар болууну о.э. Ливия аркылуу регионго кирүүнү көздөп жатат. Арийне, ушул региондо узак жылдардан бери өкүмдар болуп келген Европанын, өзгөчө, Британия жана Франциянын таасирин төмөндөтүү көздөлгөн.

Мисир менен Алжир да бул күрөштүн кооп-коркунучунан эскертишти. Алар түздөн-түз болбосо да, күрөшкө аралашышты. Алжир чыр-чатакты чечүү үчүн конференция өткөрдү.

Алжир президенти Абдулмажид Таббун 2020-жылы 19-январда Берлинде өткөрүлгөн Ливияга багышталган конференцияда мындай деди: «Ливия кризисине чет мамлекеттердин аралашуусу о.э. Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдагандын Сириядан Ливияга террористтерди жана согушкерлерди жибериши өлкө кризисин дагы да татаалдатууга салым кошту. Алжир менен Ливандын чектешкен аймагы миң километрге жетет. Ушул себептен улам, белгисиз тарапка ооп кетпөө үчүн жол картасын белгилөөгө чакырамын». Алжир Тышкы иштер министри Сабрий Букадим 2020-жылы 17-февралда «Билад» гезитине берген интервьюсунда чет элдиктердин Ливияга аралашуусу бул өлкөдөгү «өкүлдүк согушту» күчөтүп жатканын баса белгиледи. Сабрий Букадим: «Алжир өкмөтү ливиялык боордоштор ортосунда дагы бир сүйлөшүү жана жарашуу жыйынын өткөрүү демилгеси менен чыкты», – деди.

Мисир Тышкы иштер министрлиги 2020-жылы 2-январда жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Мисир Араб Республикасы Түркияны Ливияга аралашуудан жана анын акыбеттеринен эскертет. Мындай аралашуу Жер ортолук деңиз регионунун туруктуулугуна терс таасир кылат, буга толугу менен Түркия жоопкер болот. Түркиянын Ливияга аскерий аралашуусу бүтүндөй араб улуттук коопсуздугуна, өзгөчө, Мисир улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат. Бул болсо, бизди араб кызыкчылыктарын ушул коркунучтардан коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө үндөйт».

Белгилүү болгондой, Файз Сарраж премьер-министрлик кылып жаткан Ливия Вифак (келишүү) өкмөтүн эл аралык коомчулук моюнга алган. Ушул себептен улам, Америка да, башка мамлекеттер да ага ачык-ашкере душмандык кыла албай жатат. О.э. Америка өз малайы Хафтарды түздөн-түз колдоп-кубаттай албай жатат, Сисий жана Эрдаган сыяктуу башка малайлары аркылуу колдоп-кубаттоодо. Түркиянын Ливияга аралашуусу кудум анын Сирияга аралашуусуна окшойт т.а. Түркия Хафтардын пайдасына келечектеги саясий чечимдерди камсыздап жатат. Бул жөнүндө АКШ элчилигинин өкүлү Жошуа Харрис 2020-жылы 4-мартта Ливиядагы Вифак өкмөтүнүн ички иштер министри Фатхий Башага менен жолугушканда мындай деди: «Элчилигибиз Ливиядагы тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч туудурган адамдарга карата жаза колдонууга убада берет». Харрис Кошмо Штаттар ок атууну токтотууну камтыган Ливия аракеттерин колдоп-кубатташын о.э. өлкөдөгү бардык тараптар ортосунда тынчтык диалогдорду уюштурушун баса белгиледи. Өкүл АКШ элчилиги АКШнын №13726-буйругун толук аткарууну камсыздоо үчүн министр Фатхий Башага менен биргеликте аракет кылышын баса бегиледи. Бул буйрукта тынчтыкка, туруктуулукка жан коопсуздукка коркунуч салган адамдарга жаза колдонуу айтылган.

Европа өзүнүн өлкө ичиндеги жана сыртындагы тарапкерлери менен Ливиядагы «мыйзамдуу» Вифак өкмөтү АКШ өкүмдарлыгы жана саясий фитналары каршысында кулап жатканын көрүп бул абалга унчукпай турабы?! Кошуна мамлекеттер, айрыкча, Алжир Хафтар жана аны колдоп-кубаттаган кошуна мамлекеттер Ливияга өкүмдарлык кылып жатышканын жана өлкө келечегине коркунуч туудуруп жатканын көрүп сүкүт кылышабы?!

Ливиядагы күрөш эң кооптуу күрөштөрдүн бири, Шам жана Ямандагы күрөштөрдүн кооп-коркунуч жагынан кем эмес, ал тургай, андан да кооптуу. Ички тараптан да, эл аралык жана регионалдык жактан да колдоп-кубатталып жаткан бул күрөш өтө кооптуу регионалдык күрөшкө от коюшу, от өзгөчө Мисир менен Алжирге жайылып кетиши, анын жалынынан Тунис жана Марокко да зыян көрүшү ыктымалдан алыс эмес.

Ал эми, жүрөктөрүбүздү оорутуп жатканы – мусулман өлкөлөрүндөгү бул сыяктуу кандуу күрөштөр Батыштын, айрыкча, кафир христиан мамлекеттердин саясатына жана колонизаторлук максаттарга кызмат кылууда. Ошол эле убакта, яхудийлер Фалестиндин айланасында беймарал кезип, эгин таалааларды, адамдарды ойрон кылып, күнү-түнү бузгунчулук жайып, мубарек Акса мечитин тебелеп жатышат, бирок, Түркиянын Фалестинге жардам берүү үчүн аралашканын укпайсың.

Качанга чейин адамдар бул рувайбизаларга кул болуп сүкүт кыла беришет. Уммат мындай ыплас акимдерди кулатуусунун жана Аллах Азза ва Жалланын өкүмүн колдонуунун убагы келбедиби?! Аллах Азза ва Жалланын ушул аятында айтылгандай Уммат кайра адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматка айланбайбы?!

﴿كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾

«Адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер»              [3:110]

 

Роя гезити, №278, 2020-жыл, 18-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here