Өзбекстан тыюу салынган диний уюмдардын тизмесин жарыялады

318
0

Өзбекстан тыюу салынган диний уюмдардын тизмесин жарыялады

Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети өлкөнүн ичинде таратып-жайылтууга тыюу салынган диний китептердин, материалдардын, сайттардын жана экстремисттик-террорчу деп тапкан уюмдардын жаңыртылган тизмесин бекитти. “Азаттык” үналгысынын билдиришинче, тизмеде 40 барактан турган тизменин көбүн диний адамдар жана уюмдардын социалдык тармактагы баракчалары түзөт.

Тизмеде «Хизб ут-Тахрир» уюму, «Нуржулар», «Акрамиттер» коому, «Нусафарадийя», «Катиба Таухид валь-Жихад», «Жабхат ан-нусра», «Таблиги жамаат» кыймылдары бар. О.э. тизмеде Нурилло Отаханов (Нурулло Мухаммад Рауфхон), Фазлиддин Парпиев, Мухаммадсолих Абутов, Обидхан кары Назаров, Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ас-Сараксий” мечитинин имамы болгон Рашод Камолов менен анын маркум атасы, Мухаммадрафик Камолов сыяктуу адамдар бар.

Документте, бул тизме маал-маалы менен жаңыртылып турары белгиленген.

Комментарий:  Өзбекстан Ислам дини менен күрөшүү стратегиясын өзгөрттү. Каримов режими күрөштү исламий же оппозициячыл адамдарды жок кылууга караткан эле. Ал эми учурдагы күрөш исламий идеологияга каратылып, анда үммөттү мабдаий исламий пикирлерден тосууга көңүл бурулат. Бирок күрөштүн мазмуну да, режим да өзгөрбөдү!

Идеологияга каршы күрөш – негизинен исламий райлар менен, башкача айтканда мамлекет жүргүзүп жаткан, куфрга негизделген башкаруу системасына исламий райларды ылайыкташтыруу (бурмалоо) жолдору менен алып барылат. Бул үчүн аларга калктын исламий сабатсыздыгы өтө маанилүү. Ошондуктан, бул стратегиянын негизи пикирди тосууга каратылат. Өз кезегинде, жарандар пикир жайылтуучу жана пикирий жетекчилик жөндөмүнө ээ болгон адамдардан да этият кылынат.

Жогорудагы тизмеде он жылдай мурда ааламдан өткөн шейит Рафик кары Камалов жана анын беш жылдан бери Кыргызстан түрмөсүндө отурган уулу Рашод кары Камаловдор да бар экендиги пикирибизди кубаттайт. Негизи, алардын бири бул дүйнөдөн өткөн, экинчиси абакта отурат. Демек Өзбекстанды алардын өзү эмес, алар көтөрүп чыккан идеологиялык пикирлер коркутууда! Пикирлер негизинен социалдык тармактар аркылуу жайылат. Режимдин социалдык тармактарды көзөмөлдөөгө же тыюу салууга кудурети жетпейт. Ошондуктан, Мирзиёев өзүнө кызмат кылуучу блогер уламалар бригадасын түзүүгө олуттуу көңүл буруп жатат.

Демек, жогорудагы тизменин жарыя кылынышы, кийинки баскычта интернет тармактарын көзөмөлдөө үчүн массалык түрдө телефондорду текшерүү иштерине шарт түзүлүп жатканын билдирет. Учурунда Кытай да кудум ушундай жол менен жүрүп, көчөдө массалык түрдө телефондорду  текшерүү жолу менен миллиондогон мусулмандарды лагерлерге жөнөткөн эле. Өзбекстан да жогорудагы тизмени жаңыртып, тыюу салынган материалдарды жана аларга каршы чектөө операцияларын да күчөтүп бара берет. Кытай өкмөтү бүгүнкү күндө, ал тургай, дуба кылууну да кылмыштар тизмесине кошту.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here