Разаков: Чек арадагы окуялар Тажикстан менен сүйлөшүүнү татаалдаштырууда

313
0

Разаков: Чек арадагы окуялар Тажикстан менен сүйлөшүүнү татаалдаштырууда

Баткенде чек ара маселеси боюнча өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков митингге катышкан айыл өкмөт башчыларына жана туугандарына тили өтпөгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылды.

Разаков бул аркылуу провокаторлор катары кармалган айылдын 4 тургунун бошотууну талап кылган митингге жана 2019-жылы 14-жолу жүз берген жаңжалга ишара кылды.

О.э. мамлекеттик саясатка, президенттин саясатына каршы чыккан жетекчилерге бир жуманын ичинде чара көрүлүшү керектигин билдирди.

Сереп: Колонизатор мамлекеттер алсыз мамлекеттердин ортосуна чек араларды тартып жатканда атайылап талаштуу аймактарды калтырышат. Алар алсыз өлкөлөргө басым өткөрүүдө ушул чек ара көйгөйүнөн пайдаланышат.

Разаков кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгын жана эл аралык саясат кызыкчылыгы негизинде иш кыла турган саткындыгын жашыруу үчүн, кырдаалдын курчушуна элди жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн айыптады!  Сүйлөшүүлөрдүн натыйжа бербей жатышына да калкты айыптуу кылып көрсөтмөкчү болууда.

Негизи проблема чек арада эмес. Проблема – эл аралык саясатта таасирге ээ болгон кубаттуу мамлекеттер ортосундагы геосясий жана башка кызыкчылыктарда. Чек ара көйгөйүн чечүү менен эле проблема чечилип калбайт. Чек араны тактаган күндө деле колонизаторлор башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып, мамлекеттерибиздеги кырдаалды курчута беришет.

Демек, учурдагы эл аралык саясаттын күч-кубат булагы болгон дүйнөлүк башкаруу системасында жашап жаткан соң, дүйнөнүн бардык аймактарында ушундай абал улана берет. Дүйнөлүк башкаруу системасы эл аралык саясаттын кызыкчылыгына кызмат кылат. Эл аралык саясат ири, кубаттуу мамлекеттердин таасири астында. Капитализм болсо демократия идеологиясын эл аралык саясаттын колония кылуу куралы кылып алды. Кыргызстандын башкаруу системасы да демократияга негизделген. Демек, ал да эл аралык саясаттын тузагына түшкөн мамлекеттердин бири!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here