УКМК тарабынан дагы бир даъватчы кармалды

104
0

УКМК тарабынан дагы бир даъватчы кармалды

Маалымат каражаттары таркатышынча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет  тарабынан Бишкек шаарында исламий саясий «Хизбут-Тахрир» партиясынын активдүү мүчөсү кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, анын айыбы интернет аркылуу «халифат» түзүүгө чакырганы болгон. Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, ал даъватчы №1 тергөө абагына камалган.

Исламий саясий Хизбут-Тахрир партиясынын иш жүргүзүүсүнө, алгач, Кыргызстанда Акаев доорунда тыюу салынган. Мында Кыргызстан бийлиги Россия бийлигине малайлыгын билдирип, Хизбут-Тахрирди экстремисстик уюм деп тапкан. Анткени, ошол 2003-жылы 14-февралда, РФда да Хизбут-Тахрир террористтик уюм деп таанылган.

Негизи, “экстремизм” батыштык колонизтор кафир державалар ойлоп тапкан термин. Ошентсе да, бирок, ага эл аралык деңгээлде так аныктама берилбеген. О.э. ар бир мамлекеттин экстремизмге карата берген улуттук-юридикалык аныктамалары да ар кыл.

Мисалы, 2001-жылы кабыл алынган Шанхай Кызматташтык уюмунун аныктамасы менен 2003-жылы кабыл алынган Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын резолюциясында берилген аныктама өз ара айырмаланат.

Кыргызстан да Россия жана Кытай кафир державалары түзгөн ШКУ уюмуна мүчө болгондуктан, бул уюмдун экстремизмге карата аныктамасын айта кетели:

— Тараптардын улуттук мыйзамчылыгында кылмыш катары каралган, бийликти күч менен алууга же күч менен кармап турууга;  мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө; коомдук коопсуздукка кол салууга, алардын катарында, жогоркудай максаттарда мыйзамсыз куралдуу курамдарды уюштурууга же аларга катышууга багытталган кайсы бир иштер — экстремизм  деп аталат.

ШКУнун аныктамасынан алганда

— Акаевдин аксылык жарандарды атканы – бийликти күч менен кармап турууга багытталган иш болгондуктан – экстремизм

— Бакиевдин бийликке келиши жана кетиши — Бийликти күч менен алууга жана күч менен кармап турууга багытталган иш болгондуктан – экстремизм

— Убактылуу өкмөттүн бийликке келиши да – бийликти күч менен алгандыктан – экстремизм

— Азыр иши тергелип жаткан Атамбаевдин акыркы аракеттери да экстремизм эсептелмек.

Булардын каршысында, исламий саясий Хизбут-Тахрир партиясы – кафирлердин ушул аныктамасынан алганда да – эч кандай экстремисттик иш-аракеттерди алып барган эмес. Негизи, Хизб кафирлердин мындай токума атамасын тааныбайт да, тан албайт.

Анткени, Хизбут Тахрир исламий саясий партия болуп, ал эч качан күч колдонуучу иш-аракеттерге барбайт. Ал жалаң гана фикрий-саясий күрөш алып барат. Хизбут Тахрирдин күч колдонбогону – анын өкмөттөн корккондугунан эмес. Балким, Хизб – Аллах Таала айткандай, Расулубуз Мухаммад A көрсөткөндөй жолду кармангандыктан – ишмердүүлүгүндө эч качан күч колдонууга өтпөйт. Анткени, Расул A Мадинада мамлекет тикеленгенге чейин жалаң гана фикрий-саясий күрөш алып барган. Расул Акрам A жана анын сахабалары бул баскычта өздөрүнө жеткен тоодой азарларга аскадай бекемдик менен сабыр кылышкан.

Ошондуктан, кафирлер малайларынын репрессиячыл аракеттери Хизб жигиттеринин эркин эч качан сындыра албайт. Тескерисинче, кайратыбызды курчутуп, кадамдарыбызды бекемдейт. Биз Аллахтын жолунда – жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон – Исламий жашоону кайра алып келүү деген сыймыктуу ишибизди уланта беребиз, инша Аллах.

Туркистон

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here