Кыргызстан салыштырмалуу коопсуз мамлекет

350
0

Кыргызстан салыштырмалуу коопсуз мамлекет

2009-жылга карата “Терроризмдин глобалдык индексинде” Кыргызстан салыштырмалуу коопсуз мамлекеттердин катарына кирди. Мындай рейтингди Австралиянын Экономика жана дүйнө институтунун эл аралык эксперттеринин тобу чыгарган.

Маалыматка ылайык, 163 өлкөнү камтыган тизмеде Кыргызстан 87-орунду ээлеген.  2018-жылы 80-орунда болгон. Тажикстан 50-катарда, Казакстан 85-орунга, Өзбекстан 135-катарда, Түркмөнстан кооптуу 26 мамлекеттин катарына кирген. Ал эми эң кооптуу өлкө катары  Ооганстан, Ирак, Нигерия жана Сирия каралган.

            Бүгүнкү күндө үстүбүздө өкүмдар болуп турган капитализм “терроризм”, “экстремизм” сыяктуу ар кандай терминдерди ойлоп таап, динибизге каршы коомдук пикир жаратууга аракет кылып келет. Бул терминдерди ойлоп табуудан максат, Исламды дүйнөлүк проблемаларга чечим катары көтөрүп чыккан мусулмандарды куугунтуктоо болгон. Маселен, 2001-жылы АКШ Нью-Йорктогу жасалма терактты шылтоо кылып Ооганстанга согуш ачты. Бүгүнкү күнгө чейин бул өлкөдө миңдеген мусулмандын каны төгүлүп, али да уланууда. АКШ көп өтпөй 2003-жылы Иракка каршы өзү террористтик кылып согуш ачты. Андагы бийликти кулатуу үчүн колдонулган химиялык жана башка куралдардын айынан 1,5 миллиондой жайкын тургун курман болгон. АКШ баш болгон террористтер террордук чабуулдарын бүгүнкү күндө Сирия мусулмандары үстүндө улантууда. Ал жердеги курман болгондордун саны 400 миңден ашты.

            Мындан белгилүү болгондой, дүйнөдө кооптуу жайларды ага өкүмдарлык кылууга аракет кылып жаткан АКШ баштаган ири мамлекеттер пайда кылууда. Ал эми ар кандай индекстер, отчеттор АКШнын мына ушул кылмыштарын жаап-жашыруу үчүн жүргүзүлүп жатат. Мындай кылмыштардын баары келечекте мусулмандардын акы-укугун ордуна коюп, колонизаторлорду ийинине киргизе турган Исламий мамлекеттин тикеленүүсүнө каршы жасалууда!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here