Лукашенко: Беларус бирдей шарттагы интеграцияны каалайт

415
0

Лукашенко: Беларус бирдей шарттагы интеграцияны каалайт

Беларустун президенти Александр Лукашенко Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда, Беларус Россиядан интеграция алкагында жеңилдик эмес, бирдей шарт түзүүнү сурайт деди.

 “Биз келишимдин ишке ашуусун талдоо үчүн гана келдик жана эч нерсе сурабайбыз, эч нерсе талап кылбайбыз, биз алда качан эле келишип алганбыз. Адамдар жана айыл-чарба субъекттери жашоо жана иштөө үчүн бирдей шарттарга ээ болушу керек. Бирдей шарттарды гана каалайбыз, башка эч нерсенин кереги жок”, – деди Лукашенко.

 “Биз кээ бирөөлөр айтып жаткандай, арзан газ, арзан нефть сурабайбыз. Газды 200 доллардан сатып алууга да, бир баррель нефтини 63 доллардан сатып албастыкка да даярбыз, негизгиси, бирдей шарттар болсун”, – деп кошумчалаган.

 Комментарий: Россия СССРден мураска калган колонияларын колдон чыгарбастык максатында ЕАЭБди түзгөн. Ошол себептен да уюм түзүлүп жатканда кээ бирлерине басым өткөргөн болсо, айрымдарын материалдык жактан колдоо менен шыктандырды. Бүгүнкү күндө да жаңы мүчөлөрдү, айрыкча, Өзбекстан менен Тажикстанды да уюмга кошуу аракетинде аларга ачык эле басым өткөрүп жатат.

Россия Федерациялык Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко октябрь айындагы Ташкентке сапарында – Мирзиёев менен жолугушпай туруп –  “Өзбекстан ЕАЭБге кошуларын” айткан. Бул болсо, Өзбекстанга ачык эле басым өткөрүү болчу. Тажикстанды ЕАЭБге кошуу үчүн өзбек-тажик чек арасына жакын жерде “согушкерлер”  чабуулун уюштурган болсо, эки күндөн бери Россиядан Тажикстанга акча которууну токтотуп койду. 

Негизи, бул сыяктуу басымдар же материалдык колдоолор буга чейин уюмга мүчө болгон мамлекеттерден да четтеп өткөн эмес. Мисалы, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонго чейин кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар көбөйүп, ал тургай чек арачылардын ок атышуусуна чейин жетип барган. Ошону менен бирге материалдык колдоо да көрсөтүлгөн. 1 миллиард доллардык кыргыз-орус өнүктүрүү фондун түзүү жана 300 млн. доллар өлчөмүндөгү карызды кечүү ЕАЭБге кошулуу келишиминин бир бөлүгү болгон. Арменияга болсо Россия газына 30 пайыздык  арзандатуу берилген. Андан тышкары, Армениянын кошуна Азербайжан жана Түркия менен жаман мамилесин эсепке алган абалда, Россиянын Ереванды аскерий жана саясий жактан колдоосу чечүүчү фактор болгон. Беларуска экономикасын өнүктүрүү үчүн Россиянын арзан нефть жана газы о.э. Евразия Өнүгүү Банкы бере турган 2 миллиард доллардык карыз “түрткү” болгон.

А бирок, Россиянын уюмдагы жеке өкүмдарлыгы жана өзүнүн гана кызыкчылыктарын көздөшү күн өткөн сайын көбүрөөк нааразылыктарды пайда кылууда. Лукашенко жакында эле “бул союздун эмне кереги бар” деп чыккан болсо, кыргыз парламентиндеги айрым депутаттар биримдиктеги акыйкатсыздыктарга нааразылык билдире башташты. А бирок, азырынча Россия ЕАЭБди аскерий кубатына таянып, ар түрдүү коркунучтарды көбүртүп көрсөтүү аркылуу башка мүчөлөрдү коркутуу менен сактап турат. Эгерде Россиянын кубаты дагы бир аз начарлай турган болсо, анда бул уюмдун келечеги  күмөндүү болуп калат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here