Музейдеги окуя Батыш сакофатынын мөмөсү

448
0

Музейдеги окуя Батыш сакофатынын мөмөсү

2-декабрда жарандык активисттер Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, премьер-министр маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышты. Министр Азамат Жаманкулов аларды кабыл алып, музейдин директору Жангарачева берген арызына байланыштуу кызматтан алынганын жарыялады.

Буга чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминналеде жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда талкууга түшкөн. Бул иш-чара аялдардын укугун коргоо жумалыгынын алкагында уюштурулганы айтылган. Буга окшогон иштер бүгүнкү күндө дүйнөгө өкүмдар болуп жаткан Батыш мамлекеттери тарабынан каржыланып келет. Максат, Ислам баалуулуктары жайылган коомдорго өз сакофаттарын тыгыштыруу. Ошондой эле Исламий коомдун өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн бири болгон ахлактык баалулукту тебелөө болуп эсептелет. Андыктан, биз буга окшогон ыплас иштердин кайталанышына жана Батыш сакофатынын башка тармактарга да кирип келүүсүнө катуу каршы турушубуз шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here