Чек арадагы жаңжал боюнча тараптар бири-бирин айыпташты, чындыгында ким айыптуу?

274
0

Чек арадагы жаңжал боюнча тараптар бири-бирин айыпташты, чындыгында ким айыптуу?

Тажикстандын чек ара кызматы 10-январга караган түнү жүз берген окуяда Кыргызстандын жарандарын айыптады.
Буга чейин Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын жарандарын айыптаган эле.

Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлашынча, 9-январдан 10уна караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде саат 00.40та белгисиз адамдар кыргыз жаранынын Баткен шаарына бараткан автоунаасын таш менен ургулашкан. Белгисиз адамдар андан соң Тажикстандын аймагына из жашырып кетишкен. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, машинеде отургандардын арасында жабыркаган кыргыз жарандары бар. Автоунаанын арткы жана каптал айнектери сынган. О.э. Тажикстандын жарандары Кыргызстан жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Кыргызстандык жарандын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кошо бараткан чек арачыларга Тажикстан тараптан майда калибрдүү мергенчи мылтыктан ок атылган.

Ал эми тажик тараптын маалыматы боюнча, 9-январь кечинде Көк-Таштын тургундары чогулуп, тажик жарандарынын жолдон өтүшүнө тоскоолдук кылышкан.

Кечки саат 21.30дар чамасында кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн Кожоало айылынын тургуну Зафар Азамовдун автоунаасына таш менен ургулап, терезесин сындырган.

Коңшу өлкөнүн тургундары мындан соң гана кыргызстандыктардын автоунаасына таш ыргытканы, ал эми 10-январга караган түнү кыргызстандыктар эки жолу мергенчилик мылтыгынан ок атканы айтылат тажик тараптын билдирүүсүндө.


Сереп:  Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин айыптап жатып, бири-бирин ташбараңга алуудан кандай пайда бар экендигин ойлоп да коюшкан жок!  Эки улут бири-бирин ташбараң кылышында кандайдыр бир материалдык же моралдык кызыкчылык жана максат болушу керек!

 Тараптар  бири-бирин айыптап жатышына караганда, бул ишти эки тарап тең кылбаган деген күмөнүбүз тастыкталат. Демек, эки тарапка каршы үчүнчү провокатор күчтөр иш алып барууда. Карапайым калк үчүн мындай провокациялардын эч кандай пайдасы жок! Тескерисинче, бул иштен эки тараптагы карапайым калк гана зыян тартат!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here