ЭКИ ХАРАМ ӨЛКӨСҮ АКШ АСКЕРИЙ БАЗАСЫНА АЙЛАНУУДА

353
0

Эки харам өлкөсү АКШ аскерий базасына айланууда

Пентагон Саудияга кошумча АКШ аскерлери жөнөткөнүн ырастады. Ошондой эле, Саудияга АКШ аскерлери менен бирге учактар, Patriot жана THAAD системалары, аскерий техникалар жайгаштырылат. Мындан мурун, сентябрь айында Саудияга 3 миң АКШ аскерлери жана офицерлери жөнөтүлгөн. Ошентип, АКШ куралдуу күчтөрүнүн бул региондогу саны 14 миң адамга жетти.

АКШ Мамлекеттик департаментинин Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук бул аскерлердин вазыйпасы Сауд Арабияны Ирандын чабуулунан коргоо экенин билдирди. Ал эми, АКШ президенти Трамп бул тууралуу мындай билдирүү берди: «Биз Сауд Арабияга кошумча күчтөрдү жөнөтүп жатабыз. Менин сунушум менен Сауд Арабия биз аларга жардам берип жаткан бардык нерсеге акча төлөөгө макул болушту». (РИА, 12.10.19).

Бул кабарларды угуп, ушунчалык төмөндүккө түшкөнүбүздү, аңкоо болуп калганыбызды түшүнөсүң. Негизи, Фарс булуңу регионундагы чыңалуунун автору – АКШ. Анын көрсөтмөсү менен, бир тараптан Саудия суннийлерди козгоп, экинчи тараптан, Иран шиаларды козгоп булуңда чыңалууну улам курчутуп бара жатышат. Бул чыңалуу АКШ пландаган сунний-шиа согушуна айланып кетиши да мүмкүн. Колу мусулмандардын канына бөлөнгөн кафирлердин аскерлерин мусулмандардын эки ыйык мечити жайгашкан өлкөгө алып келип, алар үчүн акча төлөшүбүз – төмөндүктүн жана аңкоолуктун эң чокусу. Ушинтип, өз элибиздин каны төгүлө турган жаңжалды өзүбүз каржылап, ал эми, бул жаңжалды пландаган кафирге сый-урмат көрөсөтүп жатабыз.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here