Азгырма бийлер жана кызыл-сары болгон чачтар: К-Рор жаштарга таасир этүүдө

722
0

Азгырма бийлер жана кызыл-сары болгон чачтар: К-Рор жаштарга таасир этүүдө

Батыш мамлекеттеринин демократиядан келип чыккан бузук көрүнүштөрдү жайганы жетишпей жаткансып, эми жаштарыбызга бул бузукулукту Корея да тарката баштады. Учурда айрым уул-кыздарыбыздын кореялык К-Рор ыр-бийлерге арбалып баратканы байкалууда. Какаганга муштагандай, улан-кыздарыбыз ыр жана бийлерине гана чектелип калбастан, корей ырчыларды кумир тутушуп,  алардын кийингендерин, баскан-тургандарын, кызыл-тазыл чач жасалгаларын да туурап жатышат. Мына ушундай чабуул алкагында, Түштүк Корея элчилиги биздин жаштарга үстүбүздөгү жылдын май айында К-Рор фестивалын да өткөрүп берди. Фестивалда корей ыр жана бийлерин жакшы аткарып берген адамга башкы байге – Сеулга жолдомо болду.

Мындай көрүнүштөр тушунда, «Эми булар жаштар да, биз дагы жаш кезибизде Батыш ырчыларынын кийимин туурап, кумир тутуп келгенбиз» – деген ата-энелерибиз да аз эмес. Урматтуу энелер! Тарбиянын башатында эне турат, перзенттерибиздин келечеги сиздердин колунуздарда! Ооба, куфр мамлекеттери бардык тарабыбыздан кирип келип, бизге бузукулугун жаюуда, бирок, биз буга каршы турушубуз керек. Жаштарыбыздын бузукулукка кирип кетпешине биринчи сиздер жардам бере аласыздар. Эй үй-бүлө куту болгон энелер! Сиздер муслима чоң энелерибиздин урпактарысыздар! Ал чоң энелерибиз сиздерге перзенттериңерди жарым-жылаңач бийлеткиле, эркек балдарыңар кызга окшошуп алсын деп тарбия берген эмес. Мына эми өзүңөр туура тарбиядан ооп кеткениңер аз келгенсип, келечек муунду дагы да бузугураак жолдон кантип асырап калуунун аргасын таппай олтурасыңар… Ошондуктан, эй энелер! Биз Ислам динибизди балдарыбызга жеткирүү менен,   Исламдагы чыныгы  үлгү тута турган адамдарды таанытуу менен  о.э. алардын баскан-турганын, кылган амалдарын үйрөтүү менен перзенттерибиздин туура жол тутуусуна жардам бере алабыз. Исламдагы өрнөк алып жашай турган биринчи адамыбыз – сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам). О.э. кыздарыбызга Хадижа энебиздей берешендикти, Айша энебиздей илимдүүлүктү жана Асия энебиздей сабырдуулукту  үйрөтсөк, туура тарбия берген болор элек.                      

    Мына ошондуктан, келечек жаштардыкы деп аларды бузук тарбияга таштап койбоңуздар. Келечек сиздердин колунуздарда, урматтуу энелер! 

Мукаддас

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here