«Куала-Лумпур Ислам саммити 2019»: саясий вакиъси, анын ашкере жана жашыруун максаттары

257
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Куала-Лумпур Ислам саммити 2019»: саясий вакиъси, анын ашкере жана жашыруун максаттары

Доктор Фараж Мамдух

Бул саммит Малайзия премьер-министри Махатхир Мухаммаддын чакырыгы менен 2019-жылы 18-21-декабрь күндөрү болуп өттү. Мусулман өлкөлөрүндөгү проблемаларды ачыктоону жана аларга чечим иштеп чыгууну максат кылган бул саммитте Малайзия, Түркия, Катар, Пакистан жана Индонезиядан турган беш мамлекеттин катышуусу күтүлгөн. Бирок, Саудиянын басымы менен Пакистан жана Индонезия катышпады.

Саммит биринчи жолу 2014-жылы өткөрүлгөн, бул жолкусу экинчи ирет өткөрүлүүдө. Саммитте исламий өлкөлөр туш болгон проблемаларды талкуулоо жана жаңы чечимдерди табуу о.э. мусулмандардын, жалпысынан, мусулман өлкөлөрүнүн ахвалын жакшылоо максат кылынганы айтылат.

Ошону менен бирге, саммиттен дүйнөдөгү бардык мусулман уламаларын жана муфаккирлерин бириктирүү жана Ислам хазаратын тикелөө көздөлгөн, саммитке 53 мамлекеттен 400гө жакын өкүлдөр катышты.

Куала-Лумпурда өткөрүлгөн бул саммиттин маңызы кандай, ал ийгиликтүү чыгабы же ал да Малайзияда жана дүйнөдө өткөрүлүп келе жаткан миңдеген ийгиликсиз саммиттердин бири болобу?! Мисалы, Ислам Кызматташуу Уюму, Аскерийликке Бейтарап кыймыл, Араб Мамлекеттеринин Лигасы жана башка эл аралык уюмдардын Ислам Умматы башынан өткөрүп жаткан проблемаларды чечүүдө ийгиликсиздикке учурашканы сыяктуу. Ушунча саммиттер жана эл аралык уюмдар Уммат проблемаларын аныктап, аларды чече алдыбы?! Алар чече алышпаган соң, мындай күчсүз саммитке жана анын баяндарына не муктаждык бар? Бул саммиттин артында жарыя кылынбаган максаттар барбы? Анын саясий вакиъси кандай?

Саммитте катышкан же андагы негизги мамлекеттердин вакиъси саммит мусулман өлкөлөрүндө өзгөрүү жасоого же проблемаларды чечүүгө кудуреттүү эместигин көрсөтүп турат. Анткени, бул мамлекеттердин баары саясий жактан алганда дээрлик саясий эркке ээ эмес. Алар Катар сыяктуу бирер мамлекетке көз каранды же Түркия жана Малайзия сыяктуу бирер мамлекеттин таасири астындагы мамлекеттер. Андыктан, бул мамлекеттерден – алар көз каранды болгон мамлекеттердин басымыз – өзүнчө бирер тышкы саясий иштерди аткаруусун күтүү мүмкүнбү?!

Бул мамлекеттер исламий өлкөлөрдөгү проблемаларды жана маселелерди чечүүгө демилге көтөрүп жатышкан болсо да, бирок, Фалестин, Кашмир, Ирак, Афганистан, Сирия, Чеченстан, Босния, Мьянма, Сомали сыяктуу мамлекеттердеги мусулмандардын эски жана жаңы кандуу маселелерин бир жолу болсо да чечишкенин көрбөдүк. Тескерисинче, бул мамлекеттер проблеманын чечими эмес, проблеманын бир бөлүгү болуп келишүүдө. Жада калса, алар мусулмандардын проблемалары жана кризистери учурунда колонизатор мамлекеттердин пайдасына шерик болушууда. Мисалы, саммитке келбеген Пакистан Кашмир жана Афганистан маселесинде, Түркия менен Иран Сирия маселесинде колонизаторлорго шерик. Же Катар сыяктуу мамлекеттер мусулмандардын кыргын кылынып, азап-кыйынчылыктарды тартып жатканына ооз ачышпастан, кол куушуруп карап турушат… яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырып, экономика жана нефть жаатында ашкере же жашыруун алака орнотуп жатышат.

Мына, Эрдоган Кытайга барганда уйгурлардын маселесин бул мамлекеттин ички иши деди!

Ошондуктан, аң-сезимдүү мусулман киши бул сыяктуу саммиттерге күмөн менен карап, алардын артындагы түпкү максат кандай деп ойлоп калды.

Бу мамлекеттердин ушундай саммиттерден көздөгөн максаты өздөрүнүн чыныгы милдетин аткарбай жатышканын жашыруу эмеспи, деги, алар колонизаторлордун Ислам жана мусулмандарга каршы чабуулуна каршы өз армияларын аракетке келтирип, Умматтын мазлум перзенттерине нусрат-жардам берүүгө милдеттүү эмес беле?!

Же Ислам мамлекети аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого үндөгөн ураандардан жана талаптардан чалгытып, жаңыча исламий колдоону издеп жатышабы?! Же исламий делген мындай саммиттерден исламий өлкөлөрдөгү кыймылдарды, партияларды, уламаларды, муфаккирлерди жана активисттерди тизгиндөө көздөлгөнбү? Алар ушул мамлекеттердин эли болгон катардагы мусулмандарга туура келбейт деген нерсени шылтоолоп ушул мусулмандарды муътадилге жана экстремистке бөлүүнү көздөшкөнбү?

Бу сыяктуу саммиттердин артында ушул жана башка көптөгөн карамүртөз максаттар турат, аларды үйрөнүү, ачыкка чыгаруу жана алардан этият болуу зарыл. Өлкөлөрүбүздө саммиттер көбөйдү, бирок, алар мусулмандарга жалаң гана жанмадык жана ойрондулук алып келүүдө. «Терроризмге» каршы күрөш саммити менен «Кескиндик бороону» буга жаркын мисал.

Роя гезити, №267, 2020-жыл, 1-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here