Каркана калкы башынан өткөрүп жаткан азап-кыйынчылыктар мамлекеттин кылмыштарын ачыкка чыгарууда

375
0

Басма сөз баянаты

Каркана калкы башынан өткөрүп жаткан азап-кыйынчылыктар мамлекеттин кылмыштарын ачыкка чыгарууда

Каркана калкы деңиз суусу булганышы, мындан улам, арал калкы үчүн тиричилик булагы эсептелген деңиз жандыктарынын кырылышы артынан коңгуроо кагууда. Бирок, бул окуядан бир айдан ашык убакыт өткөн болсо да мамлекет жана жергиликтүү башкармалык деңиз тиричилигине коркунуч туудуруп жаткан, аралдагы деңиз байлыктарын кыргын кылып жаткан жана деңиз суусун булгап жаткан пролеманы чече албады.

Айлана-чөйрө министрлиги Сафакис вилаятынын Сиди Мансур жээгиндеги деңиз сууларында пайда болгон кызыл түстөрдү байкоонун натыйжасын жарыя кылган. Байкоого ылайык, суу түсүнүн өзгөрүшү майда мохтордун чектен ашык көбөйүп кетишинен пайда болгон. О.э. аба-ырайынын жогорулашы себептүү суудагы кислород көлөмү азайган, натыйжада балыктар кырылып, сасык жыт тараган. Ал эми, калк ушул экологиялык кырсыкка жана андан улам кырылган балыктарга Карканадагы нефть компаниялары жооптуу о.э. Сафакистеги «Сияб» химия заводу, андан чыгып жаткан уу газ жана химиялык чыгындылар себеп болууда деп жатат.

Жасалма эгемендүүлүк доорунан бери Тунисте тынымсыз алмашып жаткан өкмөттөр ушул экологиялык кырсыктын артындагы чыныгы себептерге көз жумуп келишүүдө. О.э. алар эң маанилүү вазыйпаларын таштап, Батыштын кызыкчылыктарын жана колонизатор компанияларын коргошууда. Каркана жана анын айланасындагы аралдар буга жаркын мисал.

Эй, Карканада жана анын айланасындагы аралдарда жашаган калк, Эй Тунис калкы:

Бул өкмөттөр силердин коңгуроо кагышыңарга кайдыгер карашты. Аллахка ант болсун, силер халифа Умар ибн Хаттаб разияллаху анхунун башкаруусундай рошид башкарууну тикелөө үчүн биз менен бирге аракет кылышыңар керек. Умар розияллоху анху жарандардын абалын текшерип жүргөндө ачка калган балдары бар бир аял ага даттанды. Умар ага: «Эй Аллахтын пендеси, Умардын эмне күнөөсү бар?», – деди. Ошондо аял: «Амир болуп туруп, бизди этибарсыз калтырдың», – деди. Умар анын алдынан чыгып, Байтулмалга барды жана ун, май, бал даярдады. Кийин Ибн Авф разияллаху анхуга карап: «Буларды мага көтөргүзүп кой», – деди. Ибн Авф: «Эй момундар амири, мен көтөрөйүн», – дегенде, Умар разияллаху анху: «Жок, мага көтөргүз», – деди. Ибн Авф: «Эй момундар амири, мен көтөрөйүн», дегенине Умар разияллаху анху: «Жок, мага көтөргүз, энесиз калгыр, Кыяматта менин күнөөлөрүмдү көтөрө аласыңбы?», – деди. Кийин нерселерди көтөрүп баягы аялдын алдына барды жана өз колдору менен тамак бышырып берди. Ошондо аял Аллахка ант ичип: «Мухаммадды хак менен жиберген Затка ант болсун, албетте Умарга караганда сен халифалыкка ылайыксың», – деди. Себеби, ал Умарды тааныбайт эле. Умар ошол түндө ачка балдар тоймоюнча уктаган жок.

Хизб-ут-Тахрирдин Тунистеги маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here