Абылгазиев Эл аралык валюта фондунун өкүлүн кабыл алды

370
0

Абылгазиев Эл аралык валюта фондунун өкүлүн кабыл алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчы өлкөгө көрсөтүп жаткан жардамы үчүн Эл аралык валюта фондуна ыраазычылык билдирди.

Тигран Погосян өз кезегинде республикага көрсөтүлгөн жардамдын таасирдүүлүгү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле фонд менен өз ара иштешүү башка дүйнөлүк каржы институттары менен кызматташууга таасирин тийгизерин кошумчалады.

Негизи, акыйкатын алганда, Валюта кору берген карыздарын колко кылып өлкөнүн маанилүү тармактарында реформаларды талап кылып келет. Маселен, буга чейин энергетика тармагындагы субсидияларды алып салууну сунуштаган. Бул сунушка ылайык субсидиялар алынган соң, электр энергиясынын баасын көтөрүү талап кылынат. Эл баадан кыйналган соң, мамлекет тарабынан бул тармакты инвесторго берүү көтөрүп чыгылат. Ал ишке ашса, мамлекеттеги стратегиялык зор мааниге ээ жана эң кирешелүү бул тармак чет элдик инвестор-колонизаторго берилет. Инвестордун кирешесинен бизге үлүш арткыдай болсо, ал кайра эле Валюта фонду сыяктуу колонизатор уюмдарга болгон карызыбызды төлөөгө жумшалат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here