Окуусун кошуна мамлекеттерден Өзбекстанга которуп жаткан он миңдеген студенттер 2-семестрде көчөдө калышы мүмкүн

36
0

Окуусун кошуна мамлекеттерден Өзбекстанга которуп жаткан он миңдеген студенттер 2-семестрде көчөдө калышы мүмкүн

Окуусун Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандагы жогорку окуу жайларынан Өзбекстанга көчүрүп жаткандардын документтерин кабыл алып жаткан жумушчу топтор кошуна өлкөлөрдөн кайтып келген студенттер окууну качан баштаарын билбей жатышат.

Өзбекстандык студенттер окуп жаткан кошуна мамлекеттердин расмийлери жана окуу жайлардын жетекчилери окуу жылынын ортосунда окууну көчүрүү болбостугун билдиришүүдө. Алардын айтымында, студенттерге рейтинг китепчелери берилгени, алардын студенттер катарынан чыгарылганын түшүндүрбөйт.

Өзбекстандын билим берүү министрлиги бул чечим “студенттерден жана ата-энелеринен келип түшкөн көптөгөн кайрылуулардын негизинде, жарандарга кошумча ыңгайлуулук жаратуу максатында” кабыл алынганын билдирген.

Сереп:  “Өзбекстан мамлекети дагы кайрадан Каримов доорундагы жабык режимге кайтып бара жатабы?” — дегендей суроолор пайда болууда. Өзбекстандын тынчсыздануусуна бир топ себептер бар.

Биринчиси: Өзбекстан Россиянын Борбор Азиядагы агрессивдүү аракеттеринен тынчсызданууда. Эл аралык саясаттагы жетекчи мамлекеттердин саясий тирешүүлөрү Орто Азияда олуттуу кескиндиктерди жана кагышууларды келтирип чыгарышы мүмкүн. Учурда  Өзбекстан стратегиялык жактан Борбор Азиянын борбору болуп турат. Казакстанда улуттар аралык жаңжал уюштурулду. Анын артынан интернеттеги улутчулдар Кыргызстандагы абалды да улуттар аралык кастык тарапка бура башташты. Өзбек режими кырдаалга карай тышкы эшиктерин бир аз жаап туруу, же болбосо, аны ачуу реформаларын токтотуп туруу чечимин кабыл алды. Тышкарыдагы студенттер тышкы күчтөр үчүн оңой олжо болуп, тышкы күчтөр алардын атынан ар кандай коопту иштерди ишке ашыруусу мүмкүн.

Экинчиси:  Каракалпак автаномиялуу республикасы эл аралык саясат үчүн Өзбекстандагы оорулуу чекит болуп, учурда ал жерде улутчулдук фитнасы жайылтылууда. Өзбек режими өзүн сактап калуу максатында дүйнөлүк илманийликти көздөй акырындык менен кадам таштап жатикан бир учурда ички кескиндиктер аны жардырып жибериши мүмкүн. Өзбек режими Батыш дүйнөсү алдында бир катар демократиялык принциптерди кабыл алып, мамлекетке капиталисттик системанын негиздерин киргизүүдө. Режим бул өткөөл мезгилди аябай этияттык менен өткөрүүдө. Элди кулдук режимден дароо эркин коё берүү революциялык тополоңдорго алып барат. Ошондуктан, Өзбекстан мамлекети режимди акырындап жумшартуу долбоору менен иш алып барууда. Анын бул долбоорун Батыш  дүйнөсү колдоп жатат.

Тышкы оппозициялык күчтөр буга ыраазы эмес. Алар революциялык өзгөрүүнүн тарапкери. Ошондуктан, тышкы күчтөр аракет кылмакчы болушса ичкериге кирип иш жүргүзө алышпайт. Алар Өзбекстан жарандарына тышкарыда туруп таасир өткөрүшү мүмкүн. Коомдо эң бир кубаттуу күч студенттер болуп эсептелет. Себеби, бардык тогуттар, диктаторлор студенттердин күчү менен кулатылган.   Ошондуктан, өзбек режими кырдаалга карай, өзүнүн реформалар долбоорунда бир кадам артка таштады. Эгерде кырдаал ушундай уланып Өзбекстан-Россия алакасы курчуп бара берсе, ал дагы бир нече кадам таштап, ал тургай, чек араларын да жаап коюшу мүмкүн. 

Абдураззак Муъмин.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here