АКШ Түркияга С-400дү “жок кылууну, кайтарып берүүнү же андан арылууну” сунуштады

90
0

АКШ Түркияга С-400дү жок кылууну, кайтарып берүүнү же андан арылуунусунуштады

АКШ Түркияны Россиядан сатып алган С-400 зениттик-ракеталык комплекстеринен арылууга чакырууда. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин жогорку кызматтагы өкүлү билдирди.  

Ал: “Түркияда сүйлөшүүлөргө келе турган маневрлардын эркиндиги бар. Алар баары ойдогудай болушу үчүн С-400дү жок кылып, кайтарып жана кандайдыр бир жолдор менен арылышы керек. Ушул эле учурда биз Абадан коргонууларынын талабына жооп берген Patriot батареясын алууга мүмкүнчүлүктү жапкан жокпуз”, — деп кошумчалаган.

Анын айтымында, эгерде Түркия С-400’дөн кутулбаса, анда Анкарага каршы санкцияларды киргизүүнүн “көптөгөн мүмкүнчүлүгү” бар. 

Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусу учурунда С-400дү сатып алуу боюнча маселенин “чечилишине” үмүт арткан. Трамптын билдиришинче, Түркиянын С-400 сыяктуу заманбап куралды сатып алышы АКШ үчүн “проблема” болуп эсептелет. 

 Комментарий: Роя гезитинин 2019-жыл, 12-июндагы 238-санында Түркиянын С-400 зениттик-ракета комплекстерин сатып алуу келишими кандай аякташы боюнча төмөнкүдөй пикир билдирилген:

а) Түркия экономикалык жана саясий жактан Америка менен тыгыз байланышта. Бул келишимди тактикалык куралдарды сатып алуу менен орун алмаштыруусу күтүлөт. Мисалы, Орусиядан анти-ракета системасын сатып алуунун ордуна вертолетторду сатып алуусу. Бул сыяктуу тактикалык куралдарды сатып алуу Америкага жана НАТОго коркунуч жаратпайт. Андан кийин Түркия өз коопсуздугу коргоо жаатында Америкадан жабдыктарды сатып ала турган болот

б) Же америкалыктар «Грек чечимин» сунушташы күтүлөт. Башкача айтканда, Орусия ракетасын кампага сактап дат бастыруу тагдырын кийгизет. Анын каршысында Американын 3 жарым миллиард доллар турган Patriot ракетасын сатып алуу

в) Же бул ракета системасын үчүнчү өлкөгө жиберүү мүмкүнчүлүгү күтүлөт, мисалы, Орусияны туталантпай, анын куралын Индияга багыттап жиберүү. Индия Кытайды ооздуктоодо Америка стратегиясы менен шайкеш иш алып барууда.

Түркия Россиядан “С-400” сатып алганы менен аны аскерий даярдык абалына келтирүүнү 2020-жылга калтырды. Демек, Түркия азырынча андан пайдаланмакчы эмес. Күчтүүрөөк божомол боюнча, бул ракеталык комплекстер Индияга өткөрүп жиберилиши мүмкүн. Кечээ күнү АКШ мамлекеттик департаменти Индиянын аскер-деңиз күчтөрүнө 1 млрд. доллардык 13 даан Mk-45 артиллерия комплекси, ок-дары жана тийиштүү жабдыктар сатылышын макулдады. АКШ Индия армиясын күчөтүү аркылуу бир тараптан Кытайды тыйып турса, экинчи тараптан ядролук куралга ээ жападан-жалгыз исламий өлкө Пакистанды да көзөмөлдөп турат жана ушул аркылуу аны да АКШдан курал сатып алууга мажбур кылып коёт.

Абдурахман Адилов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here