Индонезия Халифалыкка жана жихадга тиешелүү сабактарды таалим программасынан алып салууда

343
0

Индонезия Халифалыкка жана жихадга тиешелүү сабактарды таалим программасынан алып салууда

«Республика» гезитинин сайты хижрий 1441-жылы 18-рабиус-саний, миладий 2019-жылы 15-декабрь күнү жарыялаган кабарда айтылышынча, Индонезия дин иштери министрлиги жакында мектеп программасынан жана экзамендерден Халифалыкка, согушка жана жихадга тиешелүү материалдарды алып салуу жөнүндө токтом чыгарды. Ушул максатта министрлик мектептердеги исламий сабактардагы Халифалыкка жана жихадга тиешелүү темаларды карап чыгууну баштады».

Роя гезити:

Исламга жана анын өкүмдөрүнө каршы күрөшүү – Индонезия режиминин адаты. Өкмөт, айрыкча, дин иштери министрлиги Исламды акаараттаган жана мусулмандардын кыжырын келтирген токтомдорду кабыл алууда. Жаңы өкмөт мечиттердеги сабактарды көзөмөлдөп, мамлекеттик мекемелерде муслималарга никаб кийүүгө тыюу салды. Ушуга таянып, дин иштери министрлиги мектептердеги таалим программасынан Ислам өкүмдөрүн т.а. Халифалык жана жихад жөнүндөгү материалдарды алып салуу жөнүндө токтом чыгарды.

Мындай токтом биринчи ирет болуп жаткан жок. Бирок, бул токтом Индонезия калкын козгоду. Эл токтомго карата кыжырын билдиргенде, дин иштери министри бул материалдарды исламий маданий тарых темасына өткөрмөкчү экендигин билдирди. Бирок, негизи өкмөт бул материалдарды бүтүндөй жок кылмакчы.

Албетте, бул сыяктуу токтомдорго мусулмандар сүкүт кылбашы керек, тескерисинче, ага катуу каршылык кылышы зарыл. Исламий таалим-тарбия программа катары жолго керек. Себеби, исламий тарбия окуучуларда жана студенттерде Исламга болгон ыйманды бекемдейт о.э. Ислам шариятына, анын өкүмдөрүнө жана Расулу ﷺга сыймыктануу туйгуларын күчтөтөт, Ислам жолунда кайраттуу болуу рухун жандантат.

Роя гезити, №266, 2019-жыл, 25-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here