Хизб-ут-Тахрир Уммат ичинен чыккан, Умматка кызмат кылат о.э. ал белгисиз эмес!

304
0

Басма сөз баянаты

Хизб-ут-Тахрир Уммат ичинен чыккан, Умматка кызмат кылато.э. ал белгисиз эмес!

Президенттикке талапкерлердин бири, улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Рахматуллах Набил бейшемби күнү басма сөз конференциясында мындай билдирүү берди: «ИШИМ коркунучу күчөп жатат… Бүгүн ысымдары тааныш болбогон партия жана уюмдардын позициялары бекемделүүдө. Афганистандын бир нече региондорунда Хизб-ут-Тахрирдин коркунучу күчөп жатат. О.э. ал ИШИМ менен барган сайын жакындашууда».

Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаятынын маалымат бөлүмү Афганистандагы маалымат каражаттарына жана мусулмандарга Рахматуллах Набилдин далилсиз билдирүүсү жөнүндө ушуларды жеткирет:

Бүгүн Афганистандагы мужахид мусулмандар, калыс уламалар, таасирлүү уруулар, саясий жетекчилер жана жаштар Хизб-ут-Тахрирди билишет. О.э. алар Хизбдин программасын билишет жана Хизб мүчөлөрү менен байланышып турушат. Себеби, Хизб-ут-Тахрир – Афганистан мужахиддеринин перзенттери жана ага-инилери. Ошондуктан, Хизб жана анын мүчөлөрү белгисиз мүмкүн эмес.

Хизб-ут-Тахрир Исламий Умматты, алардын катарында, Афганистандагы мужахид мусулмандарды жетектөө үчүн талыкпастан аракет кылууда. Аларды бул дүйнө жана Акыреттеги абзел жашоого жетектөөдө. Ошондуктан, ал бир күн болсо да афган мусулмандарына коркунуч туудурган эмес. Тескерисинче, аң-сезимсиз, пикирсиз о.э. чет мамлекеттер жана алардын разведка кызматтары менен тил бириктирген саясатчылар афган мусулмандарына, алардын байлыктарына, баалуулуктарына жана акыйдасына тынымсыз коркунуч салып келүүдө.

ИШИМ уюму 2014-жылы Жакынкы Чыгышта пайда болгон күндө эле Хизб-ут-Тахрир ал жөнүндө өз позициясын билдирген, ал уюм шектүү иштери жана кылмшытары менен Ислам жана мусулмандарга зыян жеткиришин жана Ислам душмандарына кызмат кылышын айткан. Бүгүн ошол чындык бүткүл дүйнөгө белгилүү болду. Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрирди ИШИМге алакасы бар деген айыптоолор тайыз пикирлеген саясатчылардын саясий сокурлугун көрсөтүүдө.

Афган мужахиддери Рахматуллах Набил Хизб-ут-Тахрирдин Умматты бириктирүү жана Афганистанда Халифалыкты тикелөө туурасындагы пикирлерине каршы күрөштө ийгиликсиздикке учураганын жакшы билишет. Набил улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп турганда көптөгөн даъватчыларды, өзгөчө, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алып жана азаптады. Бүгүн болсо, Рахматуллах Набил бузуку демократиялык шайлоонун натыйжасынан улам шерменде болду. Ошондуктан, ал Хизб-ут-Тахрир партиясын айыптоо аркылуу саясий ийгиликсиздигин жашырууга урунууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here