Тажикстанда эң ири мечиттердин бири кинотеатр кылынат

282
0

Тажикстанда эң ири мечиттердин бири кинотеатр кылынат

Тажикстандын Хожент шаарындагы Нур Ислам мечити кинотеатр кылынат. Бул тууралуу Согди облусунун маданият департаментине таянып, Asia-Plus басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, аталган мечит өлкөдөгү ишмердүүлүгү токтотулган эки миңинчи мечит болуп калды. Бул мечиттер документтери туура эмес толтурулган деген жүйө менен ресторан, бала бакча, тигүүчү фабрикаларга айлантылууда. Нур Ислам мечити 5000 адамга ылайыкталып салынган эле.

Байыртадан мечит жана медреселер мусулман үммөтү үчүн эң бир кадырлуу жана ыйык жайлар болуп келген. Анткени, мечиттерде ибадат кылуу менен бир катарда мусулмандардын проблемалары чечилген. Айрыкча, социалдык маселелерди чечүү жараяны казыга кайрылуудан мурда мечиттерде жарыя кылынып, чечим табуу жолун тандашкан.

Ал эми тажик бийлиги Ислам баалуулуктарына каршы күрөшүн тынымсыз улантып келүүдө. Буга чейин имам-хатибдер спектакль көрүүгө милдеттендирилип, улуттук эмес хижабдарды сатууга, эркектердин сакал коюшуна о.э. жаңы төрөлгөн балдарга исламий ат коюуга тыюу салынган.

Эркиндик деп төш каккан эл аралык уюмдар болсо, популисттик чакырыктар, рейтингдерди түзүүдөн ары өтө албашы бышык. Анткени, Ислам баалуулуктары, эң биринчиден, ушул эл аралык уюмдар таянган дүйнөлүк түзүмгө коркунуч туудурат. Ошондуктан, бул уюмдар өз күрсүлөрүн сактап калуу үчүн зулумдук үстүнө зулумдук кылып жаткан акимдердин кылмыштуу аракеттерине сүкүт сакташат. Алар тескерисинче, акимдин айтканына кыңк дебей турган “мээлүүн” мусулмандар армиясын пайда кылууга бардык күчтөрүн сарпташат.

Андыктан, өз Исламыбызды толук кармануу үчүн, аны үйрөнүп, аны жашоого алып келгенге шашылалы. Антпесе, бул кордук абалыбыз, акимдердин жана колонизаторлордун зулумдугу күн санап өсүшү мүмкүн, бирок азайбайт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here