Отунбаева: “Айылдыктар! Оңолгула, маданиятыңарды көтөргүлө! Биз деген силеридин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз”

369
0

Отунбаева: “Айылдыктар! Оңолгула, маданиятыңарды көтөргүлө! Биз деген силеридин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз”

Экс-президент Роза Отунбаева мындай пикирин, 3-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери экс-депутат  Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачарында билдирди.

Айылдан ушунча көп адамдар келди, Бишкектин жарымы айыл болду. Эй, биз деген силердин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз .

Эртең бирөө келип, “эртең баарыңар жоолукчан жүрөсүңөр” десе, ошондой мезгил келеби? Эмненин негизинде кимдир бирөөлөр бизге көрсөтмө бериши керек”, – деген Отунбаева.

Комментарий:  Отунбаева коомчулуктун музейдеги жылаңач аялдар көргөзмөсүнө каршы нааразылыгына карата душмандык позициясын ачыкка чыгарды. Коомдун нааразылыгы себептүү музейдеги көргөзмө токтотулуп, музейдин жетекчиси кызматтан кетти.

Отунбаева айылдыктар деп жаткан жамаий рух, негизи адамдар арасында урфка айланып бара жаткан исламий туйгудан келип чыккан баалуулуктарга каршы багытталган пикирлер. Отунбаева ислам жана мусулмандарда калыптанып бара жаткан исламий баалуулуктарды “артта калгандык, төмөндүк жана маданиятсыздык” деп сыпаттады! Аялдын эл алдына жылаңач чыгышын “айылдыктар түшүнө албай жаткан жогорку искусство” демекчи болду.

Батыш хазараты аялга  маданий көрүнүш катары карайт. Башкача айтканда, андан адамдар мүмкүн болушунча көбүрөөк ырахат алышы керек болгон нерсе деп билет. Ушундан келип чыгып, бул хазарат жылаңач аял символун ыйыктап, аны сүрөттөргө түшүрөт. Алар, аялдын (денеси) бир кишиге тиешелүү болушун аялга карата зулум деп эсептешет.

Ислам аялга “жат адамдардан этият кылынышы керек болгон ар намыс” деген көз менен карайт. Ушундан келип чыгып, аялдары, кыздары жана энелерин коомчулукка жылаңач алып чыгууга, алардын жылаңач сүрөттөрүн тартууга жана сатууга жол бербейт.

Кыргызстанда хазараттар күрөшү чокусуна чыгып барууда. Батыш дүйнөкарашы Кыргызстанда өз таасири астындагы жаңы бир муунду пайда кыла алды. Эми ал өзүнүн таасири алдындагы миңдеген жарандарды россиячыл саясий  чөйрөгө каршы саясий куралга айландырууда. Ал СССРден калган баалуулук жана менталитеттерди сындырып, анын ордуна Батыш маданиятынан келип чыккан жаңы саясий чөйрө пайда кыла баштады. Негизи, Кыргызстанда мына ошол эки дүйнөкараштан таасирленген адамдар ортосундагы күрөш күчөп барууда.

Бийликте турган жетекчи топ жана саясий чөйрө негизделген баалуулуктар да, Батыш хазараты менен куралданып жаткан жаңы дүйнөкараш ээлери да, ислам жана мусулмандар үчүн таптакыр жат. Ислам абалга өз хазаратынан келип чыккан көз караштан туруп карайт. Алар бири-бири менен күрөшүп жатып, Ислам жана мусулмандарды өз максаттарына пайдаланмакчы болушат.

Кырдаал курчуп барышы менен бийлик өкүлдөрү мусулмандарды ар түрдүү (мисалы, террорист, экстремист сыяктуу) коркунучтуу атамалар менен атап, мусулмандар тарабынан коомчулукка коркунуч болуп жаткандай абал пайда кылууга аракеттенет. Мусулмандарды ар түрдүү жалаа менен кылмыш жоопкерчилигине тарта баштайт! Кырдаал өтө курчуп кетсе, өз жарандарынын арасында теракттарды уюштуруудан да кайра тартпайт. Алардын бул аракеттеринин бардыгы маалыматтык чабуулдан же элдин нааразылыгынан кутулуу үчүн чалгытуу ыкмалары болуп, коомдо Ислам жана мусулмандардын артында турган кубат жок болгондуктан, бул сыяктуу зулумдар улана берет.

Демек, биздин кубатыбыз исламий баалуулуктарыбызда жана мусулмандар ар-намысыбызды, ыйманыбызды о.э. коомдогу арам элементтерге карата ээлеген шаръий позицияларыбызды күчөтүүбүздө! Коомубузда жүз берип жаткан бардык бузук иштерге назар салууда сергек бололу! Исламий дүйнө караштан карасак, куфр  дүйнөкарашы динге эле эмес, жөнөкөй эле адамгерчиликке да туура келбейт! Аллах ар бир шаръий аракетибиздин о.э. ошол аракетибиз себептүү дуушар болуп жаткан зулумдарга сабыр кылышыбыздын сообун зияда кылсын. Амиин!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here