Аялдарга зомбулукту азайтууда арактан арылуунун орду

333
0

Аялдарга зомбулукту азайтууда арактан арылуунун орду

Акыркы күндөрү коомчулукта, ал тургай, мамлекеттик деңгээлде аялдарга кылынган зордук-зомбулуктун күчөшү тууралуу кабарлар кеңири таркалууда. Ушул эле учурда, бул мүшкүлгө карата чечимдер да сунушталууда. Алар жеке адамдар, коомдук уюмдар жана мамлекет тарабынан болууда. Албетте, бул мүшкүл бардыгыбыздын мүшкүлүбүз экени чындык. Жеке адам катары, зомбулук көргөн аялзаты бирибиздин кызыбыз, бирибиздин карындашыбыз…  О.э. бул терс көрүнүш коомдук проблема катары күн санап күчөп барууда. Ал эми, мамлекет муну жоюуга милдеттүү болсо да, бирок, буга алсыздык кылып жатат. Албетте, мунун чечимдери жаатында – проблемалар чечимдерин жана аларды ишке ашыруу жолдорун камтыган жашоо системасы катары – Ислам дининин өз сунушу бар. Аны менен таанышмакчы болгондор “Исламий шахсия”, “Исламда ижтима түзүмү”, “Исламдагы экономикалык түзүм”, “Исламдагы жаза-чаралар” ж.б. китептерге, “аль-Ваъй” (Аң-сезим) журналынын айрым макалаларына кайрылуулары мүмкүн. О.э. биз дагы аларды ачыктап берүүгө аракет кылып калабыз. Бирок, бүгүнкү темабыз анын алкагындагы кымындай бир бөлүккө гана каратылмакчы. Б.а. аялдарга карата кылынган зомбулукту азайтуудагы арактан арылуунун орду тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 15-январда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, үй-бүлөдө чыр-чатактын 70 пайызы ичимдик ичип алгандан улам чыгарын жана аялдарга карата зомбулуктун көбү да ушуга байланыштуу болорун айтты.

Бирок, мунун каршысында, зордук-зомбулукту азайтуунун бир жолу катары мас кылуучу ичимдиктерге тыюу салууну сунуштаган бир да тарап болбоду. Белгилүү болгондой, Ислам мас кылуучу ичимдиктерди ичүүгө тыюу салат. Аллахтын ага тыюу салган аятын тадаббур кыла турган болсок, аракка тыюу салынышы аялзатына карата зомбулукту кыйла азайтып жиберери да айкын болот. Лекин, Батыштын капиталисттик идеологиясын жаюучу айрым уюмдардын өкүлдөрү о.э. мамлекеттик кызматтар аракка тыюу салуу боюнча таптакыр үн катышкан жок. Негизи, коомдук трибуна алардын бут астында, коомдук микрофон алардын колунда турганына карабастан, алар бул тууралуу айтышпады. Демек, алар ушул проблеманы чечүү ишинде астейдил эмес. Себеби, муну көтөрүп чыгуу жана аны ишке ашыруу аларга кыйын иш эмес эле.

Мисалы, кафир кожоюндарынын буйругу менен “инкарчы”ларга тыюу салыш керек болуп калды эле, заматта аларды жок шылтоолор менен жаманаттыга чыгарышты да, акыры тыюу салып тынышты. Негизи, алар адамдарды жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу менен алектенишер эле. Анын ичинде арак ичүүдөн да кайтарышчу. О.э. алардын иш-амалдарынан эч ким, эч кандай жабыр тарткан эмес. Ал эми аракка келе турган болсок, анын айынан запкы тарткандарды айтып бүтө албайбыз. Ошонун ичинде аялдардын зомбулук көрүүсүнүн көбү да аракка байланыштуу болуп жатканын мамлекет өзү моюнга алууда. Бирок, аракка тыюу салуу боюнча эч кандай демилгелерди көрбөй жатабыз. Бул дегени, исламий баалуулуктарга кайрылбоо жана адамдарды Исламдан алыстатуу дегенди гана түшүндүрөт.

Алхамдулиллах, мунун каршысында, Батыш малайларынын аракты колдоолоруна карабастан, мусулман калкыбызда ага каршы жакшы аракеттер жанданууда. Буга өлкөдөгү бир нече айылдарда арак сатылышына жана ичилишине тыюу салынышы мисал боло алат. Ал демилгечилерден Аллах ыраазы болсун. Эми бул жакшылыкты коомчулук да, мамлекет да колдоого алып, андан ары улантып кетиши керек. Натыйжада, арак өндүрүшү, ташылышы, сатылышы, ичилиши – бардыгы тыйылышы керек. Анткени, Аллах ушуга буйруган.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here