Ооганстан өкмөтү талибдер менен жолугушат

728
0

Ооганстан өкмөтү талибдер менен жолугушат

Ооганстандын өкмөт өкүлдөрү талибдердин делегациясы менен жолугуп, туткундарды бошотууну талкуулашары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-мартта тараптар видеоконференция аркылуу сүйлөшүшкөн. Жакын арада талибдер командасы менен ооган өкмөтү көзмө-көз жолугушуп, 31-мартта камактагы 100 адамды бошотуу тууралуу сүйлөшөт.

Ал эми «Талибан» кыймылынын өкүлү Сухаил Шахин туткундарды бошотуу марттын соңунда башталарын билдирди. Анын айтымында, талибердин командасы Кабул түндүгүндө жайгашкан «Баграм» түрмөсүнө барышат. Талибдерди бошотуу жараяны 31-мартта башталарын АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад да ырастады.

Буга чейин талибан менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр Катардын борбору Дохада бир нече жолу болуп өткөн. Ушул сүйлөшүүлөрдөн бир жыл өтүп, жети күндүк келишим түзүлдү жана бул келишим 2020-жылы 28-февралда кол коюлган тынчтык келишимине негиз салды. Бул келишимди АКШ администрациясы да, Талибан жетекчилери да, ортомчу малайлар да алкышташты.

Трамп администрациясын Талибан менен мындай келишимди түзүүгө оор саясий жана экономикалык абал мажбур кылууда. Он тогуз жылдык баскынчылык Америкага ийгилик алып келбеди. Американын Афганистанда каза болгон аскерлери төрт миңден ашты, триллион доллар сарптап, пайда көрбөдү. Исламга каршы согушуу үчүн «терроризм», «экстремизм» жана фундаментализмди» шылтоого адаттанган, демократияны, адам укуктарын жана аялдардын укуктарын коргоого чакырып жаткан АКШ Талибан каршысында алсыз болду, муну моюнга алды. Ал тургай, Талибан аялдарга душмандык кылат, аларды таалим алуу сыяктуу жөнөкөй укуктарынан да куру калтырат деп айыптап келген бул мамлекет аялдардын укуктары маселесиндеги бардык талаптарынан баш тартты.

  • Американын Талибан кыймылы каршысында жан бериши ушуну көрсөтүүдө – бул мамлекет өз кызыкчылыгынан башка нерсени ойлобойт, адам укуктары да, аялдардын укугу да аны кымындай тынчсыздантпайт, ал өз кызыкчылыгын коргоо үчүн ар кандай нерседен баш тартат, ар кандай нерсеге моюн сунат, анын алсыз жайы – согуш майданында зыян көрүү. Себеби, мужахиддерге каршы анын күчү жетпей жатат, ыйман негизинде согушууда ар кандай күч алдында бүтүндөй коркоктук кылып жатат. Шек-күмөнсүз, согуш маселесинде ийгиликке жетишпеген Америка сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетишти. Себеби, ал Талибан кыймылын алдап, аны сүйлөшүү столуна алып келе алды. Талибанды эл аралык жактан моюнга алынган кыймылга айлантышын айтты. Талибан Американын бул сунуштарын кабыл алды. Себеби, Талибан саясий абалды түшүнгөн жок жана бул абал ал үчүн пайдалуу көрүндү. Талибан Америка өз кызыкчылыктарынан башка тилди түшүнбөгөн мамлекет экенин билбеди. Америка Талибанды сүйлөшүүгө тартканы анын кызыкчылыгына гана кызмат кылат. Америка Талибан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп төрт баасыз ийгиликке жетишти:
    1-Талибан Америкага кайда болбосун чабуул кылбай турган болду;
    2-Афганистанга эч кандай исламий кыймылды киргизбей турган болду;
    3-Ашраф Ганинин Америкага малай өкмөтү менен сүйлөшүүлөр өткөрө турган болду;        
    4-Мамлекет концепциясында эл аралык стандарттарды кабыл ала турган болду.

Демек, Талибандын Американын бул шарттарын кабыл алуусу Американын сүйлөшүү тузагына илингенин көрсөтөт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here