Абдулазиз Камилов: Талибан согушту токтотууга даяр

114
0

Абдулазиз Камилов: Талибан согушту токтотууга даяр

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Афганистандагы Талибан кыймылы согушту токтотууга даяр экендигин билдирди.

 “Бүгүн эртелеп (27.12.2019) кабар келди, талиптер согушту, курал колдонууну жана зомбулукту токтотууга даяр экендигин билдиришти. Бул чечим Афганистан өкмөтү менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү баштоого жол ачып бериши мүмкүн. Бул маселени талкуулоо үчүн эки тараптан делегациялар түзүлөт.
Бирок, мунун менен Афганистанда биротоло тынчтык орнотулат деп айтууга болбойт, себеби, сүйлөшүүлөр узакка созулат жана бир чечимге келүүдөн үмүттөнөбүз. Баса белгилей кетүүчү нерсе, Өзбекстан афган калкына жардам берүүгө жана тынчтык орнотуу жараяндарын колдоого дайым даяр”, — деди Абдулазиз Камилов.

Комментарий            : Афган согушу АКШ тарыхындагы эң бир узакка созулган согушка айланды. Ушунча убакытта АКШ дуушар болгон материалдык жана адамдык жоготуулар анын экономикасына олуттуу зыян жеткирди. Ал Афганистанга бастырып кирип жатканда мусулмандардын мындай олуттуу каршылыгына дуушар болорун ойлогон эмес. АКШ жана коалициялык күчтөрдүн  аракеттери дээрлик эч кандай натыйжа бербеди. Ал шерменде болуп жеңилерине бир кадам калган эле. А бирок өкүнүчтүүсү, мусулмандар (Талибан) дагы кайрадан куфрдун тузагына илингени калды. Себеби, алар “тынчтык сүйлөшүүлөрүн” өткөрүүгө ыраазы болгону турат. Негизи, Америка Афганистанда тынчтык орнотууга аракет кылып жаткан жок, тескерисинче Талибан кыймылына каршы ар түрдүү фитналарды пландаштырууда. Ал саясий сүйлөшүү жана айла-амалдар аркылуу Талибан кыймылынын ичинде ажырым пайда кылууга жана ушул аркылуу жеңилгенин жашырууга аракет кылууда. Эгерде Талибандын согушту токтотуу жөнүндөгү чечими чын болсо, анда бул АКШ көздөгөн максатына жеткендигин түшүндүрөт. Талибан кыймылы АКШны сүйлөшүүлөр столуна отурууга мажбур кылгандай болуп көрүнгөнү менен, негизи бул нерсе анын жеңиши эмес, жеңилүүсү болот.

 Абдурахман Адилов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here