Түркиянын Ливияга аскер жөнөтүүсү талкууга коюлду

45
0

Түркиянын Ливияга аскер жөнөтүүсү талкууга коюлду

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Ливияга аскер жиберүү тууралуу чечими Түркия парламентине сунушталды. Аталган маселени талкуулоо үчүн Түркия парламенти 2-январда кезексиз жыйынга чогулат.

Ливиядагы аскерий жана саясий өзгөрүүлөр бүтүндөй регион үчүн, анын ичинде Түркия үчүн да коркунуч катары көрсөтүлгөн Эрдогандын билдирүүсүндө: “Ливиядагы жаңжалдын чоң согушка айланып кетиши Түркиянын Жер ортолук деңизиндеги жана Түндүк Африкадагы кызыкчылыктарына зыян жеткирет”, — деп айтылат.

О.э. Ливиянын расмий өкмөтү мыйзамсыз куралдуу топторго жана террорчу уюмдарга каршы Түркиядан аскерий жардам сурагандыгы да айтылган.

Комментарий: Түркия колдоп келдеп Сириядагы оппозициялык күчтөр расмий бийликти колдоо үчүн Ливияга жөнөтүлөрү айтылууда. Бул тууралуу “middleeasteye.net” сайты кабарлады. Кабарда келишинче, расмий Анкара Сириядагы кээ бир оппозициялык топтор менен Ливияда согушуу боюнча келишип алган. Ал топтор арасында “Файлак аш-Шам”, “Сукур аш-Шам”, “Султан Мурад Бригадасы” сыяктуу топтор бар экендиги айтылууда.

“Bloomberg” маалымат агенттиги да Ливиянын расмийлерине таянган абалда, Түркия Сирия оппозициясын Ливияга жөнөтөрү жөнүндө кабарлады. Бирок, бул маалыматтарга расмийлер комментарий бере элек.

Айта кетүүчү нерсе, Түркия Ливияга жөнөтөрү айтылып жаткан топтор учурда Асад режимине каршы күрөшүп жатышкан жок. Алар Түркиянын демилгесине карап аракет кылышат. Россия менен Асад режими Идлибде кыргынды улантып жатканына карабастан (мурда “Азат Сирия армиясы” деп аталган) бул топтор Сириянын түндүк аймактарында Идлиб кыргындарын күзөтүп турушат.

Түркия бир кездерде Сириядагы өзүнө караштуу мужахиддерди “Ефрат калканы” операциясына тартуу менен Халабды (Алеппо) Асад режиминин колуна тапшырган эле. Эгерде “middleeasteye.net” сайты тараткан жогорудагы кабар тастыктала турган болсо, анда бул нерсе бүтүндөй Сирияны Асад режимине тапшыргандыкты түшүндүрөт.

Киямуддин Шариф

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here