Кыргызстандын жараны Москвада теракт уюштурууга аракет кылгандыкта айыпталып камакка алынды

333
0

Кыргызстандын жараны Москвада теракт уюштурууга аракет кылгандыкта айыпталып камакка алынды

Москвадагы Черемушкин сотунун чечими менен 30 жаштагы кыргызстандык Талант Онуров 2020-жылдын 1-январына чейин камакка алынды. Аны Тергөө комитети теракт уюштурууга даярдык көргөндүктө айыптап жатат. Тергөө комитетинин өкүлү Юлия Иванованын билдиришинче, Онуров айыбын моюнга алган.

Тергөө комитетинин өкүлү: “Тергөөнүн божомолу боюнча ал 2019-жылы сентябрда Кыргызстандан борбор калаага теракт уюштуруу максатында келген. Бир ай бою өзүнө шерик издеп, адабияттарды окуп, үйрөтүүчү видеолорду көрүп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого жер издеген”, – деди. Бирок, Онуров кайсы жерде терракт уюштурмакчы болгондугун ачыктабады.

Кыргызстандык жигит бул айып менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

ТАСС агенттиги   Онуров 1-ноябрда кармалганын жана ал радикалдык ислам тарапкери экендигин кабарлаган.

Комментарий:  Ага-ини Азимовдорго жалаа жабылгандыгы далилдер менен ачыкка чыккандыгына карабастан, алардын үстүнөн соттук жараян уланууда. Эми дагы бир кыргызстандык террорчулукта айыпталууда. Демек, Россия Кыргызстанга же Борбор Азияга карата кандайдыр бир саясий басым өткөрмөкчү болууда!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here