Капитализмди дүйнө сахнасынан түшүрүп таштоонун убагы келди

681
0

Капитализмди дүйнө сахнасынан түшүрүп таштоонун убагы келди

Короновирус пандемиясы дүйнө жүзүн силкинтүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 64 миңден ашык адам каза болду, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллиондон ашып кетти. Мунун таасири качанкыга чейин созулары жөнүндө алдыңкы адистер да эч нерсе айта албай жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриш коронавирус экономикалык киризисти келтирип чыгарышын тастыктап: “Бул экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биз дуушар болгон эң оор кризис”, –  деди.

Айрыкча, АКШ оор күндөрдү башынан өткөрүүдө. Аткарылган иш-чаралар пайда бербей жатат. Президент Дональд Трамп учурдагы абалды өмүр-өлүм маселеси деп баалады. Сенат вирус менен күрөшүүгө 2.2 трлн доллар бөлдү, а бирок, бул каражат жетишсиз экендиги айтылууда. 285 млн калк карантинде. Он миллиондогон адамдар жумушсуз калды. Бул цифралар дагы көбөйүшү күтүлүүдө.

Вирус АКШнын эң чоң жүк ташуучу кемелеринин бири болгон “Теодор Рузвельт” кемесине да жетип барды, кемедеги аскерлер арасында коронавирусту жуктуруп алгандар 2 күндө 10 эсеге көбөйдү жана аталган кеме ичиндеги 5000 аскери менен Гуам аралында карантинге алынды.

Адам укуктары жөнүндө жар салып келген мамлекеттер акыркы күндөрдө бири-бирине тиешелүү мүлктөрдү талап-тоной башташты. Франция Кытайга миллиондогон медициналык беткаптарды буйрутма берип, акчасын да төлөп койгон эле. А бирок, АКШ Кытай аэропортунда эч кандай себепсиз эле ал беткаптарды тартып алды. Бул тууралуу Франция аймактар союзунун жетекчиси Ренауд Муселиер билдирди. Муселиердин айтымында, Францияга учушу керек болгон самолёт Кытай аэропортунан түз эле АКШга учуп кеткен.

Өз кезегинде Франция да Италия жана Испанияга жөнөтүлгөн миллиондогон беткап жана колкаптарды тартып алды. Бул туралуу башкы штабы Швецияда жайгашкан медициналык буюмдарды чыгаруучу Молнлйcке компаниясы билдирди. Аталган компаниянын башкы директору Ричард Твами: “Бул өтө кайгылуу жана жагымсыз иш”, – деди.

“Хуффингтон Пост” гезити өткөн аптада Кытайдан алынып келинген жана Германия аркылуу Италияга жөнөтүлгөн беткаптарды  Германия тартып алганы жөнүндө жазды. Тунистин соода министри Мухаммад ал-Мусейлини Туниске медициналык жабдыктарды алып келе жаткан кемени Италия алып кеткендигин билдирди. Өткөн аптада Кытай Италияга жөнөткөн 110 миң беткаптан турган медициналык жардамды Чехия тартып алган эле.

Күндөн-күнгө курчуп бара жаткан өзгөчө кырдаал төмөнкүдөй суроолорду пайда кылды: Мындан кийин эмне болот? Дүйнө мурунку абалына кайтып келеби же дүйнө жүзүндө тартип өзгөрөбү? Ири мамлекеттер, айрыкча Америка өз макамын сактап кала алабы? АКШ куласа анын ордун кайсы мамлекет ээлейт?

Телепрограммаларда саясий эксперттер ушул суроолорго жооп издей башташты. Кээ бир адистер жалпылап “эски дүйнө тартиби кулап, анын ордуна жаңы дүйнө тартиби орнойт” деп айтышса, кээ бирлери “жаңы дүйнөдө ким проблемасыз өз акчасын чыгара алса, ошол үстөм болот” деп айтышууда. Дагы бирөөлөр “алгач Европа, андан кийин АКШ кулайт” десе, башкалары болсо, АКШ бүтүндөй жок болуп кетпесе да, дүйнө лидерлиги макамын жоготууга жакындап калганын айтышууда.

Көрүнүп тургандай, дүйнөдөгү бүгүнкү абал капитализм кулашына ишара кылууда. Негизи капитализмди кулата турган фактор коронавирус эмес, коронавирус болгону анын кулашын тездетип,  чыныгы жүзү ачылышына көмөкчү болот.

Бүгүнкү күндө капитализмдин кризиси анык болуп калды. Саясий эксперт жана серепчилер эле эмес, карапайым адамдар да ушул темада талкуулашып калды. Себеби, ач көздүккө негизделген жана өз ара мамилелерди жалаң гана пайда-зыян негизинде белгилей турган капитализмдин ийгиликсиздикке учураганын турмуш чындыгы тастыктап турат.

Капитализм түзүмү кулаган соң, анын ордун албетте Ислам түзүмү ээлейт. Себеби, Исламдан башка альтернативалык түзүм жок. Өзгөчө, Ислам калкы – Исламдын эл аралык жашоо сахнасына кайтып келишин – мурда болуп көрбөгөндөй бир күчтүү каалоо менен каалап жатат. Айрыкча, Ислам Үммөтү ичинде Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн тыным албай аракет кылып жаткан жамаат бар болгон соң, эч бир экиленбестен “Ислам түзүмү жакынкы күндөрдө эл аралык жашоо сахнасына кайтып келет” деп айтууга болот.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here