Ирак, Ливан жана Ирандагы элдик толкундоолор

402
0

Суроо-жооб

Ирак, Ливан жана Ирандагы элдик толкундоолор

Суроо: 2019-жылы 5-ноябрдагы баракчада айтылгандай, Ирак, Ливан жана Ирандагы элдик толкундоолор капыстан башталгандыгын билебиз. Абал дагы эле ошондойбу? Айтылып өткөн бул үч өлкөдө Америка таасири күчтүү эсептелет, ошондуктан, бул өкөлөрдөгү элдик толкундоолор арасында Европанын ролу барбы? Бул өлкөлөрдөгү абал ушундай кала береби же Америка адатынча бул мамлекеттердин бийлигиндеги малайларын алмаштыруу аркылуу же Мисир жана Суданда кылгандай армия аркылуу бийликти алмаштырып, бул толкундоолорду басабы? Аллах ыраазы болсун.

Жооб: Бул суроолорго жооб түшүнүктүү болушу үчүн  төмөнкү иштерге терең назар салып чыгуу керек:

Биринчи: элдик толкундоолордун келип чыгышы жана ага себеп болгон түрткүлөр:

Ооба, бул айтылып өткөн үч өлкөдө элдик толкундоолор капыстан башталды. Анын келип чыгышына себеп болгон түрткүлөр кыскача  төмөнкүдөй:

1 – Ирактагы толкундоолор:

Иракта элдик толкундоолор 2019-жылы октябр айынын башында башталып күчтүү түс алды. Митинг иш таштоолор менен коштолуп, Багдадагы көпүрөлөрдү жана башка негизги жолдорду жабууга чейин жетип барды. Бул элдик толкундоолор өлкөдөгү экономикалык начар абалга жана бийлик бутактарынын корупцияга өтө малынып кеткендигине, ошондой эле, жумушсуздуктун күч алышына каршы чыгуудан башталды. Элдин кыйынчылыкка карата сабыры түгөнүп, жашоодон кыйналгандыгы негизинде толкундоолор өз-өзүнөн келип чыкты… Ирак бийлиги бийликке келген 16 жылдан бери электр энергия маселесин жолго коё алган жок. Ошондой эле, эбегейсиз мунай байлыгына ээ болуп туруп жаштарга, бүтүрүүчүлөргө жумуш ордун камсыздай албай, элдин жашоо шартын жакшыртууга жакшы шарт түзө алган жок. Ошонун натыйжасында, элдик толкундоолор жүз берип 350гө жакын адам мерт кетти, миңдегендери жаракат алды жана камака алынды. Өкмөттө шериктеш иш алып барып жаткан иранчыл партиянын кеңселери өрттөлдү. Кийин 2019-жылы 4-ноябрда Кербаладагы Ирандын консулдугуна өрт койулуп, адамдар аларды өлкөдөн чыгып кетүүлөрүн талап кылып таш менен ургулашты. Кийин 2019-жылы 27-ноябрда Нажафдагы Ирандын консулдугу өрттөлдү. Ирак өкмөтүн эсинен  тандырып жаткан бул элдик толкундоолор элдин көпчүлүгү жайгашкан түштүк тараптагы шаарларда: Багдад, Кербала, Нажаф жана Насирия  шаарларында кеңири жайылды. Бул аймактар калктын басымдуу бөлүгү жашаган аймак катары саналат. Бул толкундоолордун олуттуу таасири натыйжасында Абдул Махди бийликке жармашуусун уланта албай 2019-жылы 30-ноябрда кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Парламент 2019-жылы 1-декабрда анын кызматтан кетүүсүн кабыл алды.

2 – Ливандагы толкундоолор:

Ливан экономикасы дээрлик кыйрай турган чекке жетип калды! «Ливандын жалпы карызы 85.32 миллиард долларга жетти». («Арабий жадид», 15.03.19). Мындай эбегейсиз көлөмдөгү карызга Ливан мамлекетинин жылдык кирешесинин жарымындай пайыз төлөнөт. «Ливан мамлекетинин сырткы карызы анын ИДПсына карата катышы 152 пайызды түзөт. Карызга карата бериле турган үстөк пайыз өлкөнүн жалпы кирешесинин жарымына барабар». («Би-Би-Си», 28.10.19). Бул кылмыштуу капиталистик түзүмдү колдонунун натыйжасынан келип чыккан  натыйжалар. «Ливанда 35 жашка чейинки жаштар арасында жумушсуздук 37 пайызга чейин жетти…». («Би-Би-Си», 26.11.19). Ливандагы саясий чөйрө өз элине карата ушундай экономикалык кыйроону мурастап берип, ага кошумча «WhatsApp»га салык  киргизгенден кийин Ливан көчөлөрүнө эл толкуп чыкты. Ливандын түштүгүндө өкмөттүк өкүлчүлүктөрдүн кеңселери өрттөлдү, Бейрутта, Набатиде, Тиреде селдей агылган жүрүштөр болду. Кийин тез аранын ичинде эле элдин талабы өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылууга өзгөрдү. Ал тургай, Ливандагы саясий чөйрө бүтүндөй алмашуусун жана коопсуздук кызматтынын да менталитетин өзгөртүүнү талап кылган талаптар коюлду. Ливандагы Ирандын Хизбалла партиясынын жактоочулары 2019-жылы 24-25-октябрь күндөрү митингчилерди камоого алуу менен коркутууга алды… Кийин Ливандагы Ирандын Хизбалла партиясынын жактоочулары жана «Амал» кыймылы дагы Бейрутка кайтышты!

3 – Ирандагы толкундоолор:

Иран да өзүнүнүн кошуна мамлекеттериндеги (Ирак, Ливан, Сирия) кырдаалдан тышкары калган жок. Андагы саясий чөйрөнүн өлкөнү башкарууну камкордук көз караш менен кароосу жетишисиз болгондуктан революциялык гвардия өлкөнүн бүтүндөй ири экономикалык тармактарына көзөмөл кылышына жол ачкан. Өлкөнүн экономикалык абалы борбордо жана аймактарда жарылуу чегинде эле. Өзөктүк программа жана өзөктүк ракета менен сыймыктанып жаткан Иран режими бензиндин таңкыстыгы себебтүү элдин митингдерге чыгышынан кыжаалатка түштү! Бензиндин таңкыстыгы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун аздыгы себебдүү келип чыкты. Мындай заводдорду куруу элине камкордук менен караган мамлекет үчүн кыйынчылыкты жаратпай турган иштерден… Кийин 2017-жылга салыштырмалуу Иранда бензин керектөө 40 пайызга өскөндүгүнө карабастан, Хормузан аймагындагы мунай кайра иштетүү заводун иштетүүдөн баш тартуу да буга кошумча болду. Сыртта бензиндин баасы жогору болгондуктан, бензиндин көпчүлүк бөлүгү да контрабандисттердин жолу менен тышка чыгыралып кетүүдө, мамлекет мындай иштердин алдын алуусу да түккө турбаган иштерден эле. Бул көрүнүш өзүнүн ири кирешеси «мунай» саналган өлкө үчүн мамлекетти башкара албай жаткандыгынын дагы бир көрүнүшү болуп саналат! Кийин Иран бензиндин баасын 300%га көтөрдү. Анын натыйжасында, 2019-жылы 15-ноябрда Тегеранда жана ондогон шаарларда митингдер башталды. Митинг күчтүү түс алып банктар өрттөлүп коопсуздук кызматтынын кеңселери, коопсуздук кызматкерлери элдин талоосунда калды, өкмөт нааразылык акциясынын катышуучулары бири-бири менен байланышпоолору үчүн интернет кызматын өчүрдү. Иран режими нараазылык акциясын басуу үчүн репрессиялык зордук-зомбулук жолунун жеткен чегин колдонду. «Иран коопсуздук күчтөрү митингчилерге каршы репрессиялык компаниясын улантып жатат. 23-ноябрда Иран оппозициясы баса белгилешинче: 300дөн ашуун адам мерт кетип, алардын 99унун аты аталды, 4000 ашуун адам жаракат алды. 10 миңден ашуун адам камака алынды. Ошондой эле, революциялык гвардия эмканалардан өлгөндөрдү белгисиз тарапка алып кетип жаткандыгына да ишаара кылды». («Индепендент арабий», 24.11.19).

Экинчи: нааразылык акциясы Европанын аралашуусуз уланып жатабы?

Европа митингдерден пайдаланууга аракет кылды… Бирок, бул аты аталган үч өлкөдөгү Американын таасирин жарып кире алган жок. Анын баяны төмөнкүдөй:

  1. Европанын Ирактагы аракети:

Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Ирактагы, айрыкча, анын түштүгүндөгү митингдер күчтүү түс алып, калк жыш жайгашкан аймактарга кеңири жайылды. Ошондуктан, Европа, өзгөчө, Британия бул кырдаалдан пайдалануусу ыктымалдан алыс эмес. Британиянын Ирактагы митингдерге кийлигишип жаткандыгына түзмө-түз ишаара жок болгондугуна карабастан, Иран бул нерсени эске алды, балким, аны түзмө-түз эле кийлигишип жатат деген кыяздагы жума хутбасы Али Мухаммад Карма тарабынан Тегеренда жума күнү айтылды. Ал Ирактагы нааразылык акциясына катышкандарды сыпаттап мындай деди: «Алар «англис шиалары», – дагы кошумчалап: «Биз англис шиалары деп жаткан бузуку топтор Ирак элинин арасына кирип алган». («Иран итернейшнал», 01.11.19). Ал минтип айтуу аркылуу Иран жооптууларын Британиянын элдик кыймылдардын арасына кирип кетүүсүн алдын алып калууга карата чакыруусу болду. Мындан тышкары, Иран нааразылык акциясына катышып жаткандарды Британиянын агенти катары доомат кылуу менен да коркутууга алды. Айрыкча, Британия өз позициясын билдирип, митингчилерди колдой турган түрдөгү билдирүүлөрдү берип жаткан учурда. «Британиянын элчиси өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасында мындай деди: «Тынчтык митингдерин өткөрүү – Ирак элинин укугу»; «Митингчилерге каршы күч колдонуу кабыл алгыс иш»; «Нааразылык акциясы учурунда мерт кеткендердин жакындарына жана жаракат алгандарга көңүл айтабыз»». («Спутник Россия», 05.11.19). Бул позиция Британия мамкатчысы Эндрю Моррисон 2019-жылы 27-октябрда «Ал айн ахбария» сайтына берген билдирүүдөгү позициянын дал өзү.

  • Европанын Ливандагы аракети:

Маалым болгондой, Ливанда америкачыл жана европачыл күчтөрдүн өз-өзүнчө таасири бар. Америкачыл күчтөр Аун жана Барри аркылуу түздөн-түз же Ирандын Хизбалласы аркылуу кыйыр түрдө таасир кылат. Булар материалдык тараптан да күчтүү болуп эсептелет. Ал эми, Европаны (Британия жана Францияны) ээрчиген Жагжаг жана Жанбулат сыяктуу европачыл күчтөр тигилерге салыштырмалуу чабал. Харири  болсо, өтө эле алсыз, анткени, ал бир бутун Европага, экинчи бутун америкачыл Саудияга коюп, эки ортодо ойнойт. Алар чечим чыгара турган күчкө ээ эмес. Алар болгону башка тарапты чаташтыра турган иштерди алып барышат. Мисалы, Ливан өкмөтүндөгү төрт министир 2019-жылы 19-октябрда митингчилер өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылганда, алар өкмөт курамынан чыгып кетишти. Өкмөт башы Саъд Харири 2019-жылы 18-окуябрда 72 саат ичинде кризистен чыгып кетүүнү жарыя кылды. Кийин ал 2019-жылы 29-октябрда өлкө башчынын жана Ливанды коопсуздук жактан көзөмөл кылып турган Хизбалланын каалоосуна каршы негизде өзүнүн кызматтан кеткендигин жарыялады.

Кийин Франция тышкы иштер жаатындагы Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча департаментинин директору Кристофа Варнону Ливанга жиберди. «Ал Франиция мамбашы Эммануэл Макрондондун катын Ливан мамбашы Аунга алып келди. Франция өкмөтү Ливандагы кырдаалга кызыкдар экендигин жана бул кырдаалда Ливанга колдоо көргөзүүгө даяр  экендигин билдирди». («Арабия», 13.11.19). Франциянын делегаты Ливандагы америкачыл күчтөр тарабынан кабыл алынган жок. Улуттук расмий маалымат агентиги Ливан ТИМи Басилдин Франция делегатына айткан билдирүүсүнөн цитата келтирди: «Ливандагы кризистен эч бир сырткы күчтөр пайдаланбастыгы зарыл».

Ошондой эле, Британия өзүнүн делегаты Ричард Мурду жиберди, ал Аун менен жолугуп мындай деди: «Британия узак убактан бери Ливанды ар дайым колдоого алып келген шериктерден. Мисалы, өткөн жылы Ливандын көз карандысыздыгын жана туруктуу өнүгүшүн колдоо үчүн 200 миллион доллар көлөмүндө инвестиция берди». Ал кошумчалап мындай деди: «Тынчтык митингине чыккандардын укуктарын сыйлоону улантуу зарыл. Башкача айтканда, тынчтык митингине чыккандарды кайсы бир тарапка күч колдонуусу же коркутууга алуусу кабыл алгыс иштерден». («Индепендент арабия», 25.11.19).

  • Европанын Ирандагы аракети:

Иран режими адатынча Иранга карата сырттан душмандык кылынып, тил бириктирүүлөр болуп, коркунуч жаралып жатат деген түр жаратууга аракет кылды. «Иран революциялык гвардиясынын жетекчиси генерал-майор Хусейн Салами Тегеранда бийликчил митингчилердин алдында сүйлөгөн сөзүндө, эгер, Америка, Британия, Саудия жана «Израиль» Иранга карата кызыл сызыктан өтүп кетишсе, аларга карата «тукум курут» кыла турган катаал чараларды колдонуу менен коркутууга алып мындай деди: «Мен Америка, «Израиль», Саудия жана Британияга карата мындай дейм, силер бизди майданда кандай экенибизди көрдүңөр. Бизге бириңер да жооп кайтара албадыңар. Биздин кол чабууларыбызды баардыгы угушту». Ал кошумчалап мындай деди: «Силер биздин кызыл сызыктан өтпөгүлө, эгер, өтө турган болсоңор, анда, биз силерди тукум курут кылабыз». («RТ», 25.11.19). Иран режими нааразылык акциясына чыгып жаткандар мамлекеттеги көйгөйдүн чечилбей жаткандыгы себебдүү эмес, балким, сырткы күчтөрдүн түрткүсү менен чыгып жатышат деген түр жаратууга аракеттенди! Көрүнүп тургандай, нааразылык акциясына чыгып жаткандар сырткы түрткүлөрдөн эмес, балким, ички көйгөйлөр чечилбегендиктен өздөрүнүн кан жанын аябай нааразылык акцияларына чыгышкандыгы көрүнүп турат! Бирок, Иран режими бул элдик толкундоолор сырткы күчтөрдүн түрткүсү себебдүү жаралып жатат деген түр жаратууга аракеттенди. Ал тургай, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Тегерандагы жума хутбаларында Ирактагы нааразылык акцияларына катышып жаткан шиаларды «ангилис шиалары» катары баалаган хутбалар айтылды!

Ирандагы нааразылык акциялары биринчи болуп жаткан акциялар эмес жана акыркылары да эмес. Иран же Сирия да болсун, бул элдик толкундоолор ички кризистен келип чыккан элдик толкундоолор болуп эсептелет. Бул толкундоолордун келип чыгышында эл аралык күчтөрдүн колуна ишаара кылган белгилер жок. Эл Уммат иштерин камкордук менен башкаруу саясатын билбеген тогут акимдерге каршы күрөш алып барууда.

Үчүнчү: Америка бул аты аталган үч өлкөдөгү малайларын бийликтен кетиреби же жокпу дегенге келсек, анын баяны төмөнкүдөй:

  1. Бул үч мамлекетте таасир күчүнө Америка ээ. Ал эми, Европа (Британия жана Франция) бул таасир талашууда Америкага шериктеш боло алышкан жок.
  2. Качан Уммат Ислам негизинде өзгөрүүнү талап кылып чыкканда гана чыныгы өзгөрүү жүз берет, ага чейин бул үч өлкөдөгү акимдер – Америка аларды бийликтен кетирип, башкасын алып келеби же ордунда калтырабы, айырмасы жок – Америка саясатына баш ийген боюнча кала берет.
  3. Капиталист колонизатор кафир мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгына кызмат кыла турган малай акимдердин бийликте олтурушун каалайт. Эгер, ал малайларынын бийликтеги мөөнөтүндө элдик толкундоолор жүз берсе, бул кризистен чыгууга ал малай акимдерине мөөнөт берет. Эгер, ал малай акимдери бул мөөнөттө ушул кризистен чыгуу жолдорун таба албай, кожоюна кызмат кылууну уланта албай калса, аны бийликтен кетирип, ордуна башка малайды алып келет. Бул демократия аталышындагы адатка айланган алдоо көрүнүшү. Бул дегени бийликтен куулган малайга караганда жаңы бийликке келген малай аким бир аз ак карга көрүнүшүндө болуп, элдин демин басат. Мындай көрүнүш, эгер, кризис таатаал эмес болсо, маселе ушундай жол менен чечилет. Ал эми, кризис татаал боло турган болсо, анда, адатка айланган 2011-жылдагы Мисир же 2019-жылдагы Судандагы сыяктуу «аскерий» жол аркылуу ишке ашырылат.

Төртүнчү: бул үч өлкөдөгү кырдаалга жараша кандай өзгөрүү күтүлүшүнүн баяны төмөнкүдөй:

  1. Иран: Америка ачык түрдө эле Ирандагы режимдин өзгөрүүсүн каалабагандыгын билдирип келет. Башкача айтканда, нааразылык акцияларында канчалаган адамдардын набыт болушуна карабастан, Америка Иран режими анын кызыкчылыгына кызмат кылат деп билет! Иран режими Ирандагы мусулмандардын каны төгүп жаткан маалда эле Америка жооптуулары Иран режимин сактап калуу тууралуу билдирүүлөрүн берип жатышты. «Ак үйдүн белгилүү жооптууларынын бири Америка Иран режиминин өзгөрүүсүн каалабай тургандыгын билдирди». («Арабия нет», 17.11.19). Ушуга негизделип, өткөн жылдагы нааразылык акциялары сыяктуу эле 2019-жылы ноябрда башталган нааразылык акциялары себебдүү Ирандагы режим өзгөрүп кетиши күтүлбөйт.
  2. Ливан: жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Ливанда америкачыл да, европачыл да күчтөр бар. Орточо чечимге ылайык, күчтүү тарап күчсүз тараптан үстөм келет. Каршылаш эки тарап техносаясий өкмөт же технократиялык өкмөт түзөт. Күтүлө турган нерсе – Америка Ливан өкмөтүндөгү балансты өзгөртөт, анын натыйжасында, америкачыл күчтөр басымдуу болуп европачыл күчтөр ага шериктеш болушат. Бирок, бул азырынча гана. Кийин көчөнү тынчтандырышат.
  3. Ирак: Америка парда артынан Иракты түзмө-түз башкарат. Анын Багдадагы консулдугундагы кызматчылардын саны 16 миңге чамалуу. Булар Ирактын баардык министирлерин жана мунай, коопсуздук жаатына көзөмөл кылып турушат. Бул элчилик Американын дүйнө жүзүндөгү эң чоң элчиканасы болуп эсептелет. Иракта Американын көптөгөн базалары бар, алардын белгилүүсү Анбар аймагындагы Айнул Асад базасы…  Өткөн айдын акыркы жумаларында Америка делегаттары ат тезегин кургатпай Иракка каттай турган болушту. Американын вице-президенти Пенс күтүлбөгөн иш сапары менен 2019-жылы 23-ноябрда Айнул Асад базасына келди. Американын вице-президентинин иш сапарынан бир жума өтө электе эле Американын  Биргелешкен аскер штабдарынын командачысы Марк Милли 2019-жылы 27-ноябрда Багдадга иш сапары менен келди. Бул, Америка жетекчилги Ирактагы абалга өтө кызыкдар болуп жатканына ишаара кылат. Ирак Американын сезимталдуу жери, анткени, ал аны басып алып, аны өнүгүүгө алып барам деп жар салган. Ал Иракты туруксуздукка жана кризистерге кептеди. Азыр Ирак биринин артынан бири ээрчиген кризистерге кептелди. Эгер, кырдаал жакынкы аралыктарда турукташпаса, анда, Америка адатынча Мисир жана Суданда кылгандай, өкмөт курамына көчөдөгүлөрдү да катыштырып «аскерий» жол аркылуу өзгөрүү жасоого аракет кылат. Маалым болгондой, Ирактагы терроризмге каршы күрөшкөн коопсуздук күчтөрү Америка тарабынан түзүлгөн жаңы аскерий жабдуулар менен жабдылган ири аскерий күч катары саналат. Бул аскерий күч нааразылык акциясына чыккандарды күч менен бастыруу саясатынан өзүн алыс тутту. Тахрир аянтына чыккан митингчилер бул аскерий күчтүү жемкордука малынган саясатчылардан алыс катары баалап жатышкандыктары да көзгө урунду. Митингчилер бул аскерий түзүмдүн мурунку жетекчиси Абдул Ваххаб Сааъдинин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Ошондуктан, бул аскерий түзүм маселени чечүүдө роль ойношу митингчилер тарабынан кабыл алынышы күтүлөт…. Бул бир тараптан, башка тараптан болсо, Америка Багдадда уюштурган аскерий жыйналыштарга катышуу үчүн өзүнүн Багдаддагы элчиканасындагы  кызматчылардан  тышкары  делегаттарын жөнөттү. Ушунун баары Америка зарыл болгондо ишке салууну пландап жаткан иштерден саналат…

Абдул Махди кызматтан кетип, анын ордуна башка бирөө келиши таасир бербейт жана маселени да чечпейт. Балким убактылуу болот. Башкача айтканда, жара айыкканга чейин ачык бойдон калат!

Бул үч өлкөдөгү жалпы элдик толкундоолордун өзүнө упай алып келе турган жери жана зыян алып келе турган жери бар. Өзүнө упай алып келе турган жери – бул толкундоолор сырткы күчтөрдүн түрткүсу себебдүү эмес, ички көйгөйлөр себебдүү эл өзү толкуп чыкты жана дагы эле көбүрөөк бөлүгү ушул негизде бара жатат. Ал эми, өзүнө зыян алып келе турган тарабы – азыркыга чейин бул элдик толкундоолор Аллахка жана Анын Расулуна чынчыл болгон, жолду нурданта турган Ислам өкүмүнө, Халифалыкка чакырган туура негиздеги жетекчиликти өзүнө жетекчи кылып албай жаткандыгы… Эгер, бул элдик кыймылдар ыкластуу жетекчиликсиз ишин уланта берсе, хидаятсыз жолдун негизинде барат, жибин чыйратып кайра жандырып жиберген аялдай, бул элдик толкундоолордун аракети, курбанчылыктары текке кетет! Аллах туура жолго хидаяттоочу.

                                                                                                          6робиус-саний, 1441-х.

                                                                                                                  4декабрь, 2019м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here