ТАЖИКСТАН: АРАБ ТИЛИ – “КООПТУУ ТИЛБИ?” АРАБ ТИЛИНЕ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

957
0

Тажикстан:  Араб тили  – “кооптуу тилби?” араб тилине тыюу салынды

Тажик өкмөтү араб тилине чектөө бар экендигин моюнга албаганы менен, бул тилди үйрөнүүнү каалаган адамдардын жетиштүү деңгээлде билим алууга мүмкүнчүлүгү жок.

Бир нече окуу жайларда араб тили сабактарына тыюу салынган. Себеби, өкмөт араб тилин жарандардын аң-сезимин буза турган “кооптуу” тил деп билет. Жетекчилер буга “калктын араб тилине талабы жок”тугун себеп катары көрсөтүүдө.

Жеке менчик окуу борборлордун биринин жетекчиси атын ачыктабастык шарты менен төмөнкүлөрдү билдирди.Анын айтымында, араб тили курстарын ачууга өкмөттүк мекемелердеги чновниктер уруксат беришпейт.

Ал: «Жогорку даражалуу чиновниктердин араб тилинен коркушу мени таң калтырат. Алардын оюнча араб тилин үйрөнсөк эле, экстремист  болуп кетет имишпиз. Эмне Кытай тилин үйрөнсөк – бутпарас, англис тилин үйрөнсөк – христиан болуп кетебизби?» – деген.

Тажикстан Ислам Университетинин ректору Тожиддин Асомиддинзоданын билдиришинче , учурда араб тилине талап жок.

Ал: “Менимче, араб өлкөлөрүндөгү жаңжалдар себептүү адамдардын араб тилине этибары азайган”,- деди.                                                                                                  

Комментарий:

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 18-декабрда Эл аралык араб тили күнү белгиленет.

Араб тили бүгүнкү күндө дүйнөдө кеңири жайылган тилдерден болуп эсептелет. Араб тили дүйнөдөгү 350 миллионго чукул адамдын эне тили болуп эсептелет. О.э. Азия жана Африкадагы 22 мамлекетте расмий тил катары бекитилген. Саудия, Ирак, Кувейт, Сирия, Мисир, Иордания жана Ливан мамлекеттеринин жарандары араб тилинде сүйлөшөт. О.э. араб тили дүйнөдөгү 1 миллиарддан ашуун мусулмандар үчүн маанилүү жана этибардуу тил болуп эсептелет. Тарыхка кайрыла турган болсок, 1973-жылы 18-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы араб тилин уюмдун расмий тилдери катарына кошкон резолюцияны кабыл алган. Араб тили БУУнун 6 расмий тилинин катарында, башкача айтканда, англис, испан, кытай, орус жана француз тилдеринин катарында турат.

Эми араб тилинин  Ислам дүйнөсүндө ээлеген орду, мааниси  жөнүндө айта турган болсок, араб тили Шарияттагы негизги фактор болуп эсептелет.

Учурда мусулмандардын бирдиктүү мамлекети жок. Ошондуктан, мусулмандарды бириктирүүчү расмий тил да жок. Ислам дүйнөсү башаламандык жана төмөндүк караңгылыгында тентиреп жүрөт. Ал дагы деле төмөндүк, туруксуздук кыйынчылыктарын тартып келет.

“Бул төмөн кулоонун бирден бир себеби Исламды түшүнүүдөгү зээндерде орношуп калган оор алсыздык болуп саналат. Бул алсыздыктын себеби болсо, VII хижрий кылымдан тартып Исламды түшүнүүдө жана жеткирүүдө араб тилине көңүл бурбагандыктын айынан араб тилинин кубатын исламий кубаттан ажыратып коюу болду. Эми Ислам тили болгон араб тилин Исламдын ажыралгыс бөлүгүнө айлантуу менен араб тилинин кубатын Ислам кубатына бириктирип жибермейинче, мусулмандарды төмөндүк өз түпкүрүнө тарта берет. Себеби, Исламды толук (камил) жеткирүү кубатына ээ болгон жана Ислам кубаты менен биригип кеткен жападан-жалгыз тил – бул араб тили. Бул тилге көңүл бурбай коюу менен шариятта ижтихад жоголот. Шариятта ижтихад бир гана араб тили менен болот. Себеби, араб тили ижтихаддагы негизги шарт болуп эсептелет. Ижтихад Үммөт үчүн зарыл. Себеби, үммөттүн алдыга жылуусу бир гана ижтихад аркылуу болот”. (Хизбут-Тахрир түшүнүктөрү китебинен алынды)

 

 Куфр системасы  мусулмандардын пикирий ойгонуусунан, араб тили аркылуу Шаръий нусустардан кабардар болуп калышынан коркот. Ошондуктан, Исламдагы маанилүү тил – араб  тилин “кооптуу” тил деп билет. 

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here