Кытайда мечиттер жок кылынууда

621
0

Кытайда мечиттер жок кылынууда

Кытай бийлиги мечиттерди жок кылууну баштады. Бул тууралуу «Independent» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Хэнань, Ганьсу, Ички Монголия райондору жана Нинся-Хуэй автономиялык райондорунда мечиттерди талкалоо операциялары тастыкталган. Айрыкча, Линься шаарынын жанында жайгашкан, «Кытайдын чакан Меккеси» аталган аймактагы мечиттердин куполу, мунаралары жардырылып жатканы интернет булактарына чыгып кеткен. Ошондой эле, бийлик Юньань аймагындагы 3 мечитти жаптырып салган жана өлкө боюнча араб жазууларын колдонууга тыюу салган.

Эске салсак, 2017-жылдан баштап Кытай бийлиги уйгур, казак, кыргыз мусулмандарын «кайра тарбиялоо» лагерлерине камай баштаган. Жаңы мыйзам боюнча, сакал-мурут коюу, жоолук салынуу, «халал» терминин колдонуу, мамлекеттик телеканалды көрбөө, мусулман ысымдарды коюу жана мамлекеттик билим берүүдөн баш тартуу терроризмге мүнөздүү белгилер болуп саналат.

Ал эми эл аралык коомчулук Кытайдын бул аракеттерин бош сөздөр менен айыптап жаткан чакта, Кытай мындай кадамдарын “экстремизм”, “терроризмге” каршы күрөш деп атоодо. Демек, Ислам жана мусулмандардын коопсуздугун, укуктарын БУУ жана аны башкарган мамлекеттер коргоп берет деп үмүт кылуу чоң ката. Анткени, алардын саясий кызыкчылыктары бири-бирине каршы болгону менен Исламга каршы күрөштө бир фронтто турушат. Андыктан, мусулмандар буга окшогон кордуктан чыгуу үчүн Кутайба ибн Муслим сыяктуу жетекчилерди өстүрүп чыгууга жана Кытайды өз ийинине киргизе турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө шашылуусу керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here