Лукашенко ЕАЭБде СССРдин тажрыйбасынан пайдаланууга чакырды

337
0

Лукашенко ЕАЭБде СССРдин тажрыйбасынан пайдаланууга чакырды

Белорусиянын президенти Александр Лукашенконун пикиринде, Евразия Экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер интеграциялашуунун алкагында өздөрү бир убакта курамында болгон СССРдин тажрыйбасынан пайдаланышы керек.

Ал мындай пикирин 24-25-октябрь күндөрү Нур-Султанга болуучу расмий сапарынын алдында Казакстандын “Хабар” мамлекеттик телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

 “Бир мамлекетте жашадык. Бизде өтө чоң тажрыйба бар, мына ошол пуйдубал болот. Бизде бирдиктүү тил бар, ортоктош нерселер көп. Бул жолду Европа биримдигине караганда тезирээк басып өтө алабыз”, – деди Белорусиянын президенти.

Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Евробиримдиктин каталарынан сабак алып, алардын катасын кайталабастыкка аракет кылышы керек.

 “Башкалардын каталарынан сабак алышыбыз керек. Тезирээк аракеттене алабыз, себеби, тажрыйбабыз көбүрөөк. Биз Советтер Союзунда жашаганбыз. Анда болсо өтө жакын интеграциялашуу бар эле. Аны жок кылуунун кереги жок. Жок болгон нерселерди кайрадан тикелешибиз керек. Мунун үстүндө иштешибиз керек”, – деп тыянактады Лукашенко.

 Комментарий: Россиянын ЕАЭБди түзүүдөн көздөгөн максаты да ушул нерсе болчу. Ал мурдагы СССРдин курамында болгон “эгемендүү” мамлекеттердин үстүнөн көзөмөлүн күчөтүүнү, аларды экономикалык жактан өзүнө байлап алып, Батышка өтпөй калган товарлары үчүн базар ачууну максат кылган. А бирок, Россия мындай уюмду түзүү демилгесин көтөрүүнү Казакстандын президенти Нусултан Назарбаевге жүктөдү жана Назарбаев 1994-жылы ЕАЭБ түзүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Назарбаев ЕАЭБди түзүү демилгесин көтөрүп чыкканда: “Кудайдын өзү бири-бирибизге, мурдагы СССР мамлекеттерине өз ара ишеничти жүктөдү. Бизди аягына чейин бөлүп таштоону, баарыбызды алсыратууну каалоочу, өз ара жаңжал жана душмандык үрөнүн себүүчү күчтөр бар экендигин көрүп турабыз. Мындан элге гана жаман болот. Мына караңыздар, көптөгөн кылымдар мамлекеттүүлүккө ээ болгон Батыш Европа мамлекеттери биригүүдө… Биз да, мурдагы СССР республикалары тарых жана тагдырыбыз боюнча биригүүгө даярбыз. Мен көптөн бери бажы тоскоолдуктарын алып таштоону, чек аралар ачылышын сунуштап келем”, – деген эле. (А бирок, Лукашенко да, Назарбаев да социалисттик мамлекет болгон СССР кайра тикеленбестигин жакшы билишет. Ал тургай, ал мамлекетти ушулар өз колу менен кулатышкан. Бүгүнкү күндө болсо мындан – малайлыктарын жашырып – элдин туйгусун козгоо үчүн гана пайдаланышууда).

Ельциндин тушундагы экономикалык жана саясий алсыздык о.э. биринчи жана экинчи Чеченстан согушу бул долбоорду  бир топ жылга кечиктирди. Россияда бир катар теракттарды уюштуруу аркылуу бийликке келген Путин режимиинин алгачкы жылдарында дүйнөлүк базарда мунайдын баасы көтөрүлүп кетиши, сырьёну экспорттоого негизделип калган орус экономикасын бир топ бутка тургузду. Ошентип, 2015-жылы ЕАЭБ түзүлүп, “Экинчи СССР”ди түзүү жолундагы алгачкы кадам ташталды.  Россия бул уюм болгону экономикалык биримдик экендигин айтып келишине карабастан, мунун артында узак мөөнөттүү саясий кызыкчылыктар жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here