Америка Афганистандагы жеңилүүсүн жалгандар менен жашырууда

327
0

Басма сөз баянаты

Америка Афганистандагы жеңилүүсүн жалгандар менен жашырууда

«Вашингтон Пост» гезитинин жазышынча, гезит 2000 бетке жеткен жашыруун документтерди алган. Бул документтер Америка алып барган 18 жылдык Афган согушундагы чындыктарды камтыйт. Алардын эң маанилүүсү: документтерге Америка президенттери, министрлери, дипломаттары жана генералдары Афганистандагы согуштун чындыгын жашырганы жана ал жердеги АКШнын жеңилүүсүн жеңиш катары көрсөтүп, өз калкын алдашканы ачыкталган.

Мындан тышкары, документтерде Америка мекемелери ичинде ички чыр-чатак бар экени о.э. Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Америка куралдуу күчтөрүнө тынымсыз басым өткөрүлүп жатканы көрсөтүлгөн. Гезиттеги бул макала АКШ өзүнүн саясатында колдонуп жаткан алдоо, жалган жана чындыкты жашыруу сыяктуу иштер капиталисттик мабданын негизги бөлүгү экенин айгинелейт. Америка ушул мабданын жетекчиси катары алдоо, жалган жана чындыкты жашыруу вазыйпасын башка вазыйпаларга караганда жакшы аткарып жатат. Бул жөнүндө капитализмдин жетекчи даанышмандарынын бири мындай деген: «Бир жалганды жашыруу үчүн миңдеген жалгандар зарыл болот».

Капитализм аты менен таанылган демократия өз баалуулуктарыңды, ахлагыңды жана берилгендигиңди таштап, прагматик болууну талап кылат. Америка саясаты макиавеллизм негизинде жүргүзүлөт. Ошондуктан, алдоо, кылмыш жана коомдук пикирге таасир кылуу жетик чеберчилик болуп эсептелет.

Америка Афганистандагы согушун башынан эле чоң жалганга негиздеди. Америка терроризмге жана наркотикага каршы күрөшүү, коррупцияга чекит коюу жана улутту тикелөө сыяктуу чоң жалгандар аркылуу Афганистанды басып алды. Акыйкатта болсо, эч канча убакыт өтпөстөн бул жалганчы, кылмышкер жана колонизатор мамлекеттин чыныгы жүзү ачыкка чыгууда.

Американын Афганистан жана Пакистандагы мурдагы элчиси Жеймс Доббинстин айткан сөздөрү Американын Афганистанды басып алуунун артындагы чыныгы максатын ачып берет. Элчи мындай деген: «Биз жакыр мамлекеттерди байытуу, репрессиячыл мамлекеттерди демократиялаштыруу үчүн согушпайбыз. Балким, зордукчул мамлекеттерди тынчтыкты сүйүүчү мамлекетке айлантуу үчүн согушабыз. Бирок, Афганистанда анык жеңилүүгө учурадык».

Афганистан мусулмандары ушуну жакшы түшүнүүлөрү керек, Афганистан менен болгон алакада жалган, алдоо жана кылмышты негиз кылып алган мамлекетке стратегиялык көмөктөш катары карабоо керек. Балким, ага эмне максатта келген болсо, ошол таризде кароо зарыл. Алардын соңку 18 жыл ичинде түзгөн союздары жана убадалары жалган жана алдодон башка нерсе эмес. Ошондуктан, алардын коррупцияга чекит коюу жана наркотикага каршы күрөшүү жөнүндөгү жалган убадалары менен тынчтыкты орнотуу жана согушту токтотуу жөнүндөгү убадалары арасында айырма жок.

Ошондуктан, Афганистан мусулмандары демократиялык деп аталган бузгунчу режимге жана аны башкарып жаткан кишилерге каршы турушу керек. О.э. Америка баштаган ар кандай амалияттарга катышпоо лазым. Алар өз жалгандары себептүү Советтер Союзу сыяктуу кандай жеңилүүгө учурашын көрөлү жана анын абалын карап кубанайлы. Бул үчүн Афганистандын мусулман жана мужахид калкы өз иштерин өзү башкарышы о.э. өз акыйдасына жана баалуулуктарына негизделген мамлекетти тикелеши керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here