Түркия камактарында жаткан “Ислам мамлекети” уюмунун өзбекстандык мүчөлөрү экстрадиция кылынат

56
0

Түркия камактарында жаткан “Ислам мамлекети” уюмунун өзбекстандык мүчөлөрү экстрадиция кылынат

Түркияда “Ислам мамлекети” уюмуна мүчө болгондукта айыпталып камакка алынган 956 адамдын 82си өзбекстандыктар. Алар жакынкы күндөрдө мекенине экстрадиция кылынышат.

Мындан тышкары, экстрадиция кылынышы күтүлүп жаткан согушкерлер арасында Кыргызстандын 23, Казакстандын 10, Түркмөнстандын 6 жана Россиянын 99 жараны бар.

Өткөн аптада Түркиянын ички  иштер министри Сулайман Сойлу “Ислам мамлекети” уюмуна мүчө болгондукта айыпталып камактарда жаткан 956 адам 11-ноябрдан баштап мекенине экстрадиция кылынышын билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында  аялдар жана балдардан турган 156 өзбекстандык «Мехр» гуманитардык операциясынын алкагында атайын авиарейс менен Жакынкы Чыгыштан Ташкентке алынып келинген. ​

10-октябрда болсо Өзбекстанга Ирактан 64 бала алынып келинген.

Учурда Сирия жана Ирактын аймагында калган же 2011-жылы – Сирияда согуш башталгандан кийин ал жакка, кийинчерээк Иракка барган өзбекстандыктардын так саны белгилүү эмес.

АКШдагы “Soufan Group”тун божомолунда, 2016-жылдын май айына чейин Ирак жана Сирияга кеминде бир жарым миң өзбекстандык барган, Борбор Азиядан баргандардын саны болсо 4 миң 200 адам.

Комментарий: Шамда согуш башталганда АКШ дүйнөдөгү мусулмандарга Түркия аркылуу Сирияга корридор ачып берген эле. Эми Түркия аркылуу аларды өз мекенине кайтармакчы болууда!

Эл аралык саясат Сирияда, Ислам жана мусулмандарга карата зулумдар болуп жатканы тартылган видематериалдарды таратып, мусулмандардын туйгуларын козгоо менен бир катарда, ар бир мамлекеттен “Ислам мамлекети” уюмуна адам жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон атайын чөйрөлөрдү пайда кылды. Аларды жергиликтүү акимдер жардамында жашыруун түрдө коргоду. Исламий мамлекеттер өз өлкөсүнөн чыгып бара жаткан мусулмандар агымына көз жумуп, аларды эл аралык саясаттын ыктыярына тапшырып коюшту. Түркия болсо дүйнө жүзүнөн агылып келип жаткан мужахид мусулмандарды Сирияга өткөрүп турду.

Бүгүнкү күндө Сириядагы кырдаал өзгөрүп, АКШ ал жердеги мужахиддердин кармалгандарын үй-бүлөлөрү менен дагы кайрадан Түркия аркылуу өз мекенине кайтармакчы болууда. Калгандарын кырып жиберүү максатында АКШ аскерлери Сирияга бастырып кирип барууда. Үйлөрүнө кайтып жаткандарын да өз мекенинде абактар, кордоо жана динден алыстатуу иштери (концлагерлер) күтүп турат.

Биз мусулмандар эл аралык саясатка жана кырдаалдарга туура баа бере албай, өтө чоң каталарды кетирип жатабыз. Дүйнөдө жүз берип жаткан ар бир аскерий, экономикалык, сакафий аракеттер артында жетекчи мамлекеттердин ар түрдүү максаттары жатат. Мына ушул саясий аң-сезимден келип чыгып аткарылбаган ар бир аракетибиз аянычтуу абалдарга алып бара берет!

Абдураззак Муъмин.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here