Кожоюндун соккусу башка, кулдун соккусу башка!

58
0

Кожоюндун соккусу башка, кулдун соккусу башка!

Абу Хамза Хутваний

Америка ушул айдын башында Ирандын Ирактагы согушкерлерине соккуларды берди… Аскерлер жана калк тартылган согушкерлерден турган Иранга караштуу ондогон аскерий набыт болду. Америка бул соккуларда Касим Сулайманийди бутага алды… Сулайманий Иран Ыңкылап сакчыларынын Куддус кошуунунун командачысы эле. О.э. бул соккуда Сулайманийдин элди мобилизациялоо тобунун орун басары инженер Абдулгани да бутага алынды.

Бу соккуларга жооп иретинде Иран да АКШнын Анбардагы аскерий базасына жана Ирак түндүгүндөгү Арбил шаарында жайгашкан аскерий базасына бир нече ракета соккуларын жолдоду… Ракеталардын баары ээн калган жерлерге түшүп эч кандай зыян болбоду… бир да америкалык аскер же аскерий жабдык зыян тартпады.

Иран Американын душмандыгына мына ушундай жооп жетиштүү деп эсептеди. Жооп артынан анын тышкы иштер министри Мухаммаджавад Зариф: «Эгер, Америка кырдаалды курчутпаса, биз маселени ушул жерде жабабыз», — деди. Трамп Иран бомбаларынан эч бир америкалык аскер зыян көрбөгөнүн билдирип, Америка Сулайманийди өлтүрүү менен Иранды жазалады, анткени, бул кимсе АКШ элчилигине каршы жаман нерселерди ниет кылган деди. Ушундай таризде Американын текеберлиги жасалган нерселер үчүн гана эмес, ниеттер үчүн да тергеп-тескөөгө жана өлтүрүүгө чейин жетти.

Эгер, Американын Иранга жолдогон соккусу менен Ирандын Америкага жолдогон соккусун салыштырып көрсөк, Америка соккусу кожоюндун соккусу, ал эми, Иран соккусу кулдун соккусу болгонуна күбө болобуз. Бул айырманы ушул пункттарда жаркын түшүнүү мүмкүн:

  1. Сокку операциясын баштаган да, аны жалгыз өзү аткарууга чечим кылган да, бул үчүн ыңгайлуу убакытты тандаган да – Америка. Ал бул операциясын эч ким менен кеңешпестен, жада калса, НАТОдогу эң жакын союздашы Британияны да кабардар кылбастан аткарды.
  2. Мунун тушунда Иран реакция катары өч алуу соккусун жолдоду жана соккудан мурун ортомчулар аркылуу бул чечимди Америкага (этият чараларын көрүп алышы үчүн) жеткирди. Мисалы, Иран сокку жолдошунан мурун бул жөнүндө Ирак премьер-министри Адил Абдулмахдий билген, бул тууралуу ал билдирүү берди. О.э. бул соккудан Тегеранда АКШ кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып жаткан швейцариялыктар да кабардар болушкан. Мындан тышкары, америкалык аскерий булактар да сокку жөнүндө Иран режиминен маалымат алышкан жана Иран булактары да муну четке кагышпады. Кала берсе, айрым ирандык расмийлер сокку жөнүндө америкалыктарды алдын ала кабардар кылышканын, алардан эч ким өлүшүн же жарадар болбошун каалаганын айтышты.
  3. Америка Ирандагы жана региондогу өз малайларына массалык маалымат каражаттары аркылуу «кубанычтуу кабар» айтты. Ушул коркутуу жана айыптоо таризиндеги кабар – Американын малайларынан кимдир бирөө Сулайманийге окшоп, анын кызыл сызыгынан чыга турган болсо, аны катаал жана кандуу өлүм күтөт, бул малайлар Америка зарыл учурда пайдаланып, каалаган учурда четке ыргыта турган бир каражат гана, анын ордуна башка малайларды алып келет дегенди түшүндүрөт.
  4. Иран жооп соккусун жолдоп, маалымат каражаттары аркылуу ишара кылган кабарына келсек, бул да ички коомдук пикирге, АКШ жана Батышка да каратылган кабар болду:

а)   Ички коомдук пикирге:

Иран өзүнүн коомчулугуна курулай сөздөрдү айтып, Американы жеңгенин билдирди жана «каршылык кыймылы» делген күчтөргө жетекчилик кылууну улантарын баса белгиледи… Американы, яхудий вужудун, Амирликтерди жана Саудияны жок кылуу жөнүндө куру сөздөрдү айтты.

б)   АКШ жана Батышка:

Ирандын АКШ жана Батышка жолдогон ишарасында кордук, итааткөйлүк жана моюн сунуу даана көрүнүп турду. Иран региондогу АКШ кызыкчылыктарына зыян жеткирүү ниетинде эместигин, жада калса, Касим Сулайманий сыяктуу, жеке жаңылыштыкка барбастыгын көрсөттү. Американын айыптоолору канчалык катаал болбосун, ага ыраазы экенин билдирип, Америка менен биргеликте мусулман согушкер жамааттарга жана «терроризмди» шылтоолоп исламий уюмдарга каршы күрөштү улантарын баса белгиледи.

Биринчи – Американын кожоюндук соккусу жана экинчи – Ирандын кулдук соккусу ушундай. Биринчиси, эркин сокку, экинчиси, көз каранды кулдук сокку.

Ошентип, бул окуялар «каршылык кыймылы» делген таяныч көбүк экенин ачыктады. Иран бул таянычтын кор коркок жетекчиси болуп, Американын соккуларын ушул даражада итааткөйлүк жана алкыштоо менен кабыл алып жаткан соң, ири командачылары өлтүрүлсө да, татыктуу жооп кайтара албаган соң, анда, аны ээрчип жаткандарга эмне десе болот?!

Иран жетекчилиги татыктуу жооп кайтара албастыгын гана ырастап калбастан, Америка пландарын ишке ашырууда мусулмандардын Сирия жана Ирактагы козголоңдоруна каршы тил бириктирүүнү таптакыр токтотпостугун дагы бир ирет тастыктады.

Яхудий вужудуна каршы согушта жардам берүүдө деп Иранга дале ишенип жаткандар акыйкатты билип коюшсун. Ушул максатта Иранга ишенүү жалган жана закымдан башка нерсеге алып барбайт. Иран Америка менен келишпестен саясий кадамдарды шилтебейт. Кечеги күнкү төрт келишим биз үчүн жетээрлик ибрат. Мурун Иран Иракта жана Афганистанда Америкага башка мамлекеттерге караганда берилгендигин көрсөткөн. Бүгүн да Ирандын арамза миссиясы мусулмандардын козголоңун тирүүлөй көмүүгө жана канкор Асад сыяктуу тогуттарды колдоп-кубаттоого багытталган.

Баарына ушуну айтабыз, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалык мамлекети тикеленбесе, Ислам Умматынын барлыгы көрүнбөйт. Андыктан, Ислам жана мусулмандарга жардам бермекчи болгон киши ушул мамлекетти тикелөөгө аракет кылсын. Анткени, АКШга жана башка кафир мамлекеттерге каршы турууга, Фалестинди жана башка басып алынган күчсүз исламий өлкөлөрдү азат кылууга жалгыз Халифалык мамлекети кудуреттүү. Расулуллах ﷺ:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот», — деп азыркы залим падышалык заманынан кийин кайра тикелениши жөнүндө башарат кылган мамлекет да – ушул Халифалык мамлекети.

Роя гезити, №269, 2020жыл, 15январь.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here