Улуттар аралык жаңжалдан кимдер кызыкдар?

68
0

Улуттар аралык жаңжалдан кимдер кызыкдар?

7-февраль күнү кечинде Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы Масанчи айылында казактар менен дунгандар ортосунда жаңжал чыкты. 

 Массалык башаламандыкка 10 адам каза болуп, 137 адам жараат алгандыгы, алардан 37 адам ооруканага жаткырылгандыгы о.э. 9 адамдын абалы оор экендиги кабарланган.

Казакстандын ИИМи тараткан маалыматта, 30 үй, 15 соода имараты жана 23 автоунаа жабыркагандыгы айтылган.  

 Улуттар аралык келишпестик, жаңжал жана согуштар – бул колонизатор кафирлер бирер мамлекетти бөлүп, майдалап, өз колониясына айландырууда колдоно турган эң бир ыңгайлуу куралдардын бири.

 Колонизатор Батыш Ислам мамлекетин кулатууда да мына ушул куралдан пайдаланган.

Куфр мамлекеттери өз сакафатынан таасирленген адамдарга бир үммөттү түрдүү улуттарга ажыратып жибере турган улутчулдук түшүнүктөрүн сиӊиришти. Түрк жаштардан турган “Жаш түрктөр коому” деген аталышта бир коом түзүп, Францияга алып барып окутушту. Алар Франциядан кайтып келгенден кийин бул коом “Биримдик жана өнүгүү  партиясы” деп аталды. Бул партия ошол кезде эле толук эркиндиктерди жана мамлекетти башкаруу үчүн исламий программадан башка бир программа болушун талап кылган. Кафирлер ошону менен эле чектелип калбастан, араб жаштарынан да “Жаш арабдар коому” деген коом түзүштү. Аларга да батыш маданиятын үйрөтүшүп, алардын дилине араб улутчулдугу туйгусун орнотушту. Бул жаштар мекенине кайтып келген соӊ, мусулмандардын жардамы менен Усманий мамлекеттен кутулуу үчүн аракет кылуучу жашыруун коомдорду түзүүгө киришип кетишти. Ошол кезде араб жаштары менен түрк жаштары ортосунда күрөш башталды. Анысы арабдыгы менен сыймыктанса, мунусу түрк болгону үчүн сыймыктанат эле… Натыйжада Халифалык мамлекети кулатылды. Бир үммөттүн өкүлдөрү 50дөн ашуун майда, жасалма мамлекеттерге бөлүндү. Мунун аянычтуу акыбеттери бүгүнкү күнгө чейин мусулмандардын башына түшүп жатат.

 Кудайсыз коммунисттер Түркстанды басып алган соң, эзелден бир үммөт болгон мусулмандар ортосуна чек аралар тартылды жана жасалма пайда кылынган беш республикага бөлүп ташталды. Алардын кайрадан биригип кетишине жол бербестик үчүн улутчулдук пикирлерин тыгыштырды жана түрдүү кыргындарды ишке ашырды.1989-жылы Өзбекстандын Фергана облусунда өзбектер менен месхет түрктөрү ортосунда кагышуулар жүз берген болсо, 1990чу жана 2010-жылдарда Кыргызстанда кыргыз-өзбек жаңжалы уюштурулду…

 Аталган мамлекеттер “эгемендүүлүк”кө жетишкенден кийин да болуп өткөн окуялардан туура тыянак чыгарышпады, элдер ортосунда тынчтык жана ынтымакты камсыздоодо боордоштук туйгусун бекемдөөнүн ордуна, идеология катары улутчулдукту көтөрүп чыгышты. Анын натыйжасында бийлик ээси болгон улуттун өкүлдөрү башка улуттардын үстүнөн өкүмдар болуп алып, калган улуттар моюн сунушу шарт деген түшүнүк менен аларга зулум өткөрө башташты. Өз кезегинде, азчылык  улуттардын өкүлдөрү да “өздүгүн сактап калуу” шылтоосу менен аларга атаандашууга о.э. коомдо өз ордуна ээ болуу үчүн күрөшүүгө мажбур болушту. Ал эми, колонизатор мамлекеттер болсо кол астындагы мамлекеттерде туруксуздук, башаламандык жана согуштарды келтирип чыгарууда дал ушул улуттар аралык карама-каршылыктардан пайдаланып келишет.

Казакстанда жүз берген улуттар аралык жаңжал да бирер колонизатор мамлекет (көбүрөөк ыктымал менен Россия) тарабынан козголгон болушу мүмкүн. Себеби, бул расмий бийликти АКШга жүздөнүү кандай акыбеттерге алып барышынан “эскертүү” болушу мүмкүн.

 Качан гана дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандарды ага-ини катары бириктирүүчү, Ислам идеологиясын турмушта колдонуучу исламий Халифалык мамлекети кайрадан тикеленмейинче, колонизатор кафирлер каалаган убакта улутчулдук жана мекенчилдик туйгулары негизинде согуш жана жаңжалдарды чыгара берет. Дүйнө жүзүндө улутчулдук негизинде болуп жаткан согуш жана жаңжалдарды – Ислам жана анын мабдасын кайрадан жашообузга алып келип, анын өкүмдөрүн ишке ашыруу гана тыя алат.

 Расулуллах с.а.в.:

Кимде-ким асабиятка (улутчулдукка) чакырса, ал үчүн согушса жана ал үчүн өлсө, бизден эмес”,деген. (Абу Давуд риваяты).

Пайгамбарыбыз с.а.в. дагы:

Тарапкечтикке (улутчулдук, мекенчилдик,) чакырып, тууганчылык байрагы астында согушкан, же тарапкечтик кылып жардам берген адамдын согушу жахилият согушу болуп эсептелет”, — деген. (Муслим риваяты).

 Абдурахман Адилов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here