Кыргызстан менен Кытайдын алакасы ар тараптуу өcтү

378
0

Кыргызстан менен Кытайдын алакасы ар тараптуу өcтү

Кыргызстан менен Кытайдын алакасы ынак коңшулуктан стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлдү. Учурда дагы бир тепкич өйдөлөп, биздин алака ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө жетти. Мындай пикирин, бүгүн 6-декабрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Юе Бинь билдирди.

Анын айтымында, мындай мамилеге төмөнкү төрт жагдай себеп болгон: Биринчиден, Кытай менен Кыргызстандын географиялык жактан жакын жайгашуусу. Экинчиден, эки өлкө саясий жактан жогорку деңгээлде кызматташып, негизги кызыкчылыктуу маселелерде бири-бирин колдоп жатат. Үчүнчүдөн, өнүгүү багытында бардык тармакта кызматташууда. Төртүнчүдөн, Чыгыш өлкөлөрү катары баалулуктарыбыз, менталитет жана салт-санаабыз жакын. Элчи айым жогорудагы жагдайлардан улам эки өлкө жакын ага-иниге айланганын кошумчалады.

Түпкүлүгүндө, элчинин сөздөрү Кытайдын Кыргызстанга карата колонизаторлук саясаты дагы бир тепкичке көтөрүлгөнүн каңкуулап турат. Маселен, Кытай 1999-жылы бийликтеги саткын бийликтин колу менен Үзөнгү-Куушту тартып алган. Учурда да “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында аймакта өз таасирин күчөтүп барууда. Экинчиден, Кыргызстанды экономикалык жактан тузакка илип алып, Шинжаңдагы мусулмандардын үстүндөгү зулумдугун колдой турган кылып койду. Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи айлампасын утуп алып, башка тараптан өкмөт менен түзмө-түз келишим аркылуу адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотуп, Шинжаңдагы саясатын Кыргызстанда да ишке ашыруу алдында турат.  Бул албетте, Кытайдын негизги кызыкчылыктарынан эсептелет. Үчүнчүдөн, өнүгүү багытында миллиарддаган карыздарды берип, ал каражаттар менен Кытай компаниялары ТЭЦ, Датка-Кемин чордону, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырып капчыктарын кампайтууда. Кыргызстан болсо бул акчаны үстөк пайызы менен кайра төлөө алдында турат. Ошондой эле кен байлыктарыбыз Кытай компанияларына ит бекер берилип, пайдасын ташып кетип, таштандылар биздин экологияны бузуп калууда. Төртүнчүдөн, Кытай өз сакофаты менен да кирип келүүгө аракеттенип жатат. Буга Кытай жазуучу тарыхчыларынын биздин тарыхты иликтөөсү, Кытай маалымат каражаттарынын Кыргызстанда иш алып баруусу мисал боло алат. Алар баалуулуктар такыр башка болсо да окшотууга, салт-санаабыз бирибиздики Исламга, экинчисиники атеизмге негизделсе да жакындатууга аракеттенишүүдө.

Жыйынтыктап айтканда, Кытай элчиси бул билдирүүсү менен Кыргызстанды өз колониясы катары көрө баштаганын кыйытып, аны кооз сөздөр менен шөкөттөп ачыктады.

Мумтаз Маверанахрий     

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here