Россия Кыргызстандагы аскерий базасына абадан кол салуудан коргонуучу техника орнотмокчу

369
0

Россия Кыргызстандагы аскерий базасына абадан кол салуудан коргонуучу техника орнотмокчу

Россия Кыргызстанда жайгашкан аскерий базасына абадан болуучу чабуулдан коргонуучу техника жайгаштырмакчы болууда. Бул тууралуу РФ коргоо министринин орунбасары – статс-катчысы Николай Панковго таянып РИА “Новости” кабарлады.

 Панков Мамлекеттик Думада Россия менен Кыргызстандын Канттагы аскер базасынын макамын жана ал жерде жайгашуу шарттары боюнча протоколду ратификациялоо боюнча сүйлөгөн сөзүндө: “Пландалган иштин алкагында жакынкы аралыкта биргелешкен россиялык аскер базасынын курамына киргизип, пилотсуз учкан аппараттарды колдонуу бөлүгүн уюштурууну пландап жатабыз. Кийинки этап ЖККУнун Кант шаарындагы аскер базасына абадагы кол салуудан коргонуучу техника орнотуу иши болот. Мындан сырткары, Кант аэродромундагы инфраструктуралардын объектилери оңдоп-түзөлөт”, – деген.

2019-жылдын декабрында Владимир Путин Мамдумага Россия менен Кыргызстандын ортосундагы аскер базасы боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизген протоколду ратификациялоону тапшырган. Бул Россияга аскерий базанын курамына пилотсуз учкан аппараттар бөлүгүн киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Комментарий: 2-3-февраль күндөрү Өзбекстанда болгон АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбор Азия мамлекеттери жөнүндө “…Алар Кытай жана Россиянын таасири бар аймакта жайгашкан. Биз алар аткаруусун каалап жаткан, Америка бул жерде кылып жаткан иш алардын туура чечимдерди кабыл алуу жөндөмүн, мыйзамдар негизинде ачык-айкын башкарууга жетишүүсүн колдоп-кубаттоо”,- деген эле. Өзбекстанга барышынан мурда Казакстандагы жолугушууда казак өкмөтүн АКШ компаниялары менен кызматташтыкты күчөтүүгө о.э. Кытайдын Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан саясатына каршы АКШ менен бирге болууга чакырган.

 Помпеонун Казакстан жана Өзбекстанга сапарынан кийин АКШ мамлекеттик департаменти жаңы программасын жарыялады. Программада, Европа, Евразия жана Борбор Азияда Россиянын дезинформациясы жана агитациясына каршы туруу, анын зыяндуу таасиринен коргонуу үчүн 763,8 миллион доллар өлчөмүндө жардам берүү о.э. 24 миллион доллар өлчөмүндө анык максаттарда каржылоо (түрдүү маалымат каражаттарын колдоо көрүнүшүндө жардам берүү) каралган. 

 АКШнын Борбор Азияга мындай көңүл буруусу, Россияны ага каршы чараларга үндөшү табигый көрүнүш. Себеби, Россия Борбор Азияны өзүнүн менчиги катары көрөт жана бул регионго АКШнын кирип келишине жөн эле карап тура албайт. Ошол себептен да региондогу аскерий аралашуусун күчөтүүгө умтулууда. Ал үчүн эң ыңгайлуу жол Кыргызстан жана Тажикстандагы аскерий базаларын күчөтүү о.э. өзүн региондогу тынчтыктын кепилдиги катары көрсөтүү. Эгерде Өзбекстан же Казакстан Россиянын тымызын “эскертүүлөрүнө” көңүл бурбай АКШ менен жакындаша берсе, анда Россия акыркы ыкманы колдонушу, башкача айтканда,  “терроризм” коркунучун пайда кылып, бир нече жасалма теракттарды уюштурушу мүмкүн. 

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here