ЭРДОГАН ЖАНА ПУТИН ТАНДЕМИ: ЭМИ ЛИВИЯ

342
0

Эрдоган жана Путин тандеми: эми Ливия

Ливия маселесине киришүүдөн мурун Сирияга бир аз токтолуп өтсөк. Ошондо бул тандемде АКШ кызыкчылыгын коргоо жатканы айкындашат. Сирияда козголоң башталганда зулумга каршы чыккан эл Сирия президенти Башар Асадды кулатуусуна аз калганда, АКШ өз малайы Асадды куткарып калуу үчүн Иранды, Россияны, Түркияны согушка тартты. Иран менен Россия ачык эле Асадды колдоп, мусулмандарды кыргын кылды. Түркиянын (Эрдоган башында турган түрк режиминин) да максаты Асадды куткаруу болгон, себеби, ал да АКШ малайы!!! Бирок, исламий туйгулар козголоңчу мусулмандар тарабында болгондуктан, Түркия куулук жолуна өттү. Түрк режими козголоңчуларга курал-жарак, акча берип олтуруп, алардын саясий эркин, чечимдерин, согуш талаасындагы багыттарын башкара баштады. Кийин Түрк режими «Ефрат калканы», «Зайтун бутагы», «Тынчтык булагы» деген аскерий амалияттарды баштап, калыс козголоңчуларды Башар Асадга каршы согушууга эмес, башка багытка салды. Мунун натыйжасында, мужахиддер жогорудагы амалияттарга тартылгандыктан, Асадга каршылык кылып жаткан фронттор начарлап, Асад режими козголоңчу мусулмандардын көп аймактарын ээлеп алды. Мына ушундайча Түрк режими Асадга козголоңчулардын аймактарын ээлеп алышына мүмкүнчүлүк жаратып берди. Айтымдарга караганда, бүгүнкү күндө Түркиянын Сириядагы амалияттарына 80 миңден ашуун козголоңчу мусулмандар катышып жатат. Эгер, бул үлкөн сандагы кошуун Асадга каршы согушканда, алар курчоодо турган Идлибди гана азат кылып калбастан, а түгүл, Дамаскка да жетип барышмак, бирок, Түркия режиминин максаты ал эмес. Ушинтип бүгүн Эрдоган менен Путин тандеми Сириядагы аскерий жана саясий өңүттү толук колго алып, Башар Асаддын режимин бекемдөө аракетин алып барууда. Бул тандем Сириядагы аскерий кырдаалды көзөмөлдөп жатат: Россия Асадга аскерий жардам көрсөтүп жатса, Түркия козголоңчуларды Асадга каршы күрөшүүдөн тыйып турат. Ошондой эле, бул тандем Сириядагы саясий кырдаалды да көзөмөлдөп жатат: Асадды сактап калууга багытталган конференцияларды өткөрүп, анын конституция долбоорун даярдап берүүдө.

Ливиядагы абалга кыскача токтолуп өтсөк, Каддафи режими кулагандан кийин Ливияда эки бийлик пайда болду: бири Европага малай Улуттук келишүү өкмөтү (УКӨ), экинчиси, АКШга малай фельдмаршал Хафтар бийлиги. Учурда Хафтар өз кошууну менен Улуттук келишүү өкмөтү жайгашкан Триполи аймагын камалап жаткан маал. Ливиядагы абал да Сириядагы абалга окшоп бара жатат. Бул жерде да Россия менен Түркия режимдери АКШ малайы Хафтарды колдоого аракет кылышууда. Россия ачык эле Хафтардын тарабын алып, аскерий жактан колдоо көрсөтүп жатат. Ал эми, Түркия режими УКӨнү колдомокчу экенин билдирди жана аскерий кеңешчилерин Ливияга жөнөтө баштады. Ушул жерде, Хафтар Американын малайы болсо, Эрдоган Хафтарды колдобойт беле деген суроо туулат. Суроонун жообу мындай: азыркы абалда Түркия Хафтардын тарабында тургандан көрө, УКӨ тарабында туруп аракет кылганы АКШ үчүн пайдалуу. Себеби, негизги максат – Хафтарды бийликке алып келүү же болбосо, жаңы бийликтеги маанилүү кызматтарды анын колуна өткөрүү. Бул үчүн Улуттук келишүү өкмөтүн (УКӨнү) күчсүздөнтүү керек.

Түркия УКӨгө колдоо көрсөтүп, ошол эле учурда, аны кантип күчсүздөнтөт? Ал мындайча! Хафтарга каршы согушуп жаткан УКӨ кошуунунун курамында исламий жамааттар жана муътадил исламды карманган жамааттар көп. Андан тышкары, Ливияда Көроглу деп аталган түрктөр жашайт, алар Ливия калкынын болжол менен 22 %ына (1.4 миллионго) барабар. «Триполини коргоодо Улуттук келишүү өкмөтүнө (УКӨ) жардам берип жаткан аскерий кошуундардын 80 %ын Көроглу түрктөрү түзөт». («Yeni Akit» (Түркия), 15.01.20). Түркия режими Сирияда кылгандай, бул жерде да ушул исламий туйгулуу жамааттарды жана түрктөрдү алдап өзүнө тартып, алардын эркине, чечимдерине, согуш талаасындагы аракеттерине таасир кылмакчы, башкача айтканда, согуш талаасында Хафтарга ыңгайлуу чөйрө жаратып бермекчи.

Буларга кошумча, Россия менен Түркия Ливия маселесине аралашып, өзүлөрүн Ливиядагы негизги оюнчулардай көрсөтө алышты. Башкача айтканда, бул тандем Ливиядагы аскерий жана саясий өңүттү – Ливиянын келечегин толук колго ала баштады. Ошондуктан, Европа УКӨнү т.а. Ливиядагы таасирин сактап калуу үчүн шашкалактап, 19-январда Берлинде Ливия боюнча конференция өткөрүүгө катуу аракет кылууда. «Түпкүлүгүндө, алар (европалыктар) Ливияда улам күчөп бара жаткан орус-түрк огу менен кагылышуусуна туура келет. Москва менен Анкара бири-бирине каршы турган лагерлерди колдоп жаткандай болуп көрүнөт: орустар Хафтарды жана түрктөр УКӨнү колдоп жаткандай. Бирок, алар келекчектеги саясий чечимдин кепили болуу үчүн биргелешип аракет кылышууда, кудум, биргеликте Сирияда аракет кылышкандай». («Le Monde», (Франция) 17.01.20).

Россия менен Түркия режимдери бири-бирине каршы тарапта көрүнөт, бирок, максаттары бир: Сирияда Башар Асадды сактап калуу жана Ливияда Хафтарды бийликке алып келүү. Бул натыйжалар болсо АКШ кызыкчылыктарына гана кызмат кылат.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here