Элчи Түркиядан “Ыйман” фондуна 5 млн. доллар сурады

284
0

Элчи Түркиядан “Ыйман” фондуна 5 млн. доллар сурады

 Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда Түркиядан Кыргызстандагы «Ыйман» фондусу үчүн 5 млн. АКШ долларын сурады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

 Бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнүүчү түрк грантынын экинчи траншы болуп эсептелет.

 ЭлчиЭлчи Кубанычбек Өмүралиевдин билдиришинче, 2015-2019-жылдарга түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн. доллар имамдарды окутууга, алардын билими менен дараметин көтөрүүгө, стипендияларга, Insan.KG аттуу маалыматтык порталды түзүү сыяктуу долбоорлорго кеткен.

 Өмүралиев менен Али Эрбаш 10-октябрда жолугушкан. Анда Али Эрбаш элчи сураган каражат Түркиянын Тышкы иштер министрлиги менен кеңешип жана президент бекиткенден кийин чечилерин белгилеген.

Комментарий: 2010-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама конгрессте сүйлөгөн сөзүндө: “Биз эми исламий өлкөлөрдө аскерлерибиздин өмүрүн коркунучка дуушар кылбайбыз. Эми исламий өлкөлөр өз мамлекетиндеги “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы өздөрү аракет кылышат. Биз болгону аларга жардам берип турабыз”, – деген эле.

Колонизатор куфр түзүмү Ислам жана мусулмандарды аскерий же идеологиялык жактан жеңе албастыгын түшүнгөн соң, адаштыруучу жаңы стратегия иштеп чыкты. АКШнын жаңы стратегиясында Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө “балта сапты өзүнөн чыгаруу” жана мусулмандарды “радикал”, “экстремист”, “террорист” жана “мээлүүн” топторго бөлүү аркылуу биригүүсүнүн алдын алуу о.э. мусулмандар арасында тынымсыз келишпестиктерди пайда кылуу пландаштырылган.

 Бүгүнкү күндө исламий өлкөлөргө тыгыштырылып жаткан “Мээлүүн ислам” долбоору куфрдун адаштыруучу долбоорлорунан болуп, бул долбоор исламий өлкөлөрдө калыптанып бара жаткан исламий идеологияга каршы күрөштө бийлик өкүлдөрүн, коопсуздук кызматтарын, исламий аалымдарды, исламий жамааттарды, муфтиятты, имамдарды жана коомдук ишмерлерди өзүнө тартуу негизине курулган. Бул күрөштө колонизаторлор негизинен “мээлүүн исламчыларды” колдоого көңүл бурушуп, алар аркылуу коомчулукту өз таасири астына алууга умтулушат.

 Аталган долбоорго ылайык, 2014-жылы Кыргызстанда “Ыйман” фонду түзүлдү. Колонизатор мамлекеттер жана алардын малайлары каржылап жаткан “Ыйман” фонду Кыргызстанда имамдар үчүн окуу курстарын уюштурду о.э. аларды атестациядан өткөрүү шылтоосу менен куфр долбоорлоруна ыктаган имамдарды терип алып, аларга атайын стипендияларды төлөй баштады. Мындан тышкары, “Ыйман” фонду Кыргызстандагы күч түзүмдөрү үчүн атайын семинарларды уюштуруп, аларга Ислам жана мусулмандарга каршы куфр долбоору боюнча күрөшүүнү үйрөтүп келет.

“Ыйман” фонду жана өзүн исламий уюм катары көрсөтүп жаткан ушул сыяктуу уюмдар Батыш мамлекеттеринин колундагы куралдар болуп эсептелишет. Башкача айтканда, алар куфрга Ислам тонун кийгизип, аны Исламга ылайыкташтырып берүүгө аракет кылышат. Куфрдун ачык күрөшүнө караганда, алардын зыяны көбүрөөк. Ошол себептен да колонизатор мамлекеттер аларды каржылоого сараңдык кылышпайт. Биз мусулмандар бул сыяктуу уюмдардын фитналарынан сак болуп, алардын айла-амалына алданып калбашыбыз керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here