Коронавирустун жайылышын токтотуу – шаръий жоопкерчилик

338
0

Басма сөз баянаты

Коронавирустун жайылышын токтотуу – шаръий жоопкерчилик

Коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүү бардык тармактарда иш алып бара турган кеңири көлөмдүү система болушун талап кылат. Бул системадагы негизги этибар бардык адамдардын жыргалчылыгын камсыздоого каратылат. Адамдардын иштерин, акыйдаларын, баалуулуктарын жана аларга негизделген мыйзамдарды камкордук менен башкарууга эң жакшы жер – исламий жашоону камтыган жер. Адамзатка жиберилген акыркы пайгамбар Мухаммад ﷺ айтат:

«أَلاَ كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ فَالأَمِيرُ الَّذِى عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالرَّجُلُ رَاعٍ عَلَى أَهْلِ بَيْتِهِ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُمْ وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ عَلَى بَيْتِ بَعْلِهَا وَوَلَدِهِ وَهِىَ مَسْئُولَةٌ عَنْهُمْ وَالْعَبْدُ رَاعٍ عَلَى مَالِ سَيِّدِهِ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُ أَلاَ فَكُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер өз кол астыңардагыларга жоопкерсиңер. Адамдарга баш болгон имам – жетекчи жана ал өз кол астындагыларга жоопкер. Эркек киши – өз үйүнө жана үй-бүлөсүнө жетекчи о.э. ал өз кол астындагыларга жоопкер. Аял – эринин үйүнө жана балдарына жетекчи о.э. ал аларга жоопкер. Кишинин кулу өз кожоюнунун малына жетекчи жана ал ага жоопкер. Билип койгула, ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер өзүңөрдүн кол астыңардагыларга жоопкерсиңер».

Ушул оорунун жайылышын алдын алууга жардам көрсөтүү жоопкерчилиги Кыямат күнүндө бүткүл адамзат үстүнөн күбө болуучу Ислам Умматынын мойнуна түшкөн. Ошон үчүн, адамдар бардык аракетин ушул максатты жүзөгө чыгарууга каратышы керек.

Ошондуктан, ушуларга олуттуу түрдө баш ийишибиз зарыл:

  • Санитария эрежелерине баш ийүү шарт. Мисалы, колду ар дайым жууш, колду жуугандан мурда ооз жана эки көздү кармабоо о.э. жөтөлүп жаткан жана дене табы көтөрүлгөн ооруларга жакындашпоо… Расулуллах ﷺ айтат:

«لاَ تُورِدُوا المُمْرِضَ عَلَى المُصِحِّ»

«Ооруну соого жакындаштырбагыла».

«فِرَّ مِنَ الْمَجْذُومِ فِرَارَكَ مِنَ الْأَسَدِ»

«Пес оорусунан арстандан качкандай качкыла».

  • Өзгөчө балдар, улуу адамдар жана ден соолугунда проблемасы болгон адамдар мүмкүн болушунча үйдөн чыкпасын. Тиричилик үчүн мажбур чыккан адамдар оору жайылбашы жана аны жуктуруп албоо үчүн адамдардан алысыраак туруу жана санитария эрежелерине баш ийүүсү керек. Көчөдөн үйгө киргенде үй-бүлөсүндөгүлөр менен аралашуудан мурда эки колун жуусун. Расулуллах ﷺ айтат:

«لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ»

«Зыян көрбөгүлө жана бирөөгө да зыян жеткирбегиле».

  • Адамдар менен алака кылуудан сактануу жана токтотуу мүмкүнчүлүгү болгон бардык иш-чараларды токтотуу керек.
  • Кол берип учурашуу жана өбүшүү сыяктуу алакалардан алыс болуу зарыл.
  • Оорулар санитария карантинине баш ийиши жана аны бузбашы керек.
  • Зарыл болбосо сапарка чыкпоо жана мажбурий абалда болсо этият чараларын көрүү керек.

Расулуллах ﷺ айтат:

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِالطَّاعُونِ بِأَرْضٍ فَلاَ تَدْخُلُوهَا، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلاَ تَخْرُجُوا مِنْهَا»

«Бирер жерде чума тараганын уксаңар, ал жерге барбагыла, өзүңөр турган жерде чума тараса, ал жерден чыкпагыла».

Аиша G чума жөнүндө сураганда, Расулуллах ﷺ айтты:

«أَنَّهُ كَانَ عَذَابًا يَبْعَثُهُ اللَّهُ عَلَى مَنْ يَشَاءُ، فَجَعَلَهُ اللَّهُ رَحْمَةً لِلْمُؤْمِنِينَ، فَلَيْسَ مِنْ عَبْدٍ يَقَعُ الطَّاعُونُ، فَيَمْكُثُ فِي بَلَدِهِ صَابِرًا، يَعْلَمُ أَنَّهُ لَنْ يُصِيبَهُ إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَهُ، إِلَّا كَانَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِ الشَّهِيدِ»

«Ал азап, Аллах аны каалаганына жиберет жана аны момундарга рахмат кылат. Демек, кайсы пенденин өлкөсүндө чума тараса, ал «Аллах бешенеге жазган нерседен башка эч нерсе болбойт» деп өлкөсүнөн чыкпай сабыр кылып отурса, шексиз, бир шейит ала турган ажрга ээ болот».

  • Так эмес, шектүү кабарларды жана айың кептерди таратпоо керек. Анткени, ушул себептүү түрдүү коркунучтар пайда болушу жана терс натыйжалар келип чыгышы мүмкүн.
  • Адистер жана кудуреттүү кишилер муктаждарга жардам берүүгө даяр турушу керек.

Исламий Уммат ушундай эпидемияларга туш болгондо Аллахка таянып, этият чараларын көргөн жана Аллахка жакын болгон. О.э. Аллахка тобокел кылуу, истигфар суроо жана Аллахтын казасына жүздөнүп момундун кадыржам кыла турган исламий акыйданы бекем кармоо керек. Себеби, оору – Аллахтын казасы, Аллах аны менен момундардын ыйманын сынайт, момундар Аллах бул оору менен жазалабашын сурашы зарыл. Бул момундарга даъват болуп, алар Аллах күнөөлөрүн кечиришин сурашы, жакшылыктарды көбөйтүшүн о.э. күч-кубат ээси болгон Аллахтан башкасы шыпаа бербейт деген ишеним менен дабаа издеши керек.

Вирус сыяктуу, капиталисттердин ач көздүгү да чегара билбейт. Бүгүнкү капиталисттик мамлекеттер адамзатты бир нече ирет ойрондулукка алып келишти. Бул мамлекеттер пайда табууну гана билишет, адамдардын абалына кайгырышпайт жана ушул сыяктуу кырсыктарга даяр турушпайт. Бул да жетпегендей, алар дүйнөлүк экономиканы үлкөн карыздардын үстүнө курушту. Бул болсо, аны ар кандай убакта кулай турган күчсүз экономикага айлантты. Ошондуктан, алардын тапкан чечими карыздар үстүнө карыз алуудан башкача болбоду. Муну менен дүйнөлүк экономиканын кулашы анык гана эмес, кулоо көлөмү бир нече эсе болгон оор абалга келди.

Бүгүн эпидемияга туш болгон адамзат адамдардын иштерин камкордук менен башкарган мамлекеттин чыныгы камкордугуна муктаж болуп турат. Ооба, биз бүгүн материалдык пайданы гана ойлогон эмес, адамзатка камкордук кылган мамлекетке муктажбыз. Адамзат ооруга экономикалык проблема деп эмес, инсаний проблема деп караган халифага муктаж.

Дүйнөгө бизди караңгылыктан нурга алып чыга турган жаңы бүткүл дүйнөлүк жетекчилик керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here