Укук коргоочу Ильмир Имаев Аллахтын алдына сапар алды

543
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Укук коргоочу Ильмир Имаев Аллахтын алдына сапар алды

2019-жылы 17-августта мусулмандардын укуктарын коргогон азиз боордошубуз Ильмир Имаев каза болду. Анын өлүмү, өзгөчө, Россия жана Украина мусулмандары үчүн чоң жоготуу болду. Себеби, ал мусулмандардын укуктарын коргоп, ал тургай, өмүрүнүн акыркы саатына чейин мусулмандардын репрессияга тартылышына жана куугукталышына каршы турду.

Ильмир Имаев Анасович 1951-жылы Советтер Союзунун курамында болгон Казакстандын Петропаловск шаарында туулган. Ал орто мектепти бүтүрүп, Ташкенттин Янги-Йул шаарындагы гезиттеринде биринде сүрөтчү, кийин кабарчы болуп иштеди. Зулум жөнүндө макалаларды жазды. 1998-жылы үй-бүлөсү менен түпкү мекени Татарстанга кайтты жана Казань шаарында жашады.

2014-жылы декабрда Ильмир Имавев үч жылга эркинен ажыратылды жана камакта Аллахка даъват кылууну улантканы үчүн жаза мөөнөтүнүн көпчүлүгүн өзүнчө камерада өткөрдү. 2017-жылы июлда камактан чыккандан кийин Имаевге аракетин чектөө менен үч жылга өкүм чыгарылды жана бул нерсе аны Украинага кетүүгө мажбур кылды. Украинада тогуттардын башкаруусу астындагы өлкөлөрдөн келген мусулмандардын укуктарын коргоону улантты. Украина мусулмандарына юридикалык кеңештерди берүү жана сотко арыз тапшырууда көп жардам көрсөттү. Тааныштары ал үйүндө өтө аз болорун айтышат. Чынында, Ильмир боордошубуз убагын, малын жана ден соолугун мусулмандарды коргоо үчүн курман кылды, тынч жашоодон баш тартты.

Имаев Украинада анын жардамына муктаж бардык мусулмандарга – улутуна, мазхабына же өлкөсүнө карабастан – жардам берди. Ар дайым кеңеш же сотко арыз тапшыруу боюнча жардам керек болсо, шашып барчу. Жада калса, ал өмүрүнүн акыркы сааттарында да блогер боордошубуз Махмуд Абдулмумин Холдаровго сот жана арыз иштерине жардам көрсөттү… Холдаровду Кыргызстанга экстрадиция кылбоо үчүн болгон күчүн жумшады.

Аллах Субханахуга дуа кылып, Ильмир Имаев боордошубуздун бардык кайраттуу аракеттерин кабыл алышын, кыяматта солихтер менен бирге кылышын сурайбыз.

Роя гезити, №250, 2019-жыл, 4-сентябр.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here