Тажикстан Иран менен авиакаттамдарын токтотту

83
0

Тажикстан Иран менен авиакаттамдарын токтотту

Иранда коронавируска чалдыккандар жана ушул оору себептүү каза болгондор көбөйүп жатканы себептүү Тажикстан өкмөтү 24-февралдан баштап Иран менен авиакаттамдарды токтотту.

Бул тууралуу Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Буга чейин Тажикстан Иран менен кургактыктагы чек араларын толук жабуу чечимин кабыл алгын.

Ирандагы жарым-жартылай расмий ILNA агенттиги коронавирус эпидемиясынын борборуна айланган Қум шаарында 24-февралга чейин  50 адам аталган вирустан каза болгондугун кабарлады.

Бул кабарды четке каккан саламаттыкты сактоо министри вирусту жуктуруп алгандардын саны 61¸ ал эми каза болгондордун саны 12 адам экендигин билдирди.

Афганистан жана Перс булуңундагы бир катар мамлекеттер жакында Ирандан кайтып келген жарандарында коронавирус аныкталганын кабарлашты.

Ушуга байланыштуу региондогу мамлекеттер Иран менен чек араны жаап¸ аба жана кургактык аркылуу каттамдарды белгисиз убакытка чейин токтотуп коюшту.

Сереп:  Коронавирус  проблемасы мамлекеттер ортосунда кызыкчылык талашуу куралына айланып, эл аралык саясий түс алып барууда.

24- февралда АКШ президенти Дональд Трамп расмий сапар менен Индияга барды. Ал сапар жөнүндө “Азаттык”  радиосу: “Эки мамлекеттин расмийлери кызматташтыктын¸ айрыкча ¸ Кытайдын экономикалык экспансиясы (башка өлкөгө карата аймактык, географиялык же башка кеңейиши) кеңейүүсү фонунда өз ара кызыкычылыгы бар экендигине өзгөчө көңүл бурушууда” деп кабарлады.

Кытай мамлекети коронавирус карантини себептүү дүйнөлүк базардагы бир катар позицияларын жоготору күтүлүүдө. Аны мындай абалга (вирус себептүү карантин абалына) салган кокустукпу же эл аралык саясаттагы геосаясий оюндарбы айырмасыз, учурда Кытайдын абалы начарлап барууда. Бул болсо дүйнөдө экономикалык боштуктарды пайда кылышы мүмкүн болгон абал. АКШ ал боштукту  Индия менен толтуруу мүмкүн экендигине ишара кылууда.

 АКШ Кытайга каршы ишке салып жаткан дүйнөлүк масштабдагы маалыматтык күрөш дүйнө жүзүн коркута алды. Кытайдагы вирусту чуманын деңгээлине көтөрүү менен АКШ Кытайдын дүйнөдөгү баскынчылык максатындагы инвестициялык жүрүшүн жокко чыгарууну, же болбосо, анын ушул экономикалык баскынчылыгын убактылуу болсо да токтотуп турууну максат кылат. Кытайдын убактылуу сенек абалынан пайдаланып, дүйнөдөгү инвесторлорду Индияга бурмакчы болот о.э. дүйнөдө пайда болушу күтүлүп жаткан экономикалык боштуктарды арзан жумушчу күчү бар Индия сыяктуу мамлекет менен толтурмакчы болот.

АКШ үчүн ыңгайсыз же убактылуу проблема пайда кылып жаткан Иран сыяктуу мамлекеттерди Кытайдагы сыяктуу проблема жаратышы мүмкүндүгү менен коркутат. Коронавируска каршы күрөшүү адамзаттын саламаттыгын сактоо негизине курулушу керек эле. Эл аралык саясат болсо аны экономикалык жана саясий куралга айландырып барууда. Бул максатты эл аралык кубаттуу маалыматтык машина аркылуу гана ишке ашырууга болот.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары адамзатты коркута алды. Адамдар өз мамлекетинин жарандарын да кабыл алуудан да баш тартып, Украинадагы сыяктуу тополоңдорду уюштурууда. Алардын кытайлыктарды өлкөгө киргизүүгө каршы турушу табигый көрүнүш. Кытай дүйнөгө кеңири жайылып жаткан инвестицияларын жана биргелешкен ишканаларын башкарууда проблемаларга дуушар боло баштайт. Себеби, ал өлкөлөрдөгү жарандар өздөрүнүн саткын жетекчилерине каршы көтөрүлүп, кытайлык ишкана жана жарандарды чыгарып жиберүүнү талап кылуу көбөйөт.

Ири мамлекеттерге жакпай калган Иран жана башка ушул сыяктуу колония өлкөлөр ар дайым маалыматтык күрөштөн зыян тартып келишет. Себеби, алар ээрчип жаткан эл аралык саясат куфр акыйдасына курулган болуп, эл аралык саясаттагы дүйнөлүк жетекчиликти  Ислам үммөтү жашаган мамлекеттерге өз ыктыяры менен тапшырып койбойт. Тескерисинче, ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биздин өлкөлөрдү кемсинтүүгө, ар бир иште айыптоо аркылуу чөгөлөтүүгө аракет кылышат. Массалык кыргынга алып  баруучу вирустар да, антивирустар да кафирлерддин колунда болгондуктан, каалаган убакта бизди изоляция кылып коюшу да мүмкүн.

 Чумага каршы күрөшүүнү исламий өкүмдөргө байлабасак, алар биздин башыбызга түшкөн балээлерден өздөнүнүн материалдык кызыкчылыктары жолунда пайдалана беришет! Негизи Халифалык мамлекети астындагы аймактарда да чума жайылган. Ал жөнүндөгү шаръий өкүмгө амал кылуу менен мусулмандар Аллахтын нусратына жетишкен. Акыйдага акыл аркылуу ыйман келтирген мусулмандар бир гана Аллахка тобокел кылышкан. Трампка же куфр дүйнөсүнө эмес! Башыбызга түшүп жаткан же куфр дүйнөсү атайылап пайда кылып жаткан балээлерден Аллахка кайтуу менен гана кутула алабыз!

Абдураззак Муъмин.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here