Асмаъ Фавзий Мухаммад: Акырет шейиттери ким? Шейиттин карызын ким төлөйт?

45
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир амири аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы суроолорго жооптор (фикхий)

اسماء فوزي محمد Асмаъ Фавзий Мухаммад: Акырет шейиттери ким? Шейиттин карызын ким төлөйт?

Суроо:

Ассаламу алайкум рохматуллоохи уа баркаатуху, урматтуу Шейх…

Экинчи «Шахсия» китебинин 165-бетинде шейиттер темасында акырет шейиттери тууралуу келген: «Туура Муслим риваятында келгендей, алар бешөө: кара тумоо (чума эпидемиясы) менен ооруп өлгөн адам; ичи ооруп (ичи өтүп) өлгөн адам; чөгүп өлгөн адам; уранды астында калып өлгөн адам; согуш таласында эмес, Аллахтын сөзүн улуу кылуу үчүн Аллах жолунда шейит кеткен адам».

Башка хадисте ушул айтылып өткөндөрдүн баары Аллах жолунда болушу менен менен мукайад кылынган (байланыштырылган), хадисте айтылат, Юнус бин Абдил Аълаа бизге айтты: бизге Ибн Вахбин айтты: мага Абдурахман бин Шурайхин Абдиллаахи бин Сахлабата Алхазрамийден айтты: ал Ибн Хужайрадан, ал Укбата бин Аамирден айтты: Пайгамбар A айтты:

«خَمْسٌ مَنْ قُبِضَ فِي شَيْءٍ مِنْهُنَّ فَهُوَ شَهِيدٌ: الْمَقْتُولُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالْغَرِقُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالْمَبْطُونُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالْمَطْعُونُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالنُّفَسَاءُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ»

«Беш нерсе бар, ким ушул бешөөнүн бир нерсеси менен өлсө, ал шейит: Аллах жолунда өлтүрүлгөн адам шейит; Аллах жолунда сууга чөгүп өлгөн адам шейит; Аллах жолунда ичи ооруп (өтүп) өлгөн адам шейит; Аллах жолунда кара тумоо менен ооруп өлгөн адам шейит; Аллах жолунда төрөттөн өлгөн аялдар шейит». (Албаний өкүмү, Сахих, 407).

Суроо: бул эки хадис бири-бири менен жамдашабы же ортолорунда карама-каршылык барбы? Ушул нерсени ачыктап түшүндүрүп берсеңиз, ырахмат.

Экинчи суроо: шейиттер темасына байланыштуу дагы бир хадисте Абдиллаахи бин Амр бин Аас Gдан айтты: Пайгамбар A айтты:

«يُغْفَرُ لِلشَّهِيدِ كُلُّ ذَنْبٍ إِلَّا الدَّيْنَ»

«Шейиттин бардык күнөөлөрү кечирилет, бир гана карызы кечирилбейт».

Суроо: шейит шейит кетишинен мурда карызын төлөөгө кудурети жок болсо… ал шейит кеткенден кийин анын карызын ким төлөйт?

Асмааъ Фавзий Мухаммад.

Жооп:

Ассаламу алайкум рохматуллоохи уа барокаатуху.

Биринчи, шейиттерге байланыштуу:

  1. Муслимдин сахихинде Абу Хурайра Gдан риваят кылат: Пайгамбар A айтты:

«بَيْنَمَا رَجُلٌ يَمْشِي بِطَرِيقٍ وَجَدَ غُصْنَ شَوْكٍ عَلَى الطَّرِيقِ فَأَخَّرَهُ فَشَكَرَ اللَّهُ لَهُ فَغَفَرَ لَهُ وَقَالَ الشُّهَدَاءُ خَمْسَةٌ الْمَطْعُونُ وَالْمَبْطُونُ وَالْغَرِقُ وَصَاحِبُ الْهَدْمِ وَالشَّهِيدُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ»

«Бир адам жолдо баратып жолдогу тикенектүү бутакты көрүп, аны жолдон алып койсо, Аллах ага ыраазычылык билдирип, аны күнөөлөрүн  кечирет. Айтты: шейиттер бешөө: кара тумоо менен өлгөн, ичи ооруп өлгөн, чөгүп өлгөн, уранды астында өлгөн, Улуу, Урматтуу Аллах жолунда шейит кеткен адам».

  • Тахаавийдин «Мушкил асаар» баянында: Укбат бин Аамир Gдан айылат: Пайгамбар A айтты:

«خَمْسٌ مَنْ قُبِضَ فِي شَيْءٍ مِنْهُنَّ فَهُوَ شَهِيدٌ: الْمَقْتُولُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالْغَرِيقُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالْمَبْطُونُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالْمَطْعُونُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالنُّفَسَاءُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ»

«Беш нерсе бар, ким ушул бешөөнүн бири менен өлсө, ал шейит: Аллах жолунда өлтүрүлгөн адам шейит; Аллах жолунда сууга чөгүп өлгөн адам шейит; Аллах жолунда ичи ооруп (өтүп) өлгөн адам шейит; Аллах жолунда кара тумоо менен ооруп өлгөн адам шейит; Аллах жолунда төрөттөн өлгөн аялдар шейит». (Насааи жана Табароний риваят кылган).

  • Бул эки хадистин ортосунда карам-каршы келе турган нерсе жок. Муслим риваятындагы хадис мутлак (жалпы) түрдө айтылган:

«الْمَطْعُونُ وَالْمَبْطُونُ وَالْغَرِقُ وَصَاحِبُ الْهَدْمِ»

«Кара тумоого кабылган, ичи ооруп, чөгүп, уранды астында калган». Ал эми, экинчи хадисте бул абалдар Аллах жолунда болушу менен мукайад кылынган (байланыштырылган):

«وَالْغَرِيقُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالْمَبْطُونُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ، وَالْمَطْعُونُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ شَهِيدٌ»

«Аллах жолунда сууга чөгүп өлгөн адам шейит, Аллах жолунда ичи ооруп (өтүп) өлгөн адам шейит, Аллах жолунда кара тумоо менен ооруп өлгөн адам шейит». Мутлак хадисти мукайад хадиске жүктөө менен эки хадис жамдаштырылат. Анын негизинде бул хадистерде айтылгангандар Аллах жолунда болушу менен шейит өкүмүндө болушат. «Аллах жолунда» сөзүнүн маанисин анын каринасы аныктайт. Эгер, нафака сөзү менен бирге келсе (Аллах жолунда нафака кылгандар) же жихад сөзү менен бирге келсе (Аллах жолунда жихад кылгандар), мунун мааниси Аллахтын калимасы бийик болушу үчүн согуш алып барганды билдирет… Бухарийдин сахих риваятында келгендей: Аби Муса G айтты: Пайгамбар Aга бир киши келип айтты: «Бир адам олжо үчүн согушса, бир адам аты калышы үчүн согушса, бир адам кадыр баркы көрүнүшү үчүн согушса, кимисиники Аллах жолунда болот?». Пайгамбар A айтты:

«مَنْ قَاتَلَ لِتَكُونَ كَلِمَةُ اللَّهِ هِيَ الْعُلْيَا فَهُوَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ»

«Ким Аллахтын сөзүн улуу кылуу үчүн согушуса, ошол Аллах жолунда болот». Эгер, «Аллах жолунда» сөзүн маанисин аныктай турган каринасыз айта турган болсоң, анын далалаты Аллахка баш ийүү жана ага жакындоо маанисинде болот. Ким момун болуп, Аллахка баш ийген абалда жогоруда хадисте айтылган шартта өлсө, ал акырет шейити болуп саналат. Бир гана Аллах жолунда согуш кылган адам мындан тышкары, ал бул дүйнө жана Акырет шейити болуп саналат. Башкача айтканда, ичи ооруп өлгөн адам Аллахка баш ийген абалда өлсө, ошол сыяктуу эле, сууга чөккөн, кара тумоого кабылган ж.б. хадисте айтылган адамдар Аллахка баш ийген абалда өлсө, анда, шейит болушат. Ал эми, хадисте айтылган абалдардагы адамдар Аллахка баш ийбеген абалда өлүшсө, анда, хадистин өкүмү аларга түшпөйт. Тактап айтканда, шейит болушпайт.

Экинчи, шейиттин төлөй албай калган карызы тууралуу сурооң: анын карызын мураскору төлөйт. Анын мураскорлору да анын карызын төлөөгө кудуреттери жетпесе, анын карызын мамлекет өз мойнуна алат. Пайгамбар Aдын хадисинде айтылат:

«أَنَا أَوْلَى بِكُلِّ مُؤْمِنٍ مِنْ نَفْسِهِ، مَنْ تَرَكَ مَالاً فَلِأَهْلِهِ، وَمَنْ تَرَكَ دَيْناً أَوْ ضَيَاعاً فَإِلَيَّ وَعَلَيَّ»

«Мен ар бир момундун нафсисинен да ага жакынмын (акылуумун), ким мал калтырса, ал өз үй-бүлөсү үчүн, ким карыз калтырса же жетим, жесирди калтырса, ал менин моюнумда». (Муслим риваяты). Абу Дауд Жаабир Gдан риваят кылган хадисте айтылгандай: Айтты: «Пайгамбар A мойнунда карызы болуп өлгөн адамдын жаназасын окуган эмес. Жаназа алынып келинди. Пайгамбар A айтты: «Анын карызы барбы?». Айтышты: «Ооба, эки динар». Айтты: «Жолдошуңардын жаназасын окуй бергиле». Абу Кутада Ансорий айтты: «Ал эки динар менин мойнумда, я Расулаллах». Айтты: Пайгамбар A анын жаназасын окуду. Качан Аллах Пайгамбар Aга фахтарды ачканда айтты:

«أَنَا أَوْلَى بِكُلِّ مُؤْمِنٍ مِنْ نَفْسِهِ. فَمَنْ تَرَكَ دَيْنًا فَعَلَيَّ قَضَاؤُهُ، وَمَنْ تَرَكَ مَالًا فَلِوَرَثَتِهِ»

«Мен ар бир момундун нафсисинен да ага жакынмын (акылуумун), кимдин карызы калса, аны төлөө менин мойнумда, ким мал-дүйнө калтырса, ал мураскорлору үчүн».

Эки суроого жооб жеткиликтүү болду деп үмүттөнөм. Аллах өкүмдар жана билүүчү.

Бурадарыңар Ато ибн Халил Абу Рошта                                29жумадул-аввал, 1441-х.

                                                                                                              24январь, 2020м.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here