Махачкаладагы мектептерде хижаб кийген кыздарды каттоого алуу аракети

925
0

Махачкаладагы мектептерде хижаб кийген кыздарды каттоого алуу аракети

Дагестандын борборундагы эки гимназиянын жетекчилиги хижабдуу кыздар жөнүндө маалымат талап кылды. Бул тууралуу «КП – Северный Кавказ» (Ставрополь) кабарлады.

 Быйылкы окуу жылынын башында Махачкалада жайгашкан №13 жана № 15 гимназияда атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда окуучулардын социалдык абалы жөнүндө маалымат топтолот. Анкетада  майып балдар, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары же оор шартта жашаган окуучулар жөнүндөгү маалымат үчүн атайын пункттар бар. Ал эми ошолордун катарында белгиленген бир пункт ата-энелердин нааразылыгына себеп болду. Сурамжылоонун акыркы пунктунда: “Хижабдуу окуучу кыздар жөнүндө толук маалымат”, –  деп жазылган.

Буга  тынчсызданган ата-энелер мектеп жетекчилигине жана билим берүү министрлигине кайрылышкан.  Билим берүү министрлигинен: “Анкеталар мектепке жаңылыш кетип калган, эми мындай сурамжылоо ыкмасы колдонулбайт”, – деген расмий жооп келди.

Махачкала шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вадим Дибияевдин билдиришинче, окуучу кыздар исламий кийим кийгени үчүн алар жөнүндө маалымат топтоо туура эмес.

Вадим Дибияев бул окуяга комментарий берип: “Эч кандай абалда окуучуларга баа берүүдө “хижабду кыздар” пункту болушу мүмкүн эмес! Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан же билим берүү мекемелери тарабынан мындай сурамжылоо жүргүзүлүп, анкета толтурулушу мүмкүн эмес”, – деди.

Комментарий:

Бизге фарз кылынган исламий  кийим үчүн дүйнөлүк коомчулук бир күндү майрам кылып белгилеп койгон.  Дүйнө жүзүндө 1-февраль хижаб күнү катары белгиленет. Мындайда куфр дүйнөсү диний баалуулуктарыбызды шылдыңдагансып бүгүн 1 күндү хижаб күнү десе, кийинчерээк дагы бир күндү намаз майрамы кылып белгилеп бербесе болгону. Бул нерселер исламий үммөттү шылдыңдоо эмеспи?

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров былтыр телеграмдагы баракчасында хижаб майрамына карата: “Менин үй-бүлөмдөгү бардык кыз-келиндер башына жоолук оронушат, аларды эч ким мажбурлаган жок,  өздөрү ушуну каалашкан. Менин билишимче, дүйнө жүзүндөгү бардык диндерде кыз-келиндер жоолук оронууга буюрулушкан. Бирок, кыз-келиндер жоолуксуз деле үлгү болушу мүмкүн. Мен жоолуксуз жүргөн көптөгөн кыз-келиндерди тааныйм”, – деген.

Өзүн мусулман эсептеген жетекчинин абалы ушул болгон соң,  кайрыдиндерден жакшылык күтүү акылсыздык болуп эсептелет.

Ислам жашоодон алыстаган сайын адамдар арасындагы чыныгы адамдык эрежелердин ордун айбандык эрежелер ээлеп барууда. Кылымдын чумасы сыяктуу жайылып жаткан бир жыныстуулардын никеси Европада  адаттагы эле көрүнүшкө айланган. Айрыкча Британияда бир жыныстуу никеге расмий түрдө уруксат берилген, көптөгөн социалдык эрежелер да мына ошол бузук адамдардын талабын эсепке алуу менен түзүлүүдө. Өткөн айда Англиядагы светофорлордогу жөө адамдар үчүн белгиленген жашыл түстүн ордуна трансгендерлердин белгиси орнотулду. Себеби, ошол тайпадагы адамдар өкмөттөн өздөрүнүн коомдогу ордун катуу талап кылышкан эле.

Ошентип, дүйнө жүзүнө кеңири жайылып жаткан куфр илдетине кеңири шарт түзүп беришүүдө. Ал эми Исламдын ар бир  көрүнүшү куфр дүйнөсүнүн басымына дуушар болууда. Куфр дүйнөсү Ислам баалуулуктарына каршы күрөшкөндө алгач карапайым калктын ошол долбоорго карата реакциясын текшерип көрөт. Ушул аркылуу шарияттын таасири канчалык экендигин белгилеп алат. Эгерде адамдар бул нерсени туура кабыл алышса, куфр дүйнөсү  миссионердик аракетин улантат. Эгерде адамдар, айрыкча мусулмандар нааразылык билдиришсе бул сыяктуу долбоорлор жокко чыгарылат. Өзбекстанда жүз берип жаткан хижабга жана эркектердин сакалына каршы аракеттер шек-күмөнсүз ири мамлекеттер тарабынан уюштурулган. Мындай ишке башка ири мамлекеттин нааразы болушу да табигый көрүнүш. А бирок, биз учурда үммөттү коргой турган бирер мамлекет же күч жок экендигин унутпайлы. Ар бир ири мамлекет өзүнүн кызыкчылыгы үчүн коргоп чыгымыш болот, негизи анын биз менен же биз көтөрүп жүргөн акыйда, идеология же диний баалуулуктарыбыз менен иши жок. Тескерисинче, алар эл аралык майданда кызыкчылык талашып, мусулмандардын диний ишениминен пайдаланышы мүмкүн.

Биздин бүгүнкүбүз, келечегибиз жана акыретибиз үчүн ыймандуу Халифа гана кайгырат. Андан башкасынын баарынын пикири бузук,  а бирок, алар сыртынан мээримдүү болуп көрүнүшөт. Болгону, алар чыныгы жүзүн маска артында жашырышат. Биз  алардын сырткы көрүнүшүнө таасирленип калбайлы. Ар кандай эл аралык уюмдар жана адам укугун коргоочулар куфрдун кызыкчылыгына гана иштейт.

Мунаввара Азиз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here