Жээнбеков менен Путин региондогу коопсуздук маселелерин талкуулашты

321
0

Жээнбеков менен Путин региондогу коопсуздук маселелерин талкуулашты

 Президент Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда, Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Оренбург шарына учуп барды. Ушул эле күнү Россиянын  Оренбург облусундагы “Донгуз” полигонунда “Борбор-2019” аскерий стратегиялык командалык-штабдык машыгууларынын жыйынтыктоочу баскычы болуп өттү. Аталган иш-чаранын алкагында Кыргызстан жана Россиянын президенттери жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы, актуалдуу маселелери, анын ичинде региондогу коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Белгилүү болгондой, 16-сентябрда Баткен облусуна караштуу Лейлак районундагы Максат айылында кыргыз-тажик чек арачылары ок атышып, эки тараптан 4 адам каза болгон.

Тараптар бул окуяда бири-бирин айыптап чыгышты. Кыргыз тарап Тажикистан жарандары тактала элек аймакта курулуш иштерин баштаганы себептүү жаңжал чыкканын билдирген болсо, тажик тарап Кыргызстанды “тактала элек аймакта курулуш иштерин баштагандыкта” айыптады. Ал тургай Тажикистандын Тышкы иштер министрлиги талаштуу жерлерде курулуш иштерин баштаганы үчүн Кыргызстанга нааразылык нотасын тапшырды.

 Негизи, Тажикстан өкмөтү өз алдынча мынчалык деңгээлде агрессивдүү аракет кылышы мүмкүн эмес. Россия чек араларда тынымсыз жаңжал жана келишпестиктерди пайда кылуу менен өлкөнүн түштүгүндө дагы бир аскерий база ачууга шарт түзүп жаткан болушу мүмкүн.

 Мындан тышкары, орус бийлиги Афганистан коркунучун көбүртүп көрсөтүү менен Орто Азиядагы аскерий аралашуусун күчөтүүгө аракет кылууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here