Эй кылмышкер Сисий! Саясий Ислам – тартипсиздиктердин себепчиси эмес, мусулмандардын проблемаларынын чечими!

303
0

Эй кылмышкер Сисий! Саясий Ислам тартипсиздиктердин себепчиси эмес, мусулмандардын проблемаларынын чечими!

«Ал-Жазира нет» сайтында хижрий 1441-жылы 25-мухаррам, миладий 2019-жылы 24-сентябрь күнү жарыяланган кабарда мындай делет:

«АКШ президенти Дональд Трамп Мисирдеги демонстрацияларга түшүндүрмө берип мындай деди: «Бул бардык мамлекеттерде болуп жаткан абал», о.э. «Мисирдин урматтоого татыктуу ажайып жетекчиси бар» деп баса белгиледи.

Өз кезегинде, Мисир президенти: «Саясий ислам региондогу тартипсиздиктерге себеп болууда», – деди. Сисий: «Мисирдеги коомдук пикир саясий исламий жамааттардын бийликке келишине макул болбоду, бул жамааттар турганда региондун туруксуздугу сакталып калат», – деп кошумчалады».

Роя гезити:

Эл аралык проблемаларды чечүүдө саясий жактан да, түзүм жагынан да Американын аракети оңунан чыкпады, Мисир жана Сирия сыяктуу ага көз каранды мамлекеттерде туруктуулук орното албады. Акыбетте, бул акыйкат Трамптын алдында бир вариантты гана калтырууда, ал – ага көз карандыларды «камчылоо» саясаты. Америка Сисий жана Башар сыңары диктаторлорго өз элиңе каршы мен менен бол деген вариантты калтырууда. Сисий Кинана калкын бастырып, Башар Шам калкын кыргын кылып жатат… Эгер, бул вазыйпаны аткарууда ийгиликсиздикке туш болушса, Америка алардын ордуна башка малайларды алып келүүгө өтүүдө… Жаңы малайлар да адамдардын проблемаларын чечүүгө убадаларды берип, өзүлөрүн Умматтын бир бөлүгү жана кызматкери катары көрсөтүшүүдө. Ал эми, алардын бул былыктары ачылып калганда зулум-зомбулук жолуна өтүшүүдө… Зомбулук аркылуу элди бастыра албай калса, Америка аларды да башка малайга алмаштырууда… абал ушундай тегеренип жатат.

Бул колонизатор мамлекет Ислам Умматы өз каталарынан сабак алганын, эми, ал зулумдарга ыраазы болуп артка таптакыр кайтпоого чечим кылганын түшүнбөй жатат. Умматтын бул чечимине мисалдар көп, маселен, жакында Тунисте болуп өткөн президенттик шайлоодо саясий партиялардын жыйыны, бул тарапта Алжир калкы шайлоо оюнуна макул болбой, армия тарабынан козголоңдун жөнгө салынышын чет кагышы. Бул жана башка мисалдар ушуну көрсөтүүдө, эми, Умматтын бир тешиктен эки жолу чактырышы оңой болбойт, бул үчүн Умматка каршы тил бириктирүүчүлөр катуу аракет кылуусуна туура келет. Бүгүн Батыш дүйнөсү, негизинен, АКШ цивилизация жаатында ийгиликсиздикке жана экономикалык кризиске жүз тутуп жатканда, адамзат алдында бир гана чара калууда, ал – бардык кырсыктарга себеп болгон капитализм системасын алмаштырып, эл аралык кырдаалды күчтүү тарап андан башкалардын акысы алынганга чейин күчсүз болгон, күчсүз болсо, ага акысын алып берилмейинче күчтүү болгон кырдаалга өзгөртүү. Ал эми, бул үчүн калктар жашоо жолу жана башкаруу түзүмү катары Ислам системасын шексиз кабыл алуулары керек. Бул – дүйнөдөгү бардык мусулмандар кабыл алып, амал кылышы шарт болгон максат. Ошондуктан, Кинана армиясындагы калыс аскерийлер Мисир диктаторун кулатып, Хизб-ут-Тахрирге нусрат бериши кажет. Мына ошондо Расулуллах ﷺ башарат кылгандай, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык тикеленет.

Роя гезити, №254, 2019жыл, 2-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here