ШКУда Кытайдын таасири күчөп барууда

321
0

ШКУда Кытайдын таасири күчөп барууда

Кыргызстан менен Кытайдын чектеш аймактарына соода-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор ШКУ мамлекеттеринин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймак аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталат. Аны ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт.

Негизи, ШКУнун түзүлүү максаты – мүчө мамлекеттер ичине АКШнын таасири кирип келишинин алдын алуу эле. Анткени, 1996-жылдары АКШ Афганистанда талибандын бийликке келишине жолдорду ачып, аны геосаясий оюндарына колдонуучу пландарын ишке ашырып баштаган. АКШнын мындай саясаты андан ары Орто Азия жана Чыгыш Түркистан мусулмандарына жайылышы мүмкүн болчу. Ошондуктан, ага каршы Россия менен Кытай “Шанхай бештигин” түзүшкөн. Соңку жылдарга чейин уюм Орусиянын “агалыгы” астында иш алып барып келди. Бирок, кийинки беш жыл ичинде уюмда Кытайдын таасири күчөп кетти. Буга Орусиянын эл аралык абалдагы деңгээлинин, экономикасынын түшүп кетүүсү себеп болууда.

Кытай үчүн ШКУ “Бир алкак – бир жол” долбоорун ишке ашырууга жана Борбор Азияга карай таасирин жылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Мына ушул максатта, Кытай уюмдун саясий жана коопсуздук багытын экономикалык нукка буруп жатат. Буга жогорудагы өкмөт башчынын сунушу жана президенттин темир жол куруу долбоорун тезирээк ишке ашыруу дымагы ачык мисал боло алат.

Жогорудагылардан маалым болгондой, ШКУ уюмунда Кытай “агалык” ролду Россиядан тартып ала баштады. Ал уюмдун коопсуздук багытын  “Шинжаң маселесин” жөнгө салууга пайдаланып, Борбор Азия өлкөлөрүн экономикалык жактан барымтага алуу менен өз саясатын колдой турган жүгүртөктөргө айлантып койду.

Мусулмандар Кытайдын мындай чеңгелинен өз Исламына кайтуу менен гана кутула алат. Муну кафир колонизаторлор менен алардын малайлары болгон биздин акимдер жакшы билишет. Ошондуктан, алар “экстремизмге каршы күрөшүү” шылтоолору артында Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштү тынымсыз улантууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here