Урушкан кыздар үчүн кимдер айыптуу

840
0

Урушкан кыздар үчүн кимдер айыптуу

Аксыдагы кыздардын мушташы соцтармактарда кеңири таралды. Ал окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Ээнбаштык” беренеси менен катталганы кабарланды.

20-ноябрда социалдык тармактарга Аксы районундагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучу кыздарынын мушташы тартылган видеотасма тараган.

Буга байланыштуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова кызматынан алынды.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кыздардын мушташына түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги себеп болгонун билдирди.

Жаңы-Жол айылындагы аксакалдар кеңешинин төрагасынын айтымында, окуя үчүн ата-энелер айыптуу, анткени, балдарды тарбиялоо ата-эненин милдети.

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Дилбар Чокоева мектептеги өкүмзордуктун күчөшүнө ар кыл себептер түрткү болуп жатканын белгиледи.

– Биринчиден, миграциянын таасири. Жакындарынын колунда калган балдарга туура таалим-тарбия жетишсиз болуп жатат. Экинчиден, чет өлкөлүк ар кандай тасмалардын Интернет аркылуу тоскоолдуксуз жайылганы да балдардын психологиясына терс таасирин тийгизүүдө. Үчүнчүдөн, коррупциянын күчөшү, акчасы барлар алдыга чыгып, билимдүүлөр артта калып жатканы да себеп. Бизде кыздарга туура тарбия берген мектептер жок. Татыктуу кадрлар да аз.

Комментарий:

Расулуллах (с.а.в.):  “Мына бул айларда согуш арам кылынгандай эле,  мусулмандын башка мусулманга аброю, малы жана жаны арам кылынды”, – деген.

Өкүнүчтүүсү дин мамлекеттен ажыратылган коомдо мусулманды башка бир мусулман талап-тоноп, анын акысына, аброюна кыянат кылуу жана башка ушул сыяктуу иштер адаттагы көрүнүшкө айланып калды. Бир адам башка боордошуна карата акыйкатсыздык кылып жатып, бул иши шарият көз карашынан жийиркеничтүү экендиги, аны Жаратуучусу көрүп турганы жана периштелер жазып жаткандыгы о.э. кыямат күнүндө ошол амалынан жооп бериши жөнүндө ойлонбой калды. Окуучу кыздар жаңжалдашып калса, билим берип жаткан мугалимде эмне айып?

Бардык айып – бузук сакафатта. Ошол мугалим да жогорку окуу жайда туура эмес сакафат алган. Башкача айтканда, балдарга билим берип жатып эч качан сооп жана күнөө жөнүндө айтпаса керек? Себеби , куфр  системасы белгилеп берген таалим программасында иштердин акыбети т.а. сооп жана күнөөсү жөнүндө эч нерсе жок.

Мындан 2-3 жыл мурда Россиядагы мектеп окуучуларынын (кыздардын)  бири-бири менен жаңжалдашып, акча чогултушун (рэкеттик кылышын) угуп калчубуз.  Аларды Исламдан кабарсыз фасик тарбия курмандыгы деп бааладык. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө дин жайылып, диний баалуулуктар өнүккөн аймактарда да окуучулар арасында жаңжал чыгып, бейкүнөө мугалимдер жумушсуз калууда.

Демек,   илманий (светтик) адистер айткандай “түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүшү жана ата-энелер күч түзүмдөрү менен биргеликте аракет кылышы” да натыйжасыз жолдордон болуп эсептелет. Анткени, миң жолу түшүндүрүү иштери алып барылса да, баланын зээнинде “мусулмандын акысы, аброю, урматы кол тийгис экендиги” орун албаган болсо, бардык насааттар бейпайда болот.

Демократиялык принциптерге ылайык, “ар бир  адам өзүн өзгөртсө коом өзгөрөт, реформа болот” деген түшүнүк бар. Бирок, бул ката түшүнүк экендигин баарыбыз билебиз.

Мисалы, мен үйдө балдарыма исламий түшүнүктөрдү берип, ибадаттарына олуттуу көңүл бурганым менен ал коомго  аралашканда, мектепте же жогорку окуу жайда мен айткан нерсенин тескерисин угуп келет. Ошентип, мен өз түшүнүгүм менен жекеленип калам, менин сөздөрүмө караганда коомдогу пикирлер күчтүүрөөк таасирин тийгизиши табигый көрүнүш.

Коом бир гана шаръий мыйзамдар менен оңолот. Исламий мыйзамдан башка мыйзамдар адамдын табиятына туура келбейт жана адамдарды туруктуу байланыштырууга жарабайт.  Адамдардагы пикир, туйгу жана мыйзамдар бирдей болгондо гана коом оңолот.

Ошондуктан, адамдарды бири-бирине байланыштырып турууга жарактуу күчтүү робитаны (байламта) жайылтуу үчүн иш алып барышыбыз керек.  Бул иш исламий  түзүм толук колдонулган учурда гана натыйжа берет.

Анткени, исламий өкүмдөр негизинде түзүлгөн таалим программасында алгач акыйдага тиешелүү өкүмдөр окутулат.  Баланын зээнинде акыйда боюнча туура маалымат калыптанса, ал ар бир амалын акыйдага байлоо менен аткарат.  Бардык тартип-эрежелер Исламий  мамлекетти тикелөө менен ишке ашат.

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here