Мусулман өлкөлөрүнүн акимдери Умматка бүтүндөй карама-каршы позицияны карманышкан

478
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мусулман өлкөлөрүнүн акимдери Умматка бүтүндөй карама-каршы позицияны карманышкан

Бириккен Араб Амирликтеринин Индия канкору Модини төш белгиле менен сыйлашы артынан мусулмандардын ачуусу дагы да күчөгөнүнө карабастан, Пакистан тышкы иштер министри: «Эл аралык мамилелер диний туйгудан үстөм турат», – деп билдирүү берди. Ушул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:

«Бүгүн мусулман акимдери Умматка бүтүндөй тескери иш алып барууда. Себеби, Уммат басып алынган Кашмирде, Фалестинде, Мьянмада, же Чыгыш Түркстанда болобу, дүйнөнүн бардык жайында мазлум болуп кыйналууда. Шек-күмөнсүз, Уммат өзүнүн улуу динин азуу тиштери менен бекем кармаганы үчүн бүткүл дүйнө ага ушул назар менен кароодо. Уммат акимдери болсо, аларды өз дининен айруу үчүн бар күчүн жумшоодо. О.э. акимдер мусулмандар өз душмандарынан экономикалык жактан пайдалануу үчүн мазлум боордошторунан баш тартуулары лазым дешүүдө. Бул душмандар Америка, Индия, яхудий вужуду же Кытай болушунун айырмасы жок. Бирок, акыйкат ушул – акимдер өздөрүнүн жеке байлыктарын көбөйтүү гана аракетинде. Алар душманга малай болуп Умматтын үлкөн байлыктарын уурдашууда. Ошол эле учурда, Уммат ырайымды билбеген капиталисттик түзүмдүн көлөкөсүндө эзилүүдө…».

Билдирүүнүн соңунда Пакистан мусулмандарына мындай кайрылуу жасалды:

«Аныгында, Пакистан акимдери Кашмирдеги басып алынган исламий өлкөнү азат кылуу үчүн Пакистан армиясындагы мыкты күчтөрдү даярдоо лазым деген күчтүү жана мабдаий талабыбыздын басымы астында калды. Ошондуктан, алар коргонуу позициясын карманып, актанган билдирүүлөрдү беришүүдө. Бирок, бул алардын алсыздыгын тастыктоодо. Ошондуктан, ар бирибиз Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүнү жүзөгө чыгаруу үчүн аракет кылышыбыз керек. Өзүбүздөн болгон, биз да алардан болгон, биз аларды жакшы көргөн, алар да бизди жакшы көргөн, бизди азиздик жана жеңишке жетектеген, натыйжада Аллах бизден ыраазы болгон акимдерди тикелейли. Мусулман армияларын мазлум мусулмандарды азат кылуу үчүн жетектей турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен бирге болгула…».

Роя гезити, №250, 2019-жыл, 4-сентябр.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here