Помпео 3-февралда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолукту

211
0

Помпео 3-февралда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолукту

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-февраль күнү Ташкент шаарында Борбор Азиядагы 5 мамлекеттин тышкы иштер министрлери менен жолукту. Помпео “Борбор Азия – АКШ” (С5+1) форматында өткөрүлгөн кезектеги расмий жолугушуунун алдында Украина, Беларус, Казакстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен жолугушуп, аларды Кытайдын уйгурларга жана Борбор Азия карата экспансиясынын алдын алууга о.э. Россиянын аталган өлкөлөрдөгү таасирин алсыратуу стратегиясында кызматташууга чакырды. Өзбекстандын Афганистанда аткарып жаткан иштерин кубаттап, Афганистан менен соода алакасын күчөтүү үчүн 1 миллион доллар бөлүүгө убада берди. Казакстанга болсо Кытайдан келген казак улутундагы мусулмандарды Кытай бийлигине тапшырып койбогону үчүн ыраазылык билдирди.
Демек, АКШнын Борбор Азиядагы стратегиясы бул жердеги мамлекеттерди Кытайга каршы багыттоого о.э. Афганистанда тынчтык орнотуу аркылуу регионду Россиянын экономикалык жана саясий таасиринен чыгарууга каратылган.
Помпео Кыргызстанга тийбей өтүп кетти. Саясатчылар жана саясий эксперттер АКШнын бул этибарсыздыгын ар түрдүү талдап жатышат. Мындан бир аз мурда АКШ Кыргызстан жарандарына виза берүүгө чектөө киргизген эле. 3-февралда “Sputnik” сайты Кыргызстан аэропортуна дипломатиялык почта менен 60 миллион доллардай акча келгени жөнүндө кабарлады. “С5+1” форматынын кезектеги жолугушуусу; Жанар Акаев башында турган жаңы батышчыл партиянын түзүлүшү; шайлоонун алдында батышчыл күчтөрдү колдоо үчүн келгендиги күмөн кылынып жаткан 60 миллион доллар чуусу, мына ушулардын бардыгы бир күндө жүз берди.
АКШнын Кыргызстанга карата позициясы тескери тарапка өзгөрүп барууда. АКШнын кыргыз бийлигине бул нааразылыгын – Россия алсырап бара жатканы себептүү региондо пайда болуп бара жаткан саясий жана экономикалык боштукту орустар жан үрөп Кытай аркылуу толтуруп жатканына байланыштырсак болот. Ушундан келип чыгып айтарыбыз, АКШ Кыргызстанга карата өзүнчө жаңы саясий стратегия түзгөн окшойт.
Акыркы кездерде Кыргызстанда батышчыл идеологиялык кубат күчөп барууда. Бийлик жана саясий чөйрө күндөн-күнгө алсырап, кезектеги бийлик алмашуу үчүн ыңгайлуу кырдаал пайда болуп жаткандай. Бирок, күтүлүп жаткан төңкөрүш жаңы (батышча) көз карашка негизделип, мурункулардан бүтүндөй айырмаланат. Мурунку көтөрүлүштөр россиячыл саясий чөйрө ичинде бийликтеги адамды алмаштыруу негизинде ишке ашырылган болсо, кезектегиси Украинадагы сыяктуу жаңы саясий элитаны пайда кылуу жана мурункуларын саясий майдандан четтетүү аркылуу ишке ашуусу күтүлөт.
Демек, АКШнын Борбор Азиядагы стратегиясы – Россия алсырап, эл аралык саясатта ордун жоготуп бара жаткандыктан региондогу мамлекеттер Кытайдын интеграциясын күчөтүп, ага колония болуп бара жаткандыгынын алдын алуу негизине курулган. О.э. Кытай жана Россияга каршы региондогу бардык стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдөн өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланмакчы болууда.
Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here