Жээнбеков: Кыргызстан латын арибине өтпөйт

316
0

Жээнбеков: Кыргызстан латын арибине өтпөйт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС маалымат агенттигине берген интервьюсунда Россия менен мамилелер, өлкөдө орус тилинин абалы жана башка маселелер боюнча пикирин билдирди.

 “Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт”, – деди президент.

ТАСС журналистинин: “Айрым кошуна мамлекеттер кириллицадан латын арибине өтүштү же өтүп жатышат. Кыргызстанда да бул маселе күн тартибинде турабы?” – деген суроосуна президент Сооронбай Жээнбеков: “Билишимче, бул маселе бизде эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары көтөрүлгөн. Ошондо эле биз латын арибине өтпөй туура иш кылганбыз. Учурда латын арибине өтүү муктаждыгы жок. Республиканын маданий, илимий ийгиликтери кирилицага таянуу шартында жаралган”, – деп жооп берди.

Комментарий: Мурунку СССРдин колониялары арасынан Кыргызстан Республикасы Россиянын сакафий таасири астындагы мамлекеттердин сап башында турат. Бирок, кыргыз өкмөтү Россиянын сакафий колониясынан кутулуу жолунда бир да кадам таштабады.

Кыргызстанда латын арибине өтүү демилгеси “эгемендүүлүк”кө жеткен жылдардан бери көтөрүлүп келет. Себеби, колонизатор мамлекет сакафатын жаюуда арип маанилүү рол ойнойт. Мисалы, социалисттик түзүм келгенде Борбор Азия мусулмандары миң жылдан ашуун убакыт пайдаланып келген араб арибин жокко чыгарып, өз сакафатын кириллица ариби аркылуу жайып баштады. Баскынчы орус бийлиги бул аркылуу “бир ок менен эки коён атты”. Биринчиден араб арибин жокко чыгаруу аркылуу региондогу мусулмандарды миңдеген жылдардан бери үйрөнүп, өздөштүрүп келген Ислам сакафаты жана Ислам тарыхынан үзүп койгон болсо, эккинчиден, жергиликтүү калктын арасында “сабатсыздыкты” жоюу шылтоосу менен кудайсыз коммунисттик идеологияны жайды.

Бүгүнкү күндө капиталисттик түзүмдүн өкүлү болгон Батыш мамлекеттери латын арибинен пайдаланышат. Ошондуктан, алар үчүн ар бир мамлекет ушул ариптен пайдаланышы маанилүү. Алар бул максатына жетүү үчүн “түрк тилдүү элдер биримдигин” шылтоо кылышат. О.э. билим берүү тармагына гранттарды ажыратуу менен өз таасирин кеңейтип барышат. Мисалы, Европа Союзу Кыргызстандын билим берүү тармагына 37,5 миллион евро бере турган болду. Ал каражат менен кошо өсүп келе жаткан муунга батышча дүйнөкарашты сиңирүү да табигый түрдө кирип келет. Эгерде Европа Союзунун бул максаты ишке аша турган болсо жакынкы келечекте Европача баалуулуктар, анын ичинде “бир жыныстуу нике” кадимки көрүнүшкө айланып калат.

 АКШ жана Батыш мамлекеттери киргизген санкциялар жана Путиндин диктатордук саясаты натыйжасында Россия төмөн карай кулап барууда. Ал бардык сакафий, аскерий, саясий жана экономикалык колонияларын өзү менен кошо тартып кетиши мүмкүн. Колониянын бул төрт түрү, алгач сакафий колония орнотуудан кийин кирип барат. О.э. бул колониялардын бардыгынан кутулууда да, колонизатордун сакафий таасиринен чыгып алуу өтө маанилүү.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here