БУУ Кыргызстанга “жардам” берет

310
0

БУУ Кыргызстанга “жардам” берет

 Президент Сооронбай Жээнбеков 6-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугуп, өлкөдө түзүлгөн кырдаал жана  коронавирус жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

 Кабарда келишинче, жолугушууда өлкөдөгү  саламаттыкты сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу тармактарына, ошону менен катар чакан жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. БУУнун координаторунун айтымында, кыргыз өкмөтү менен биргеликте сегиз артыкчылык берилген багыт аныкталып иш алып барылууда. О.э. Озонниа  2 млрд АКШ доллары көлөмүндө Гуманитардык жардам кылуунун глобалдык планы жана «COVID-19» менен күрөштү каржылоо үчүн Экономикалык фонд түзүлгөндүгү тууралуу айтты.

Комментарий: Ансыз деле начар болгон Кыргызстан экономкасы дүйнөлүк дүрбөлөңгө айландырылган коронавирус пандемиясы себептүү ого бетер начарлап барууда. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-марттагы маалымат жыйынында коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл мамлекеттик бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экендигин билдирди. Эми кыргыз өкмөтү ошол дефицитти эл аралык уюмдардан жана банктардан карыз жана гранттарды алуу менен жаап, ансыз деле карызга батып болгон мамлекетти (элди) дагы да көбүрөөк карызга батырууда.

 Бүгүнкү күнгө чейин Азия Өнүктүрүү банкы Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 200 миң доллар бөлдү. Мындан тышкары, Эл аралык Валюта Фондунан 121 миллион доллар карыз алынды о.э. президент  Сооронбай Жээнбеков Евробиримдиктин төрагасынан жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү суранды.

 Баарыбызга белгилүү болгондой, эл аралык уюмдар менен банктар колонизатор капиталисттик түзүмдүн куралы болуп, алар жакыр мамлекеттерди дагы да көбүрөөк карызга батыруу аркылуу көз каранды абалда кармап туруу үчүн түзүлгөн. Өкүнүчтүүсү, биздин өкмөттөр алардан карыз жана “жардамдарды” алуу үмүтүндө алардын тузагына түшүп жатышат. Алардын карыз жана жана жардамдарды жөн эле берип коюшпастыгы анык. Мисалы, Азия Өнүктүрүү банкы же Дүйнөлүк банк бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанга берген карыздарын өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергиясынын тарифин көтөрүү шарты менен берген. Президент жана жетекчи топтун өкүлдөрү учурдагы кырдаалдан чыгуу жана өз бийлигин сактап калуу жөнүндө эмес, келечекте бул карыздар элдин башына дагы кандай кесепеттерди алып келери тууралуу о.э. мунун алдын алуу жөнүндө ойлонушу керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here